Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 609
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Контролдук баалардын минималдык деңгээли монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген арыздарга ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга белгиленет. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлардын тизмесин (мындан ары - Тизме) жүргүзөт.
Контролдук баалардын минималдык деңгээли тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 10 орундуу цифралык кодуна ээ болгон товарларга карата белгиленет (мындан ары - ЕАЭБдин ТЭИ ТН). ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду өзгөртүлгөн учурда, арызда жана Тизмеде ЕАЭБдин ТЭИ ТНнын мурда колдонулган коду жана жаңы кабыл алынган коду көрсөтүлөт.
Ташып келинген товар үчүн эсептөөдө колдонулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык, салык төлөөчү тарабынан импорттолгон товарлар эсепке алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоодо товардын өлчөө бирдиги ЕАЭБ ТЭИ ТНна ылайык көрсөтүлөт.";
- 5-пункттагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
- ЕАЭБдин ТЭИ ТН кодун көрсөтүү менен, контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө зарыл болгон товардын аталышын;
- контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуунун жана Тизмеге киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө менен контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмүн;
- реквизиттерин, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдын тармактык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган товарга дүң жана чекене баалар жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен товардын импортеру жана ата мекендик өндүрүүчүлөрү жөнүндө маалыматты;
2) бизнес-ассоциациялар жана салык төлөөчүлөр арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
- ЕАЭБдин ТЭИ ТН кодун көрсөтүү менен, контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө зарыл болгон товардын аталышын;
- колдонулуудагы чекене баа, ошондой эле импортерлордун жана өндүрүүчүлөрдүн дүң бааларын;
- жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык импорттолуучу товарлардын баасын;
- контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуунун жана Тизмеге киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө менен контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмүн.
Берилген маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тартышат.";
- 9-пунктта:
биринчи абзацындагы "үч" деген сөз "жети" деген сөзгө, "товарларга карата баалар боюнча" деген сөздөр "товарларга дүң жана чекене баалар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) товарларга баалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды саткан импортерлор жана ата-мекендик өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматка ээ болгон башка мамлекеттик органдарга.";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Мында суроо-талап арыз берүүчүгө жөнөтүлбөйт.";
- 10-пунктундагы "үч" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Алынган маалыматтардын негизинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акыркы жазуу жүзүндөгү жоопту алган күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде эсептөөлөрдү жүргүзөт, товарга контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилейт жана ушул Тартипке ылайык товарларды Тизмеге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Товарга контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү төмөнкү учурда аныкталат:
- дүң баалар жөнүндө маалыматтар жок болгондо, товарга орточо арифметикалык чекене баанын негизинде, алынган жыйынтыкты 20 пайызга азайтуу менен төмөнкүдөй формула боюнча:
Сц - (Сц * 20%) = контролдук баалардын минималдык деңгээли,
мында:
Сц - орточо арифметикалык чекене баа;
- чекене жана дүң баалардын негизинде төмөнкүдөй формула боюнча:
(Сц- (Сц * 20%) + Со) / 2 = контролдук баалардын минималдык деңгээли,
мында:
Сц - орточо арифметикалык чекене баа;
Со - орточо арифметикалык дүң баа.";
- 14-пунктта:
биринчи абзацындагы "монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү мониторингдин жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр "арыз берүүчүлөрдөн алынган, жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Импортерлордон жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн товарга баалар жөнүндө маалымат жок болгондо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чекене соода тармактарында товарга баалар жөнүндө маалыматты суратып алууга укуктуу.";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Арыз берүүчүнүн арызында көрсөтүлгөн контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмү менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүндө айырмалар болгон учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашуу кеңешмесин өткөрөт, анын жыйынтыгы боюнча коллегиялык чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Макулдашуу кеңешмесине контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө жөнүндө арызы менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү, бизнес ассоциациялардын жана/же мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле зарыл болгон учурда ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган, дарегине суроо-талап жөнөтүлгөн жактар катышат.
Материалдар макулдашуу кеңешмесинде каралган учурда контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө боюнча чечимди кабыл алуу мөөнөтү үч жумуш күнүнө узартылат.";
- 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главанын аталышындагы "жана/же толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пунктундагы "жана/же толуктоолор" деген сөздөр алып салынсын;
- 24-пунктунда:
биринчи абзацындагы "жана/же толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган маалыматты эске алуу менен түзүлгөн Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө.
Сунушталган маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү, бизнес-ассоциациялардын жана/же мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тартышат.";
- 26 жана 27-пункттарындагы "үч" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырылсын, "жана/же толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
- 28-пунктунда:
"чечим" деген сөздөн кийин "жөнөкөй көпчүлүк добуш менен" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Макулдашуу кеңешмесине Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү, бизнес ассоциациялардын жана/же мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле зарыл болгон учурда ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган, дарегине суроо-талап жөнөтүлгөн жактар катышат.
Материалдарды макулдашуу кеңешмесинде кароо зарыл болгон учурда Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алуу мөөнөтү үч жумуш күнүнө узартылат.";
- 29-пунктундагы "жана/же толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |