Постановление Жогорку Кенеша КР от 4 марта 2015 года № 4858-V «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики«(в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики»О государственной налоговой службе Кыргызской Республики«,»О защите прав предпринимателей«,»О государственной поддержке малого предпринимательства«,»О Социальном фонде Кыргызской Республики«,»О бухгалтерском учете«,»О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)«,»О государственной статистике«,»Об акционерных обществах«,»О хозяйственных товариществах и обществах«)»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 4858-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө", "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Бухгалтердик эсеп жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.Н.Измалкова, У.Т.Кочкоров, Ш.Ч.Айтматова жана М.Б.Тленчиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө", "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Бухгалтердик эсеп жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |