Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 323
Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана жоюу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 26-пунктунун "б" пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10 - исламдык ижаралык сертификаттар - (Сукук аль Ижара);
11 - долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары - (Сукук ал Истисна);
12 - өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мушарака);
13 - үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мудараба);
14 - инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары - (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар);
15 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |