Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-иуну № 330
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө “үчтөн экисинен кем эмеси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 43-берененин 4-бөлүгүндө “кеминде үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 49-берененин 3-бөлүгүндө “кеминде үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти