Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 292
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. II главада:
1) II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар".
2. 7-беренеде:
1) 7-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруунун тартиби";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Чарба жүргүзүүчү субъект "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган аныктама менен түшүндүрүлөт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|