Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 337
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерин шыктандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлеринин натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерин шыктандыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөл жана контроль жагындагы администрациялык укук бузуулар үчүн өндүрүлүп, республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш болгон айыптардын (мындан ары - администрациялык айыптар) суммасынын 25 пайызы өлчөмүндө каржылоону караштырсын;
- администрациялык айыптарды төлөөнүн эсебине өндүрүлгөн акча каражатынын түшүүсүн эсепке алсын жана өз ара эсептешүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен ай сайын салыштырып текшерип турсун;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга карата республикалык бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 15-июнунда N 73 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |