Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерин шыктандыруу жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөл жана контроль жагындагы администрациялык укук бузуулар үчүн өндүрүлүп, республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш болгон айыптардын (мындан ары - администрациялык айыптар) суммасынын 25 пайызы өлчөмүндөгү акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Экотехинспекция) пайдалануусунун тартибин аныктайт.
2. Экотехинспекциянын каражаттары төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
- 10 пайызы Экотехинспекцияны материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу үчүн пайдаланылат;
- 10 пайызы түздөн-түз администрациялык айып салган жана өндүргөн Экотехинспекциянын инспекторуна сыйлык катары төлөнүп берилет (мындан ары - горизонталдык сыйлоо);
- 5 пайызы Экотехинспекциянын контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын аткарбаган кызматкерлерин сыйлоого жумшалат (мындан ары - вертикалдык сыйлоо).
3. Экотехинспекциянын ишинин материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртууга жумшалган каражаттар төмөнкүлөрдү сатып алууга жана жаңыртууга пайдаланылат:
- компьютердик жана көбөйтүүчү техниканы;
- транспорттук каражаттарды жана аларга запастык бөлүктөрдү;
- эмеректи жана инвентарды.
4. Сыйлыктарды төлөп берүү өз алдынча юридикалык жактын статусу бар региондук бөлүнүштүн (мындан ары - региондук бөлүнүш) директорунун/жетекчисинин буйругунун негизинде бухгалтердик кызмат тарабынан ишке ашырылат.
5. Экотехинспекциянын ар бир кызматкерин сыйлоонун өлчөмү Сыйлоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан аныкталат.
6. Комиссиянын курамы мамлекеттик жарандык кызматкерлер болуп эсептелген кызматкерлерден түзүлөт жана директор тарабынан бекитилет.
Региондук бөлүнүштө Комиссиянын курамын анын жетекчиси бекитет.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- статс-катчы/региондук бөлүнүштүн жетекчисинин орун басары - Комиссиянын төрагасы;
- бухгалтердик кызматтын кызматкери - Комиссиянын катчысы;
- мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясынын төрагасы;
- персоналды башкаруу, бухгалтердик жана юридикалык кызматтардын жетекчилери (адистери).
Эгерде статс-катчынын/региондук бөлүнүштүн жетекчисинин орун басарынын кызмат орду бош болсо, анда Комиссиянын төрагасы болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири убактылуу дайындалат. Комиссиянын төрагасын убактылуу дайындоодо инспектордук иш жүргүзбөгөн жетекчи/кызматкер кошумча болуп киргизилет.
7. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссия өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди кароо жана тактоо үчүн документтерди сураганга, башка структуралык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин (адистерин) ишке тартууга укуктуу. Комиссия жыйындын жыйынтыгы боюнча протокол түрүндө таризделүүчү чечим чыгарат.
8. Комиссиянын чечими кворум болгон учурда Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат (Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес). Добуштар бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
Региондук бөлүнүштөрдүн Комиссияларынын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү Комиссиянын катчысы тарабынан кол коюлган күндөн тартып үч иш күнүнөн кечиктирбестен статс-катчыга жиберилет.
9. Экотехинспекциянын кызматкерлеринин кызматтык иштеринин натыйжалары Экотехинспекциянын ар бир кызматкерин сыйлоонун жекече өлчөмүн аныктоо үчүн отчеттук айдан кийинки ар бир айдын 5 күнүнөн кечиктирбестен Комиссия тарабынан каралат.
10. Комиссиянын кароосуна материалдар төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- горизонталдык сыйлоо боюнча - бухгалтердик кызмат тарабынан, тиешелүү тармактык структуралык бөлүнүш менен макулдашуу боюнча;
- вертикалдык сыйлоо боюнча - сыйлоо маселесин демилгелеген/же Экотехинспекциянын жетекчилиги маселени киргизүү тапшырган структуралык бөлүнүш тарабынан бухгалтердик кызмат менен макулдашуу боюнча.
11. Статс-катчы/региондук бөлүнүштүн жетекчисинин орун басары эки иш күнүнөн кечиктирбестен директорго/региондук бөлүнүштүн жетекчисине сыйлоо боюнча сунушту киргизет.
Региондук бөлүнүштүн директору/жетекчиси эки иш күнүнүн ичинде буйрукка кол коёт.
12. Вертикалдык сыйлоо үчүн негиз болуп кызматтык иштин натыйжалары кызматтык милдеттерин, пландарды, тапшырмаларды жана башка иш-чараларды, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу, толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу эсептелет.
13. Мында тартиптик жана башка жазасы бар, ошондой эле кызматтык териштирүү жүрүп жаткан же жазык иши козголгон Экотехинспекциянын кызматкерин сыйлоого жол берилбейт.
14. Экотехинспекциянын кызматкерлерине өргүүдө (эмгектик, окуу, акы төлөнбөгөн, бала багуу боюнча ж.б.) болгон мезгилинде, ошондой эле оорусуна байланыштуу жок учурда сыйлык берилбейт.
15. Сыйлоонун жыйынтыгы боюнча кызматкер Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда ал сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бир айдын ичинде Комиссияга даттанууга укуктуу.
Комиссия арыз берилген учурдан тартып бир айдын ичинде арызды карайт жана тиешелүү чечим чыгарат. Комиссия кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине 14 иш күнүнүн ичинде кабарлайт.
Комиссиянын даттанууну кароонун натыйжасы боюнча чыгарган чечими менен макул болбогон учурда, талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
16. Сыйлыктарды берүү боюнча финансылык операциялар накталай эмес эсептешүү менен жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар делого топтолот жана бухгалтерия кызматында үч жыл бою сакталат, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте архивге өткөрүлүүгө тийиш.