Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 311
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Б.Орозова, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, А.Э.Самигуллина, О.М.Артыкбаев, А.Ш.Осмонова, Ж.А.Мусабекова демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-майындагы № 311 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Б.Орозова, Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, А.Э.Самигуллина, О.М.Артыкбаев, А.Ш.Осмонова, Ж.А.Мусабекова демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" колдонуудагы Мыйзамына альтернатива болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын балдарынын абалын жакшыртуу, балдары жана улгайган жарандары бар үй-бүлөлөрдү чыңдоо, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.
Ушуну менен бирге, мыйзам долбоорунда субъекттердин укуктук мамилелеринин чөйрөсүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү укуктук жөнгө салуу предмети көрсөтүлгөн эмес.
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер белгиленген.
Мында, мыйзам долбоорунда бир катар башка терминдер да колдонулгандыгын белгилөө зарыл, алардын маанисин чечмелөө талап кылынат. Мисалы: "мамлекеттик жөлөкпул", "балдар", "пенсиялык камсыздоого укугу жок жактар", "толук мамлекеттик камсыздоо", "алуучу" ж.б. ушул сыяктуу түшүнүктөр.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин көңүлгө алуу менен, укук колдонуу практикасында кандайдыр бир татаал жана талаш учурларын четтетүү үчүн мыйзам долбоорунда колдонулган терминдердин түшүнүктөрүнүн тизмесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-бөлүгүндө, 11-беренесинин 2-бөлүгүндө, 14-беренесинин 5-бөлүгүндө, 19, 20 жана 22-беренелеринде жалпы мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер келтирилген.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпы мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбей тургандыгын белгилөө зарыл, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренелерин кайра кароону сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинде мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби жана мындай арызды кароонун мөөнөтү аныкталган. Ушуну менен бирге, мыйзам долбоорунун жоболорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органдын мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо маселелери боюнча ыйгарым укуктары белгиленген.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, укуктарына жана функцияларына таандык кандайдыр бир ченемдерди мыйзам негизинде бекитип берүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилөө зарыл.
Алсак, аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органдардын ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу жоболорду мыйзам долбоорунан алып салууну жана аларды ченемдик көрсөтмөлөргө өзгөртүүнү сунуштайбыз.
5. Ошондой эле мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун ишке ашырууга 7964,5 млн. сомго жакын каражат (балдарга төлөнүүчү жөлөкпулга - 5330 млн. сом, ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулга - 2634,5 млн. сом) талап кылына тургандыгына көңүлүңөрдү бурабыз. 2017-жылдын бюджетинде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 6031 млн. сом (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулга - 3522 млн. сом, ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулга - 2509 млн. сом) каралган. Анын каржылоо булагы болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети саналат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Мында, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык бул мыйзам долбоорун ишке ашырууга, ал кабыл алынган учурда, республикалык бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сомго жакын каражат талап кылынат.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого реформа жүргүзүүнүн актуалдуулугун эске алуу менен зарыл болгон кошумча каражаттарды кароо маселеси "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо карала тургандыгын билдиребиз.
Өз учурунда, ошондой эле мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылгандыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунун жоболорун өркүндөтүү максатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын позицияларын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдаган редакциядагы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароону сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунун концепциясын жалпысынан колдойт жана жогоруда аталган мыйзам долбоорун ушул корутундуда келтирилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Тиркеме 8 баракта.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө менен байланышкан мамилелерди, анын ичинде ушул мамилелерден келип чыгуучу процесстерди жөнгө салат.
2-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө карата колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга;
- жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөнүн жарандары болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүктөргө.
2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, толук мамлекеттик камсыздоодо турган адамдарга карата ушул Мыйзам колдонулбайт.
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду жана бошонуу жөлөкпулун берүүдө келип чыккан мамилелерге карата ушул Мыйзам колдонулбайт.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
мамлекеттик жөлөкпул - ушул Мыйзамга ылайык пенсиялык камсыздоого укугу жок балдарга жана адамдарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик финансылык колдоо;
балдар - ушул Мыйзамдын алкагында мамлекеттик жөлөкпул дайындалган жашы жетпеген адамдар;
арыз ээси - өзүнө же камкорчулукта/көзөмөлчүлүктө турган адамга же жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адам;
пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдар - медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жөндөмсүз деп таанылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, анын ичинде балдар; бугучусунан (багуучуларынан) айрылган балдар, 23 жашка чейинки курактагы күндүзгү окуу формасы боюнча окуган билим берүү уюмдарындагы окуучулар; алтымыш беш жашка толгон - эркектер, алтымыш жашка толгон - аялдар; элүү беш жашка толгон - баатыр энелер;
толук мамлекеттик камсыздоо - мамлекеттик же муниципалдык мекемеде, асырап алган үй-бүлөдө турган убакытта (мезгилде) адамдарга акысыз тамак-аш, акысыз кийим комплектисин жана бут кийим, акысыз жатакана берүү жана акысыз медициналык тейлөө же алардын толук наркынын ордун толтуруу;
алуучу - өзүнө же камкорчулукта/көзөмөлчүлүктө турган адамга же жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул алган адам.
5-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү
1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:
- "балага сүйүнчү" (ар бир) бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул;
- "балага жөлөк" үч жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул;
- "үй-бүлөгө көмөк" 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
- "социалдык жөлөкпул" пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленет.
3. Пенсиялык камсыздоого укугу жок алтымыш беш жашка толгон - эркектер, алтымыш жашка толгон - аялдар; элүү беш жашка толгон - баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.
6-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттар
Ушул Мыйзам менен каралган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө, ошондой эле аларды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө
7-берене. Бала төрөлгөндө "сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо
1. Бала төрөлгөндө "сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул, бала төрөлгөндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларында турган аялда төрөлгөн балага жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылуу келип түшкөн учурда дайындалат.
Эки же андан көп бала төрөлгөндө "сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул ар бир балага дайындалат.
2. Бала төрөлгөндө "сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылуунун мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып бир жылдан ашпашы керек.
8-берене. "Балага жөлөк" үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпулду дайындоо
1. "Балага жөлөк" үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул ар бир балага алар үч жашка толгонго чейин дайындалат.
2. "Балага жөлөк" үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпулду дайындоо кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап жүргүзүлөт.
3. "Балага жөлөк" үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул бала үч жашка толгонго чейинки мөөнөткө, анын ичинде бала үч жашка толгон айында дайындалат.
9-берене. "Үй-бүлөгө көмөк" 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулду дайындоо
"Үй-бүлөгө көмөк" 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
- 3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
- үч эм жана андан көп эгиздерге - 3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин ар бир балага.
10-берене. Ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо
Ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда эмгекке жөндөмсүз төмөнкүдөй адамдарга дайындалат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга - он сегиз жашка чейин;
- бал кезинен I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;
- I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;
- улгайган жарандарга (алтымыш беш жашка толгон - эркектерге, алтымыш жашка толгон - аялдарга);
- элүү беш жашка толгон баатыр энелерге;
- бир багуучусунан (ата-энесинин биринен) айрылган (бир багуучусу (ата-энесинин бири) каза болгон) балдарга;
- эки багуучусунан (эки ата-энесинен) тең айрылган (эки багуучусу (эки ата-энеси) тең каза болгон) балдарга;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар он сегиз айлык куракка жеткенге чейин.
2. Ушул беренеде каралган ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укук болгон учурда ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укугуна ээ болгон адамдын тандоосу боюнча бир жөлөкпул гана (бир же эки багуучусунан тең ажыраган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдан тышкары) дайындалат.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул алууга укук берүүчү медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
4. Ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүдөй мөөнөттөргө дайындалат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү он сегиз жашка чейинки балдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген учурдан баштап, эгерде МСЭК маалымкат берген күндөн тартып алты айдан кечикпестен жөлөкпул үчүн кайрылса жана бардык керектүү документтерди тапшырса, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген учурдан, эгерде МСЭК маалымкат берген күндөн тартып алты айдан кечикпестен жөлөкпул үчүн кайрылса жана бардык керектүү документтер тапшырылса, көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - МСЭКтин маалымкатынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин;
- багуучусунан айрылган учурда пенсиялык камсыздоого укугу жок балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу укугуна ээ болгон күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укукка ээ болгон учурдан он эки айдан кечиктирилбеген болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кетсе - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он алты жашка толгонго чейин; жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар жыйырма үч жашка толгонго чейин;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, - туулган күнүнөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу төрөлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирилбеген болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он сегиз айга толгонго чейин;
- алтымыш беш жашка толгон - эркектерге, алтымыш жашка толгон - аялдарга, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер - алтымыш беш жашка, ал эми аялдар - алтымыш жашка толгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою;
- элүү беш жашка толгон - баатыр энелерге, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар элүү беш жашка толгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.
11-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арыз кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдар алуучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат.
3. Мамлекеттик жөлөкпулдар (балага сүйүнчү, балага жөлөк, үй-бүлөгө көмөк) баланын (балдардын) алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.
4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө кайрылуунун тартиби жана аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө үстөктүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашаган адамдарга төлөнүүчү мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү ушул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
12-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө
1. Мамлекеттик жөлөкпулдар учурдагы ай үчүн (айдын 30унан кечиктирбей) төлөнөт.
2. Дайындалган жана алуучулар тараптан өз убагында талап кылынбаган ар айлык жөлөкпулдар ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө токтотулган мезгилден тышкары, өткөн бардык мезгил үчүн төлөнөт.
13-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайра эсептөө
Мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкүдөй учурларда кайра эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөлөкпулдун жаңы өлчөмдөрү белгиленгенде;
- райондук коэффициент белгиленгенде (алып салынганда) же анын өлчөмү өзгөргөндө;
- майыптык тобу өзгөргөндө.
14-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү токтотуунун шарттары
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Өкмөт тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө талап кылынган документтер берилбегенде;
- бала үч жаш куракка жеткенде (үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул алган учурда);
- алуучу туруктуу жашоого республиканын чегинен сыртка чыкканда;
- жөлөкпул дайындалган адам каза болгондо;
- жөлөкпул дайындалган бала 16 жаш куракка жеткенде (3төн 16 жашка чейинки курактагы үч баласы бар жарандар (үй-бүлөлөр) ар айлык жөлөкпул алган учурда);
- багуучусунан (багуучуларынан) ажырагандыгы боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алуучу он алты жашка, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окуусун бүткөндө, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери жыйырма үч жашка толгондо;
- майыптык мөөнөтү өтүп кеткенде (майыптык боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алган учурда);
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн жана ар айлык социалдык жөлөкпулду алган бала он сегиз айлык куракка жеткенде;
- алты ай бою жөлөкпулду (балага сүйүнчү, балага жөлөк, үй-бүлөгө көмөк) талап кылбаганда (ар айлык социалдык жөлөкпул - жыйырма ай бою);
- мамлекеттик жөлөкпул төлөнгөн адам мамлекеттик камсыздоого алынганда;
- жөлөкпулду негизсиз дайындоо фактысы аныкталганда.
2. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар келип чыккан учурда алуучу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органды беш күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
3. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү ар айлык жөлөкпулдардан тышкары, өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдан тартып токтотулат.
4. Жөлөкпулга жеңилдетилген чыгуу шарттары боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындалган бийик тоолуу шарттарда жашаган адам (эркек - алтымыш беш жаш, аял - алтымыш жаш, баатыр эне - элүү беш жаш) Бийик тоолуу жана алыскы зоналар тизмесине кирбеген зоналарга туруктуу жашоого көчүп кеткен учурда, ар айлык социалдык жөлөкпул райондук коэффициенти эсепке албастан жаны жашаган/турган жери боюнча улантылып төлөнөт.
15-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдан кармап калуу
1. Мамлекеттик жөлөкпулдан, анын ичинде ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасын кармап калуу соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүү бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу каттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылуучу башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде жүргүзүлөт
2. Мамлекеттик жөлөкпулдан кармал калуу өлчөмү алуучу төлөөгө тийиш болгон суммадан, бирок жөлөкпулдун бир айлык өлчөмүнүн 50 пайызынан ашык эмес эсептелип чыгарылат.
3. Мамлекеттик жөлөкпулдан жогоруда көрсөтүлгөндөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
4. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммалары боюнча карыз толук жоюлганга чейин мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулган учурда карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүп алынат.
5. Кармап калган сумма республикалык бюджетке төгүлөт.
3-глава. Мамлекеттик жөлөкпул алуучу жарандардын жоопкерчилиги жана аларды коргоо
16-берене. Мамлекеттик жөлөкпул алуучу жөнүндө маалымат берген жарандардын жана органдардын жоопкерчилиги
1. Мамлекеттик жөлөкпулду туура эмес дайындоого алып келген анык эмес маалымкаттарды берген адамдар жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган учурда атайылап жалган маалымат берүүгө күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу жөнүндө атайылап жалган маалымат берген же болбосо жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө өз убагында кабарлабаган адамга мамлекеттик жөлөкпул төлөө мындай факт аныкталган учурдан тартып токтотулат. Ушуну менен бирге мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми мамлекеттик жөлөкпулду жаңыдан дайындоо жөнүндө арыз он эки ай бою кабыл алынбайт.
17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын административдик же жаза-кылмыштык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
18-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү менен байланышкан талаш-тартыштар
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодо жана төлөп берүүдө пайда болгон талаш маселелер жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык чечилет.
19-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөп берүүнү контролдоо
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөп берүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө милдеттери берилген башка органдарга жүктөлөт.
4-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарда мурда дайындалган мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сактала тургандыгы белгиленсин.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алууга документ тапшырган адамдарга, арыз чакыртып алынган жана арыз жаңы мыйзам боюнча берилген учурлардан тышкары, мамлекеттик жөлөкпул ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонууда турган мыйзамдын шарттарында дайындалат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылсын:
- ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү.
4. 2018-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-бер.);
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-бер.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-бер.) 4-беренеси;
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-бер.);
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-бер.);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) 20-беренесинин 17-пункту.
Кыргыз Республикасынын Президенти