ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года №585 «О запрете выполнения пассажирских перевозок на воздушных судах Ан-24, зарегистрированных в Кыргызской Республике»

Редакцияот 23.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры №585

Кыргыз Республикасында катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууга тыюу салуу жөнүндө

Аба кодексинин 33-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында катталган жарандык авиациянын аба кемелеринин учууларын сертификаттоону, лицензиялоону жана коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлдөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин 6-бөлүгүнө (КРАЭ - 6. Аба кемелерин пайдалануу) ылайык учуулардын коопсуздугунун деңгээлин көтөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринде катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууларды аткарууга, Бишкек-Исфана-Бишкек, Бишкек-Баткен-Бишкек жана Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек маршруттарын кошпогондо, 2011-жылдын 1-октябрынан баштап, ал эми 2012-жылдын 1-январынан баштап бардык аба линияларында тыюу салынсын.

2. Кыргыз Республикасында катталган авиакомпанияларга жергиликтүү аба линиялары боюнча рейстерди толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.

3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына максималдуу учуу массасы 50 тоннага чейин болгон абдан заманбап жана оор аба кемелерин кабыл алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

А.Атамбаев