Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 31-июлу № 257
Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө
(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 53, 2012-жылдын 8-майындагы № 49, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 48, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 164, 2015-жылдын 17-июнундагы № 133, 2015-жылдын 30-июлундагы № 205, 2016-жылдын 18-июлундагы № 119, 2017-жылдын 18-январындагы № 3, 2017-жылдын 14-октябрындагы № 174, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 7-мартындагы № 33, 2019-жылдын 26-мартындагы № 38, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 , 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 , 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди коргоого багытталган.
1-берене.
Айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилсин.
Мораторий төмөнкү сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт:
1) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге;
2) көрүстөнгө бөлүнгөн жерлерге;
3) жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
4) аскердик, чек аралык объекттерди жана заставаларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
5) чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана 110 кВдан 500 кВга чейинки чыңалуудагы жогорку вольттуу электр чубалгыларды, 110 кВдан 500 кВга чейинки көмөк чордондорду курууга бөлүнгөн жерлерге;
6) газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге;
7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларды курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоп-түзөөгө бөлүнүүчү жерлерге, ошондой эле жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды курууда зарыл болгон инерттүү материалдарды казып алуу үчүн арналган жерлерге;
8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, саркынды сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу жана суу чарба курулмаларынын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;
9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге;
10) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында бөлүнгөн жерлерге;
11) Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым чек арага жакын аймактарынын жерлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) үчүн бөлүнгөн жерлерге. Ушул чек арага жакын аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлөт;
12) жер мунапысына туура келген жер участокторуна;
121) көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүчү жерлерге;";
122) шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерге. Шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерди которуунун (трансформациялоонун) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
13) (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууга бөлүнүүчү жерлерге.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер жерлердин башка категорияларына которулушу же башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерге, жерлердин түрлөрүнө которууга жол берилбейт.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жер участокторун которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары бар жер участокторуна;
2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербеген жер участокторуна;
3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна;
4) сот, ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилген жер участокторуна.
(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 53, 2012-жылдын 8-майындагы № 49, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 48, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 164, 2015-жылдын 17-июнундагы № 133, 2015-жылдын 30-июлундагы № 205, 2016-жылдын 18-июлундагы № 119, 2017-жылдын 18-январындагы № 3, 2017-жылдын 14-октябрындагы № 174, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 7-мартындагы № 33, 2019-жылдын 26-мартындагы № 38, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 , 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- айдоо сугат жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которууну убактылуу токтотсун;
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылык принцибин камсыз кылуу максатында айыл чарба багытындагы өзгөчө баалуу жерлерди жарактуу жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуунун жол-жобосун так аныктоочу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |