Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 283
“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколго, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протокол;
- 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол;
- 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протокол.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун жана протоколдордун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майы № 283 токтому мененжактырылган |
“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколго, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протокол жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протокол, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Макулдашуу жана Протоколдор кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитет жана Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 404-б буйругу менен жактырылган, анда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасындагы иш-чараларды каржылоо максатында Казакстан Республикасы тарабынан 100 млн АКШ доллары суммасында техникалык көмөк көрсөтүү каралган, ал бажы инфратүзүмдөрүнүн объекттерин абаттоого жана техникалык жабдууга, сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-декабрындагы № 554-б буйругу менен жактырылган.
Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколдо техникалык жардам берүү, ошондой эле берилүүчү жардамдын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын контролдоо тартиби аныкталган.
Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколдо 7,5 млн АКШ доллары суммасында каржылоо сметасы бекитилген.
2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 78-б буйругу менен жактырылган.
Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу протокол жардам берүү жагындагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү караштырат.
Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол менен сметанын суммасы 41 038 096 АКШ долларына көбөйтүлдү (мурда 7 526 789 АКШ доллары суммасына кол коюлган).
Биринчи этапта 41 млн АКШ доллары суммасындагы смета ишке ашырылат.
Кийинки жардамдар макулдашылган сметага жараша кийинки каржылоолор үчүн берилип турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри О.М.Панкратов кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколго 2017-жылдын 17-мартында Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри О.М.Панкратов кол койгон.
Макулдашуунун жана протоколдордун максаты Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдо каралган иш-чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы чечими менен бекитилген Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 575-б буйругу жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”) ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
Макулдашууну жана протоколдорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен финансылык чыгымды талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.