Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 310
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь, Кароол жана Төрт-Көл айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл аймагынын, Зергер айыл аймагынын, Ийри-Суу айыл аймагынын, Жалпак-Таш айыл аймагынын, Кара-Таш айыл аймагынын, Алтын-Булак айыл аймагынын, Көлдүк айыл аймагынын жана Ак-Жар айыл аймагынын жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан тургундарын көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 256-б, 255-б жана 257-б буйруктарын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык болгон 208,5 га жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун, анын ичинен:
- Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан 69,8 га сугат айдоо (106, 106-1,105 жана 167-контурлар), 24,6 кайрак айдоо (110, 1225 жана 109-контурлар) жана 10,7 га чабынды;
- Кароол айыл аймагында жайгашкан 39,6 га сугат айдоо (289 жана 281-контурлар) жана 20,0 га кайрак айдоо (879-контур);
- Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан 43,8 га кайрак айдоо (884, 881, 879, 887-контурлар).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |