Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш
парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун маселелерин жөнгө салат.
2. Мамлекеттик жаратылыш парктары төмөнкүдөй зоналарга бөлүнөт:
- корук;
- экологиялык турукташтыруу;
- туристтик жана рекреациялык иш;
- чектелген чарбалык иш.
3. Экологиялык турукташтыруу, туристтик жана рекреациялык иш, чектелген чарбалык иш зоналарында (мындан ары - режимдик Зоналар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштерди жүзөгө ашырууга жол берилет.
4. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жаратылыш ресурстарынын жана объекттеринин сапатынын начарлашына жана аларды түгөтүүгө багытталган, ошондой эле өзгөчө коргоонун дифференцияланган режимин бузган аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
5. Экологиялык турукташтыруу, туристтик жана рекреациялык иш, ошондой эле чектелген чарбалык иш зоналарындагы ар кандай иштер Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо, токойду жана жерлерди жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн зоналарда жайгашкан мамлекеттик жаратылыш парктарынын жер участкалары белгиленген тартипте убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
7. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
мамлекеттик жаратылыш парктары - экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык өзгөчө баалуулугу бар мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана объекттерин биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылышты коргоо, экологиялык-агартуу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдалануу үчүн арналган жаратылышты коргоо жана илимий мекеме статусу бар өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактары;
экологиялык турукташтыруу зонасы - жөнгө салынуучу экологиялык туризмди жана бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү кошпогондо, чектеринде чарбалык жана рекреациялык иштерге тыюу салуу менен кайтаруу режими белгиленген мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагы;
туристтик жана рекреациялык иш зонасы - жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин сакталышын камсыз кылуучу коргоо режими белгиленген, анын аймактарында рекреациялык оорчулук келтирүүнүн ченемдерин эске алуу менен жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду, конуштарды жана кароочу аянттарды уюштурууга жол берилген мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагы;
чектелген чарбалык иш зонасы - чектеринде администрациялык-чарбалык багыттагы объекттер жайгашуусу мүмкүн болгон, мамлекеттик жаратылыш паркын кайтарууну жана иштешин камсыз кылуучу, ага келүүчүлөрдү тейлөө үчүн зарыл чарбалык иш жүргүзүлүүчү, мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана туристтерди тейлөө үчүн башка объекттерди куруу жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагы;
жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим - мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы менен конкурста уткан жактын ортосунда түзүлгөн келишим, анда мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын жер участогун убактылуу пайдалануу шарттары макулдашылат, тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат, ошондой эле убактылуу пайдалануу мөөнөттөрү жана башка шарттар көрсөтүлөт;
конкурс - тооруктун жол-жоболору, мында мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жүргүзүлөт;
коммерциялык конкурс - конкурстун формасы, анда белгиленген конкурстук шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен, конкурста жеңип алган, мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогун пайдалануу үчүн акынын алда канча көп суммасын сунуш кылган жак жеңүүчү деп табылат;
инвестициялык конкурс - конкурстун формасы, анда конкурста жеңип алган, белгилүү бир конкурстук шарттарды сактоо милдеттенмелеринен тышкары, мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы убактылуу пайдаланууга берилген жер участогун жакшыртууга инвестицияларды жумшоого милдеттенген жак жеңүүчү деп табылат.
8. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарындагы жер участокторун берүү маселелерин жөнгө салбайт.
2. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участокторун пайдалануу
9. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарында иштин төмөнкүдөй түрлөрү жүзөгө ашырылат:
- экологиялык турукташтыруу зонасында:
а) илимий сунуштамаларды эске алып, рекреациялык оорчулук келтирүүнү жана ченемдерди сактоо менен туризмдин экологиялык ишин жөнгө салуу;
б) бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- туристтик жана рекреациялык иш зонасында:
а) туристтик жана рекреациялык ишти жөнгө салуу;
б) туристтик маршруттарды жана чыйыр жолдорду уюштуруу;
в) рекреациялык оорчулук келтирүүнүн ченемдерин эске алуу менен конуштарды жана кароочу аянттарды уюштуруу;
- чектелген чарбалык иш зонасында:
а) администрациялык-чарбалык багыттагы объекттерди жайгаштыруу;
б) мамлекеттик жаратылыш паркын кайтаруу жана иштешин камсыз кылуу, ага келгендерди тейлөө үчүн зарыл болгон чарбалык иштерди жүргүзүү;
в) мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана башка объекттерди курууну жана пайдаланууну жүзөгө ашыруу;
г) туристтерди тейлөө үчүн администрациялык-чарбалык багыттагы объекттерди жайгаштыруу;
д) экологиялык туризмди өнүктүрүү жана туристтик кызматтарды көрсөтүү;
е) илимий уюмдардын сунуштамалары боюнча мөмө-жемиш бакчаларын, тез өсүүчү породаларды жана жергиликтүү сорттогу башка баалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча плантацияларды түзүү;
ж) Кыргыз Республикасынын токойлорунда токойду жайгаштыруу материалдарына жана кыюу эрежелерине ылайык жыгачтарды даярдоо;
з) балчылыкты өнүктүрүү;
и) токой үрөндөрүн, жапайы өскөн жаңгак жана мөмө-жемиш бак жана бадал өсүмдүктөрүнүн мөмөлөрүн чогултуу;
к) козу карындарды, өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүн жана жемиштерин чогултуу;
л) чөп чабуу.
10. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектеринде жер участокторун убактылуу пайдалануу Кыргыз Республикасынын жаратылыш комплекстерин жана объекттерин коргоонун белгиленген артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат жана мамлекеттик жаратылыш парктарын түзүү максаттарына карама-каршы келбеши керек.
11. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарында иштин режими илимий негизделген ченемдерди жана келтирилген оорчулукту эске алуу менен жүргүзүлөт.
12. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарында (туристтик жана рекреациялык, чектелген чарбалык иш) жаратылыш ландшафттары, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, көлмөлөр жана тарыхый-маданий мурастардын объекттери сакталууга тийиш.
Ушул Жобонун 9-пунктунда каралган туристтик жана рекреациялык, ошондой эле чектелген чарбалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн объекттер токой өсүмдүктөрү каптабаган жерлер, анын ичинде өрттөнгөн, ачык, бак-дарактар сейрек өскөн, кыйылган, куураган, бадалдар же баалуулугу төмөн көчөттөр өскөн жерлерде жайгашууга тийиш.
13. Мамлекеттик жаратылыш паркынын чектелген чарбалык иш зонасында объекттерди куруу тиешелүү курулуштарды куруунун жана пайдалануунун ченемдерине ылайык, тарыхый-маданий мурас объекттерин кайтаруу жана пайдалануу режимин жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо менен атайын бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзүлөт.
14. Мамлекеттик жаратылыш паркынын чектелген чарбалык иш зонасында объекттерди куруу белгиленген тартипте таризделген мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын архитектуралык-пландоо, куруу, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
Мында өз алдынча курууга жол берилбейт.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген жер участогунда курулушка бөлүнгөн аянт 0,05 гектардан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын администрациялык-чарбалык багыттагы объекттерин жайгаштыруунун тартибин курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) белгиленген тартипте аныктайт.
16. Мамлекеттик жаратылыш парктарына бир күнгө, сезонго жана бир жылга келүүчүлөрдүн санын, ошондой эле туристтерди тейлөө үчүн туристтик объекттерди жайгаштырууга ээленген аймактардын өлчөмдөрүн рекреациялык оорчулуктун илимий негизделген ченемдерине ылайык мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы аныктайт.
17. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын чектелген чарбалык иш зонасында чөп чабуу, токой үрөндөрүн, жапайы өскөн жаңгак жана мөмө-жемиш бак жана бадал өсүмдүктөрүнүн мөмөлөрүн, өсүмдүктөрдүн жемиштерин жана мөмөлөрүн чогултуу ар бир сезонго (жылга) берилүүчү токой билеттеринин (белгиленген үлгүдөгү уруксат берүүчү документ) негизинде мамлекеттик жаратылыш парктарынын администрациясынын чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн иштин башталышынын мөөнөтүн мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы аныктайт. Чөп чабындылардын аянттарын тосууга тыюу салынат.
18. Мамлекеттик жаратылыш паркынын корук зонасынан тышкары режимдик зоналарында мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы менен бир сезонго түзүлгөн келишимдин негизинде жол төшөлмөсү бар ачык аянттарда бал челектер жайгашышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектеринде жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү
19. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарында жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү тиешелүү аймакта жашаган жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
20. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарындагы жер участоктору конкурстук негизде убактылуу пайдаланууга берилет.
Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарындагы жер участоктору конкурстук комиссиянын чечими боюнча конкурстарга коюлат.
Конкурстарды уюштурууну жана өткөрүүнү мамлекеттик жаратылыш парктарынын администрациясы ишке ашырат.
Конкурстарды өткөрүү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Конкурсту өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө типтүү келишимди ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгат жана бекитет.
21. Конкурста утуп алган жеке же юридикалык жак жана мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коёт, анын негизинде конкурста утуп алган жак жана мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы протоколдо көрсөтүлгөн мөөнөттө мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу келишимин түзөт.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жана аны убактылуу пайдаланууга кабыл алуу тараптар кол коюучу өткөрүп берүү актысы боюнча жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимде каралган шарттарда жүзөгө ашырылат.
22. Маданий-ден соолукту чыңдоо, туристтик жана рекреациялык максаттар үчүн мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү учурунда конкурста утуп алган жак өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин 3 айдын ичинде мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясына аталган максаттар үчүн мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун ишке ашыруу, уюштуруу жана пайдалануу долбоорун берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун ишке ашырууну жана пайдаланууну уюштуруу менен байланышкан долбоорду өз убагында бербеген учурда, келишим мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы тарабынан бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн. Бул шарт мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участогун убактылуу пайдалануу келишиминде белгиленүүгө тийиш.
23. Убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарындагы жер участокторун пайдалануучу (өзүнүн эсебинен) жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн абалга келтирүүгө милдеттүү.
4. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участокторун убактылуу пайдалануунун негизги шарттары
24. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим жазуу жүзүндө, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлөт.
Келишимдин бирден нускасын мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы жана конкурста уткан жак алат, ал эми үчүнчү нускасы мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү органына берилет.
25. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга тийиш жана мамлекеттик катталган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
Келишимдин жазуу жүзүндөгү формасын жана аны мамлекеттик каттоо жөнүндө талаптар сакталбаган учурда келишим жараксыз деп эсептелет.
26. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө коммерциялык конкурстун негизинде түзүлгөн келишимде кошумча түрдө төлөөлөрдүн коммерциялык шарттары көрсөтүлөт.
27. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө инвестициялык конкурстун негизинде түзүлгөн келишимде кошумча түрдө конкурстук жана инвестициялык конкреттүү шарттарды аткаруу боюнча милдеттер көрсөтүлөт.
28. Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
а) өз ара келишим түзүп жаткан тараптарды;
б) убактылуу пайдаланууга берилген жер участогунун чектерин аныктоону (көрсөтүүчү (токой-чарба) белгилердин жардамы менен натурада белгиленүүгө жана план-картографиялык материалдарда көрсөтүлүүгө тийиш) жана жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүн;
в) жер участогун убактылуу пайдалануунун мөөнөттөрүн;
г) жер участокторун убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмү жана аларды төлөө тартибин жана башка төлөөлөрдү;
д) тараптардын укуктарын жана милдеттерин (жер участогун пайдалануу, кайтаруу, коргоо ж.б.);
е) келишимдик милдеттенмелерди бузуу үчүн жоопкерчиликти жана зыяндын ордун толтуруу тартибин;
ж) келишимди бузуу жана өзгөртүүнүн негиздерин жана тартибин, ошондой эле башка шарттарды.
29. Токой билети, карта схема, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, чектерди макулдашуу актысы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин убактылуу пайдаланууга берилген жер участогун кайтарып берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Мында мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарынын чектериндеги жер участогун убактылуу пайдалануу келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы жөнүндө билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү органына жөнөтөт.
30. Жайыттарды (алар бир сезонго гана берилет) жана тарыхый-маданий мурас объекттерин кошпогондо, мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогу убактылуу пайдаланууга, кыска мөөнөттүү - 5 жылга чейинки же узак мөөнөттүү - 5 жылдан ашык мөөнөткө берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участокторун узак мөөнөттүү убактылуу пайдаланууга берүү учурунда милдеттүү түрдө 5 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленет. 5 жылдык сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин, ак ниет жана ойдогудай убактылуу пайдаланган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен талаптарын жана келишимдин шарттарын аткарган учурда келишимдин мөөнөтү 5 жана андан ашык жылга, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
31. Убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зоналарында жер участогун субижарага берүүгө жол берилбейт.
Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасындагы жер участогун убактылуу пайдалануу укугу ипотека келишиминин предмети болушу мүмкүн эмес.
32. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарына кирүү үчүн акы төлөнөт. Аймактарга кирүү үчүн акы алуудан түшкөн кирешелер мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик жаратылыш парктарынын атайын эсептерине келип түшөт.
33. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарындагы жер участокторун убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысы келишимде белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө төлөнөт.
34. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын режимдик зоналарындагы жер участокторун убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча келишимде белгиленет жана дифференцияланган режими бар режимдик зоналарда жүзөгө ашырылуучу иштин түрүн эске алуу менен кайра каралат.
35. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин, чыйыр жолдорду салууну, автомобилдер үчүн токтоп туруучу жайларды уюштурууну, боз үйлөрдү, чатырларды тигүү үчүн орундарды аныктоону ж.б. илимий уюмдардын сунуштамаларынын негизинде, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө оорчулук келтирүүнүн жол берилген ченеминин чегине ылайык мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы аныктайт.