Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 318
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, А.С.Омурбекова, А.А.Арапбаев, Г.К.Асылбаева, А.У.Жапаров, М.К.Жеенчороев, А.М.Султанов, А.Т.Мамашова, Э.Дж.Байбакпаев, Д.Д.Бекешов, Б.И.Сулейманов, Э.Ж.Сурабалдиева, О.М.Артыкбаев, К.К.Иманалиев, А.О.Узакбаев жана З.И.Жамалдинов тарабынан демилгеленген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 318 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, А.С.Омурбекова, А.А.Арапбаев, Г.К.Асылбаева, А.У.Жапаров, М.К.Жеенчороев, А.М.Султанов, А.Т.Мамашова, Э.Дж.Байбакпаев, Д.Д.Бекешов, Б.И.Сулейманов, Э.Ж.Сурабалдиева, О.М.Артыкбаев, К.К.Иманалиев, А.О.Узакбаев жана З.И.Жамалдинов тарабынан демилгеленген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине негизги технологиялык жабдууну жана этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны жүгүртүүнүн алкоголдук продукцияны чекене сатып өткөрүүнү кошо алгандагы көлөмүн эсепке алуучу жабдууну этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты жазып алуунун жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системага (БМАМС) берүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылышы керектигине тиешелүү толуктоо киргизүү сунушталат.
1. Мыйзам долбооруна тиркелген жөнгө салуу таасирин талдоого ылайык өлкөгө БМАМС киргизүү республикалык бюджетке салыктык кирешелердин олуттуу көбөйүүсүнө түрткү берет.
Ошону менен бирге системаны киргизүү республикалык бюджеттен бир катар чыгымдарды талап кылат. Алсак, сунушталган жөнгө салуучу таасирин талдоого ылайык БМАМС тейлөө боюнча процессинг борборунун жабдуусунун наркы 1,5 млн. сомду түзөт. Мында төмөнкүлөргө карата зарыл болгон финансы каражаттары жөнүндө маалымат жок:
- техникалык тапшырманы жана программалык камсыздоону иштеп чыгууга, ошондой эле программалык продуктуну техникалык коштоого;
- адистештирилген жабдууну сатып алууга, атайын ачкычты иштеп чыгууга жана даярдоого;
- процессинг борборун иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну тейлөөгө;
- БМАМС колдонуу боюнча ишкерлерге оперативдүү кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген мамлекеттик бөлүктүн иштешин камсыз кылууга;
- БМАМС системасында иштеген мамлекеттик кызматчыларды даярдоого.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн кароочу мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу каржылоо булактарын жана республикалык бюджеттин көлөмүн аныктоо зарыл деп эсептейбиз.
Ошону менен бирге эле "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу негизги технологиялык жабдууга карата талаптар айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө техникалык регламенттерге жана мыйзамдарга шайкеш келүүсү зарыл.
2. Сунушталган жөнгө салуучу таасирин талдоодо жалпы суммасы 48000 сомдук атайын сактагычты, кассалык жабдууну жана программалык камсыздоону сатып алууга ишкердик субъекттеринин болжолдуу чыгымдары келтирилген, бул "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет, ага ылайык юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик контроль жүргүзүүгө жол берилбейт.
3. Ошондой эле сунушталган жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына шайкеш келбейт. Атап айтканда, жумушчу топтун курамы көрсөтүлгөн эмес жана иши алкоголдук продукцияны сатуу менен байланышкан ишкердик субъекттерине № 2 жөнгө салуу вариантынын таасиринин күтүлүүчү кесепеттери келтирилген эмес.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде акциздик маркалар менен маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары маалыматтарды кабыл алуу жана берүү менен катар акциздик маркаларга эки өлчөмдүү штрих кодду жазууну жана алардан айрым маалыматтарды окууну камсыз кылышы керек деп белгилөө сунушталууда.
Ошондой болсо да, акциздик марка коргоо элементтеринин комплексине ээ, ошол себептен ага кандайдыр бир маалыматтарды жазуу анын коргоо элементтеринин бузулуп же тосулуп калышынан улам андан ары анын аныктыгын тактоого кыйынчылык түзөт.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 12-милдетинин 12.10-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан аныктыгын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматты өзүнө алып жүрүүгө, ошондой эле салык органдарына чогултууну, эсепке алуу контролун жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү башка бардык маалыматты алып жүрүүгө жөндөмдүү электрондук жабдуулар жана/же программалык тиркемелер аркылуу аныктоочу акциздик маркага электрондук-маалыматтык элемент киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен "Гарсу пасаулис" ЖАК (Литва Республикасы) ортосундагы Кыргыз Республикасына жана анын чегинен тышкары акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча 2016-жылдын 5-февралында түзүлгөн келишимдин алкагында 2016-жылдын май айынан тартып жаңы үлгүдөгү электрондук-маалыматтык элементи (Дата матрикс код) менен жабдылган акциздик маркалар даярдалууда жана берилүүдө.
Аталган Келишимдин алкагында акциздик маркаларды даярдоочу тарабынан акциздик марканын аныктыгын, мобилдик тиркеменин жардамы менен аны колдонуунун тууралыгын аныктоого, ошондой эле шайкеш келбеген учурлар кездешсе, мобилдик тиркеме аркылуу салык органдарына тийиштүү маалыматты жиберүү жолу менен оперативдүү билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү тиешелүү маалыматтык система иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий веб-сайтында акциздик марканы издөө функциясынын жана аталган мобилдик тиркеменин жардамы менен акциздик марканы текшерүүдө акциздик марканын аныктыгын, аны колдонуунун тууралыгын жана акциздик салыкты төлөөнүн толуктугун аныктоо үчүн жетиштүү болгон төмөнкүдөй маалыматтарды алса болорун белгилеп кетүү керек:
- акциздик марканын тиби, номери жана көлөмү;
- акциздик марканы алуучу салык төлөөчүнүн аталышы жана идентификациялык номери;
- акциздик марканы алган күнү;
- алкоголдук продукциянын аталышы;
- алкоголдук продукциянын түрү;
- акциздик марка берилген алкоголдук продукциянын идишинин көлөмү.
5. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин он сегизинчи абзацына ылайык программалык-аппараттык каражаттар менен жабдуу боюнча талаптар төмөнкүлөрдүн көлөмүн эсепке алууга карата жайылтылбайт:
- пиво жана спирттүү продукцияны чекене сатууда;
- коомдук тамактануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө алкоголдук продукцияны чекене сатууда;
- калкынын саны үч миң адамга жетпеген кыштакчаларда алкоголдук продукцияны чекене сатууда;
- жылына 30 миң декалитрден ашпаган өндүрүштү кубаттуулукта пиво өндүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык пиво акциздик марка менен белгиленүүчү акцизделүүчү товарларга кирбейт. Демек, жылына 30 миң декалитрден ашык өндүрүштүк кубаттуулукта пиво өндүрүүчү субъекттер долбоордо сунушталып жаткан контролдоо механизминин контролуна туш болбойт.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоорунда каралган талаптарды сактоодон калкынын саны 3000 адамга жетпеген калктуу конуштарды бошотуу мыйзамсыз, эсепке алынбаган алкоголдук продукцияны сатууну чакан калктуу конуштарда жайгашкан ишкер субъекттер аркылуу тариздөө коркунучун туудурат.
Ошондой эле сунушталып жаткан ченем "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдерине каршы келет, ага ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалыгын чектеген, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши үчүн кысымга алуучу же ыңгайлуу шарттарды түзгөн актыларды кабыл алууга жана (же) аракеттерди жасоого тыюу салынат, эгерде мындай актылар жана (же) аракеттер атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана (же) жеке адамдардын кызыкчылыктарын кысымга алууга алып келсе же алып келүүсү мүмкүн болсо.
6. Россия Федерациясында БМАМС системасын киргизүү үчүн 10 жылдан көбүрөөк убакыт жана мамлекет тарабынан да, ишкер субъекттер тарабынан да олуттуу финансылык чыгымдардын талап кылынгандыгын белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда каралган ченемдерди иш жүзүнө ашыруу - уюштуруу, техникалык жана финансылык чаралардын комплексин кабыл алууну, өлкөнүн чыныгы финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен айрым механизмдерди этап менен ишке киргизүүнүн эсебин алууну талап кыларын белгилеп кетүү зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорун ишкер субъекттер жана жарандык коомдун катышуусу менен кеңири талкуулоо максатка ылайык деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну эрте деп эсептейт жана аталган сын пикирлерди, сунуштарды жана республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайт.