Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 317
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген жер участогунда курулушка бөлүнгөн аянт 0,05 гектардан ашпоого тийиш.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |