Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 83
"2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жогоруда аталган Протоколдун ишке ашырылышы үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Жогоруда аталган Протоколдун алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 83 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Протокол 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууда (мындан ары - Макулдашуу) белгиленген өлчөмдөрдөн иш жүзүндө ээлеген аянттардын ашып кетишинин аныкталышына байланыштуу 2016 жана 2017-жылдары россиялык тарап менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн россиялык тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.
Макулдашууга ылайык россиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Аталган инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча аянт 924,52 гектарды түздү, мында россиялык тарап иш жүзүндө аянты Макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер участокторун пайдаланууда.
Ошону менен бирге россиялык тараптын жер участокторун жана акваториянын участогун пайдалануусу үчүн жыл сайын төлөнүүчү ижара акысы 4502495 АКШ долларына эквиваленттүү сумманы түзөт. Протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин сумма 4794095 АКШ долларын түзөт.
Мындан тышкары Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Россия Федерациясы иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысынын суммасын Кыргыз Республикасына 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.
Учуп-конуу тилкеси (мындан ары - УКТ) боюнча 2003-жылы тиешелүү эл аралык келишимге кол коюлганына байланыштуу "Кант" аэродромунун УКТсы россиялык тарапка убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилгенин белгилей кетүү керек.
Азыркы учурда УКТны капиталдык оңдоо, ошондой эле айрым конструктивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынууда, бул олуттуу капиталдык салымдарды талап кылат.
Ошондой эле "Кант" аэродромунда республиканын түштүгүнө жүктөрдү жана өздүк курамды ташуу үчүн учууларды үзгүлтүксүз аткаруучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аба кемелери жайгаштырылган. Мындан тышкары "Кант" аэродрому "Манас" эл аралык аэропорту үчүн запастык аэродром болуп саналат, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы россиялык тараптын каражаттарынын эсебинен УКТны жана аэродромдук зонанын башка объекттерин оңдоого кызыкдар.
Муну менен бирге колдонуудагы Макулдашуунун негизинде УЧТ реконструкцияланган учурда менчик укугу россиялык тарапка өтөт. Мында Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча киргизилген бөлүп кароого болбогон жакшыртууларга менчик укугун өткөрүп бербестен, акча каражаттары бөлүп берилбейт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан 2012-жылдагы Макулдашуунун 6-беренесинин 10-пунктуна киргизилүүчү Макулдашуунун колдонулушу аяктагандан кийин бул объекттерди кыргыз тарапка кайтарууну караган өзгөртүүлөр даярдалды. Мындан тышкары УКТ объекттери биргелешип пайдаланылуучу объекттердин тизмесине киргизилген.
Тараптардын мамлекеттеринин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары - УУА) колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында россиялык тарап россиялык авиациялык базада УУАларды жайгаштырууну пландаштырууда.
Мында Протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар УУА колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.
УУАларды колдонууну УУАлардын учууларынын ар айлык биргелешкен план-графигинин негизинде биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын офицеринин катышуусу менен ишке ашыруу пландалып жатканын белгилеп кетүү керек.
Муну менен бирге азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Аба кодексине УУАларды колдонуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн документтердин пакети даярдалууда.
Протоколдун долбоорунун 4-пункту боюнча бул толуктоону кыргыз тарап бириккен россиялык аскердик базанын объекттерине кирүүнү жеңилдетүүнү камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу киргизгенин белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2019-жылдын 12-мартындагы № 6-5671/19), Бюджет жана финансы боюнча комитети (2019-жылдын 20-мартындагы № 6-6435/19) менен макулдашылган.
Протоколдун тексти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 22-мартындагы № 59 буйругу менен жактырылган.
Протоколду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүүнү талап кылбайт. Протоколдун алкагында жүргүзүлүүчү бардык иш-чаралар тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.