Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы № 307
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, М.Бакиров, А.Артыкбаев, П.Тулендыбаев, А.Токторов, А.Исмаилова, А.Абжалиев, Р.Туманбаева, Д.Жумабеков, Б.Субанбеков, Д.Исаева, А.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 307 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, М.Бакиров, А.Артыкбаев, П.Тулендыбаев, А.Токторов, А.Исмаилова, А.Абжалиев, Р.Туманбаева, Д.Жумабеков, Б.Субанбеков, Д.Исаева, А.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбеген байытылбаган унду Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге карата административдик айып салууну караштыруу сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттерди жана ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу экендигин белгилөө зарыл. Мындан тышкары Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартуу Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана талаптарды бузуу үчүн каралышы керек.
Айтылгандарга байланыштуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык укук ченеми - бул адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери болуп санала тургандыгын көңүлгө алуу менен адегенде мыйзамдарга байытылбаган унду импорттоо үчүн тиешелүү талаптарды (мамиле эрежелерин) киргизип, андан кийин ушул талаптарды бузуу үчүн жоопкерчилик кароо боюнча Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз:
Мындан тышкары, "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына байытылган ун алып келүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн ченем бланкет ченеми болгондугуна байланыштуу кыйла так жана түшүнүктүү баяндалышын талап кыла тургандыгын белгилөө зарыл.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу мыйзам актылар аткаруу бийлиги бутагынын системасында иштеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорду камтыбашы керек.
Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 534-1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толуктоо сунушталууда:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн беренесине карама-каршы келет.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына байытылбаган унду мыйзамсыз ташып киргизүү жөнүндөгү административдик иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарды салык органдарына өткөрүп берүүнү караштырган ченем менен Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 535-беренесин толуктоо сунушталууда, бул болсо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келет.
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 10-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн, алып келинген жана сатылган байытылган ундун талап кылынган зыянсыздыгын мамлекеттик ченемдештирүү Техникалык регламент менен белгиленет. Жогорку жана биринчи сорттордогу импорттолуучу ун Техникалык регламентке ылайык байытылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен бекитилген "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти саналат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен байытылган ун маселелери боюнча мамилелерди жөнгө салуу сапатты контролдоо жана сертификаттоо маселелерине таандык экендигин белгилейбиз, андыктан байытылган ундун сапатын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын компетенциясына кирбейт.
Баяндалгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатты сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.