Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 токтому менен бекитилген |
Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын (мындан ары - исламдык баалуу кагаздар) эмиссиясынын, жүгүртүлүшүнүн жана жоюлушунун тартибин белгилейт, ошондой эле Шарият кеңешине карата талаптарды аныктайт.
2. Исламдык атайын финансылык компания акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну, исламдык баалуу кагаздарды ачык сунуштоо шарттарын жана эмиссия проспектин мамлекеттик каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан ишке ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн исламдык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
Ачык сунуштоо шарттары жана проспект мамлекеттик каттоодон өткөнгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалымат ачыкка чыгарылганга чейин исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну жарнамалоого тыюу салынат.
5. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы исламдык баалуу кагаздарды ачык сунуштоо менен коштолушу ачык болушу же жеке (жашыруун жайгаштыруу) болушу мүмкүн, анын жүрүшүндө эмитент өзүнүн исламдык баалуу кагаздарын жеке сунуштоо жолу менен жайгаштырат.
Исламдык баалуу кагаздар баалуу кагаздардын ошол түрү боюнча ачык сунуштоонун шарттары жана эмиссиянын проспекти катталгандан кийин гана ачык сунушталышы мүмкүн.
6. Исламдык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери берилет.
Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленет.
2. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын тартиби
7. Исламдык баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын тартиби "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.
§ 1. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) исламдык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо
8. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик каттоо үчүн арыз;
2) эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
3) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
4) кошумча төмөнкү маалыматтар камтылган, исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жашыруун жайгаштыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынганын ырастаган документтин көчүрмөсү:
- исламдык баалуу кагаздар боюнча кирешелердин өлчөмүн аныктоо тартиби, исламдык баалуу кагаздарды кармоочуларга исламдык баалуу кагаздар боюнча киреше төлөө мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө;
- резервдик фондду түзүү тартиби, анын ичинде эмитенттин бөлүнгөн активдеринин курамында мындай фондду түзүүгө жана андан ары калыптандырууга багытталуучу алынган кирешенин пайызы жөнүндө, ошондой эле резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат;
- эмитент менен оригинатордун ортосунда инвестициялык долбоор боюнча кирешени бөлүштүрүү тартиби жана анын пайыздык катышы (катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарууда) жөнүндө;
5) исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү менен эмитенттин ортосунда кол коюлган контракттын көчүрмөсү;
6) бөлүнгөн активдерди түзгөн мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин көчүрмөсү (мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө);
7) долбоордун кеңири сыпатталышын, пландалган финансылык агымдарды, потенциалдуу тобокелдиктерди жана төлөө мөөнөттөрүн кошкондо, инвестициялык долбоордун бизнес-планынын көчүрмөсү;
8) бизнес-пландын, чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын каржылоонун ислам принциптерине шайкеш келиши жөнүндө Шарият кеңешинин корутундусу;
9) каттоо жыйымынын төлөнгөнүн ырастаган документ.
9. Ыйгарым укуктуу орган документтерди алган датадан тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен исламдык баалуу кагаздарды каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабыл алууга милдеттүү.
10. Исламдык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими берилет.
11. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Исламдык баалуу кагаздарды каттоо картасын толтурат.
12. Исламдык баалуу кагаздарды каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
- эгерде эмитенттин исламдык баалуу кагаздарды чыгаруусу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- исламдык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде туура эмес маалыматтар аныкталса;
- берилген документтер жана алардагы маалыматтар толук болбосо.
13. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган бул жөнүндө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндөн кеч эмес арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган берилген документтердин ар биринин бирден нускасын же алардын көчүрмөсүн өзүндө алып калат, калган документтер эмитентке кайтарылат.
14. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
§ 2. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары
15. Эгерде жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганда бирден кем эмес исламдык баалуу кагаз жайгаштырылса жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары таанылат.
16. Исламдык баалуу кагазды жайгаштыруу аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен эмитент ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды камтыган кабарлоону берүүгө милдеттүү:
1) исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана аяктаган даталарды;
2) жайгаштырылган исламдык баалуу кагаздардын саны;
3) бир исламдык баалуу кагазды жайгаштыруунун баасы;
4) жайгаштырылган исламдык баалуу кагаздар үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмү, анын ичинде:
- улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөгөн учурга карата курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлгөн чет элдик валютанын көлөмү;
5) коомдун көз карандысыз реестр кармоочусу тарабынан берилген исламдык баалуу кагаздардын реестринин көчүрмөсү;
6) исламдык баалуу кагаздарга акы төлөнгөнүн ырастоочу документтер.
3. Исламдык баалуу кагаздарды жүгүртүү жана жоюу
17. Исламдык баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын эсепке алуу көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан ишке ашырылат.
Баалуу кагаздардын эмитенти исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө жана сактоого баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу менен келишим түзүүгө тийиш.
18. Документтик эмес формада чыгарылган исламдык баалуу кагаздарга менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында - реестр кармоочудагы өздүк эсептердеги жазуулар менен же исламдык баалуу кагаздарга укуктарды депозитарийде эсепке алуу учурунда - депозитарийлердеги депо эсептер боюнча жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.
Документтик формада чыгарылган исламдык баалуу кагаздарга менчик укугу баалуу кагаздар, сертификаттар же сертификаттар жана депозитарийлердеги депо эсептер боюнча жазуулар менен (эгерде сертификаттар депозитарийге сактоого берилсе) күбөлөндүрүлөт.
19. Айкын сунушталуучу исламдык баалуу кагаздарды сатуу-сатып алуу, алмашуу боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесине, ошондой эле фондулук биржанын баалуу кагаздарын соодалоонун эрежелерине ылайык фондулук биржада ишке ашырылат.
20. Исламдык баалуу кагаздар жоюлгандан кийин 5 күндөн (же эгерде эмитент жоюу датасы аяктаган учурга карата исламдык баалуу кагаздардын баарын жойбосо жоюу датасынан) кечиктирбестен эмитент ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык исламдык баалуу кагаздарды жоюунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.
21. Исламдык баалуу кагаздардын бөлүгү мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда жоюунун жыйынтыктары жөнүндө отчет ошол исламдык баалуу кагаздарды жоюунун жыйынтыгы боюнча жана исламдык баалуу кагаздарды жүгүртүү мөөнөтү аяктаганда берилет.
4. Шарият кеңеши
22. Исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүү жана жоюу жол-жоболорунун, ошондой эле исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен каржылоо объектилеринин каржылоонун ислам принциптерине шайкеш келишин аныктоо Шарият кеңеши тарабынан ишке ашырылат.
Шариат кеңеши тарабынан чечимди кабыл алуу тартиби Шариат кеңешинин ички ченемдик документтери менен аныкталат.
Ушул пункттун максаттарын ишке ашыруу үчүн ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келген көз карандысыз Шарият кеңеши тартылат.
Шарият кеңеши бизнес-пландын, эмиссия проспектинин жана ачык сунуштоо шарттарынын, чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздарды каржылоонун ислам принциптерине шайкеш келиши жөнүндө корутунду берет.
23. Шарият кеңеши менен келишим түзүү Эмитенттин директорлор кеңеши тарабынан ишке ашырылат.
24. Шарият кеңеши 3төн кем эмес мүчөдөн турушу керек.
Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши керек:
1) экономика же финансы чөйрөсүндө жогорку билим жөнүндө дипломунун болушу;
2) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү негизги ченемдик документтерди кошкондо, исламдык финансы жаатындагы билимдерге ээ болуусу;
3) каржылоонун ислам принциптери жаатындагы билимдерге ээ болуусу, ушул багыт боюнча окуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер менен ырасталган;
4) Шарият кеңешинин төрагасынын укук жана/же финансы иши багыты боюнча Шарият жаатындагы жогорку билими жөнүндө диплому жана Шарият кеңешинде үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек;
5) төмөнкү шарттарга кабылбашы керек:
- талапкерлерге карата соттун чечими менен белгиленген мөөнөттө алардын финансы чөйрөсүндө иштөөсүнө тыюу салуучу соттун айыптоо өкүмү чыгарылган;
- талапкерлерге карата экономика, финансы жана банк иши чөйрөсүндө кылмыштарды жасаганы, ошондой эле кызматтык кылмыштары үчүн айыптоо өкүмү чыгарылган;
- талапкерлер мурда Директорлор кеңешинин төрагасы, Директорлор кеңешинин мүчөсү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган оригинатордун же эмитенттин башкармалыгынын төрагасы, башкармалыгынын мүчөсү, башкы бухгалтери, ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат орундарын ээлеген.
25. Шарият кеңешинин мүчөсү төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) акыркы үч жылдын ичинде оригинатордун же эмитенттин башкармалыгынын же байкоочу органынын кызматкери, мүчөсү эместиги же буга чейин болбогондугу жана/же аталган адамдардын жакын тууганы эместиги;
2) оригинатордун жана эмитенттин аффилирленбеген жагы эместиги;
3) оригинатордун жана эмитенттин аффилирленген жагынын жакын тууганы эместиги.
26. Эмитент жана (же) оригинатор тарабынан исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясында, жүгүртүүдө, жоюуда ошондой эле тартылган акча каражаттарын пайдаланууда каржылоонун ислам принциптери сакталбаган учурда, Шарият кеңеши ыйгарым укуктуу органга чараларды көрүү үчүн кайрылууга укуктуу.
|
| Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
|
| ________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Жеке эмиссияда (жашыруун жaйгaштыруу) исламдык баалуу кагаздарын чыгарууну мамлекеттик каттоого АРЫЗ
___________________________________________________________________________________ (эмитенттин толук фирмалык аталышы) ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________ чечимине ылайык жайгаштырылуучу ___________________________________________________________________________________ (исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим, аны бекиткен эмитенттин ыйгарым укуктуу органы, датасы жана номери көрсөтүлөт) төмөнкү исламдык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоону суранат ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ (исламдык баалуу кагаздардын түрү, саны, номиналдык наркы, эмиссиянын көлөмү, төлөө мөөнөтү жана жайгаштыруу ыкмасы көрсөтүлөт) Эмитенттин жайгашкан жери, юридикалык жана почта дареги, байланыш телефондору: ___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________
Жетекчисинин кызмат ордунун аталышы ___________________________________ (аты-жөнү, колу) М.О. Датасы 20__-ж. "__" ________________
|
|
| Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоо КАРТАСЫ
Эмитенттин аталышы: ________________________________________________________________
(толук аталышы, кыскартылган аталышы)
Эмитенттин уюштуруу-укуктук формасы: _________________________________________________
Дареги: ____________________________________________________________________________
Оригинатордун ишинин негизги түрү: ___________________________________________________
Телефон: __________________ Телетайп: ______________________________________
Телефакс: ___________________ Телекс: _________________________________________
Эмитенттин каттоо номери: ____________________________________________________________
Каттоо датасы (кайра каттоо): __________________________________________________________
Эмитентти каттаган орган: _____________________________________________________________
Оригинатор: _________________________________________________________________________
Толук аталышы | Индекс, дареги | Өздүк капитал (сом менен) | Эмитенттин уставдык капиталдагы үлүшү (сом менен, %) |
|
|
|
|
Эмитенттин уставдык капиталы, сом ___________________________________________________
Чыгарылган исламдык баалуу кагаздардын номиналдык наркы, сом _________________________
Исламдык баалуу кагаздардын саны, (нуск. х сом): _______________________________________
Жайгаштыруу башталган дата: _______________________________________________________
Жайгаштыруу бүткөн дата: __________________________________________________________
Жүгүртүү мөөнөтү: _________________________________________________________________
Чыгарууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн: _____________________________________________
(каттоочу органдын аталышы)
_______ KG мамлекеттик каттоо номери 20__-ж. "__" _______________
Исламдык баалуу кагаздардын бул чыгарылышын каттаган кызмат адамдарынын колу: | ____________________________________________________ |
| (аты-жөнү, кызмат орду, колу) |
М.О.
|
| Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
|
| ________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Исламдык баалуу кагаздарды жоюунун жыйынтыктары жөнүндө ОТЧЕТ
_________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы)
Чыгарууну мамлекеттик каттоо номери: _________________________________________________
Чыгарууну мамлекеттик каттоо датасы: 20__-жылдын "__" _______________
Эмитенттин жайгашкан жери, юридикалык жана почта дареги, байланыш телефондору:
__________________________________________________________________________________
Жетекчинин кызмат ордунун аталышы: | ______________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Башкы бухгалтер: | _______________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
Датасы: 20__-жылдын "__" __________________
М.О.
Исламдык баалуу кагаздарды жоюунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун мазмуну:
1. Исламдык баалуу кагаздын түрү.
2. Алардын жүгүртүү мөөнөтү.
3. Исламдык баалуу кагаздардын ошол чыгарылышынын реестр кармоочусу жөнүндө маалымат.
4. Чыгарууну жайгаштыруу аяктаган дата.
5. Жоюу башталган дата.
6. Жоюу аяктаган дата.
7. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар тарабынан эмитентке коюлган доолор.
8. Чыгарууда белгиленген мөөнөттө исламдык баалуу кагаздар жоюлбаган учурда жоюлбаганынын себеби жана бул баалуу кагаздарды жоюунун болжолдуу датасы көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Исламдык баалуу кагаздардын ээлеринин саны (жалпы санын жана юридикалык, жеке жактардын санын өзүнчө көрсөтүү керек).