Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 297
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
"Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңеш түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңештин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин ("Таза Коом") башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)