Постановление правительства КР от 26 ноября 2008 года № 649 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании грантового проекта «Наращивание потенциала в области экономического управления» (грант MAP № H388-KG) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития, подписанного 22 сентября 2008 года в городе Бишкек»
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 649 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын ортосундагы "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорун (Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын гранты N Н388-КG) каржылоо тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына жана "КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-сынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, КыргызРеспубликасы менен Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын ортосундагы"Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" (Өнүгүүнүн Эл ара-лык Ассоциациясынын гранты N Н388-КG) гранттык долбоорун каржылоо туу-ралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрибул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын ортосундагы "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоорун (Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын гранты N Н388-КG) каржылоо тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-статья. 2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, КыргызРеспубликасы менен Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын ортосундагы"Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоору(Өнүгүүнүн Эл аралык Ассоциациясынын гранты N Н388-КG) каржылоо туура-луу Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти