Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 344
Жарандык жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоонун натыйжалуулугун арттыруу жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2017-окуу жылынан баштап И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынан тышкары, жарандык жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерине студенттерди кабыл алууну токтотушсун;
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынан тышкары, 2017-жылы 2015-окуу жылында региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерине кабыл алынган студенттер окуусун аяктагандан кийин, 2017-жылдын 1-сентябрына чейин жарандык жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерин жоюшсун;
- жогорку окуу жайлардын жетекчиликтери менен бирдикте региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерин жоюуга байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү үчүн ведомстволор аралык комиссияларды түзүшсүн жана иш-чаралардын планын, аларды өткөрүү мөөнөтүн жана аймактык комиссиялардын курамын көрсөтүү менен ишке ашырышсын.
2. Ведомстволор аралык комиссиялар региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерин жоюунун жүрүшүндө бошотулган мүлктү жана башка материалдык баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын аяктаган жана 2015-2017-окуу жылында региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттеринде аскердик даярдыктан өткөн студенттерге запастагы офицер аскердик наамын берүү тартибин аныктасын;
- региондук жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттерин жоюу учурунда бошотулган окуу-аскердик техникасын, куралдарды, аскер тематикасы боюнча окуу-методикалык колдонмолорду жана башка материалдык-техникалык мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин окуу борборлору (аскердик бөлүктөр жана мекемелер) боюнча бөлүштүрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |