Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 9-февралы № 43
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей
аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик
кызматтар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 7 августа 2015 года № 221, 2016-жылдын 26-мартындагы № 29, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 , 2023-жылдын 14-июлундагы № 137, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
3-глава. Аскердик каттоо. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
4-глава. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу
5-глава. Жарандардын контракт боюнча аскер кызматына келиши
6-глава. Аскердик кызматты өтөө
7-глава. Альтернативдик кызматка чакыруу жана өтөө
8-глава. Чакыруунун мөөнөтүн узартуу жана бошотуу
9-глава. Запаста туруу
10-глава. Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
11-глава. Ушул мыйзамды аткаруу менен байланышкан иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо
12-глава. Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республиканын жарандарынын конституциялык парзын жана Мекенди коргоо боюнча милдетин ишке ашыруу максатында аскердик милдетке, аскердик жана альтернативдик кызматка тийешелүү болгон коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
Мекенге чыккынчылык кылуу Кыргыз Республикасынын элинин алдында абдан оор кылмыш болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, этностук таандыктыгына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, расмий тилде.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү;
жалпыга бирдей аскердик милдет - Кыргыз Республикасынын жарандарынын Мекенди коргоо боюнча конституциялык парзы жана милдети;
аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү;
контракт боюнча аскердик кызмат - жарандардын Мекенди коргоо боюнча милдетин ыктыярдуу аткарууга негизделген аскердик кызмат;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү - "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууга арналган мамлекеттик аскердик уюм;
аскердик жыйындар - аскер кызматчыларынын аскердик даярдыгын, аскердик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу же текшерүү максатында аскердик бөлүктөргө чакыруу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө өткөрүлүүчү иш чаралар;
аскердик каттоо - аскерге милдеттүүлөрдү, чакыруу жана мобилизациялык ресурстарды каттоо жана анализдөө системасы;
аскерге милдеттүүлөр - запаста турган жана аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо турган жарандар;
тарбиялануучулар - жалпы, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик даярдык боюнча кошумча билим берүү программасы менен окуп жаткан жарандар;
аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар - Аскер прокуратурасы, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрү;
башка аскердик түзүмдөр - улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери;
аскерге чакырыла электер - он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы эркек жынысындагы жарандар;
жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо - аскердик иштин негизи жана адамдын коопсуздугун жана турмуштук аракеттерин камсыздоо боюнча окутуунун милдеттүү предмети (окуу дисциплинасы);
аскерге милдеттүүлөрдүн запасы (запас) - аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарында алар аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо тутуу;
алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия - жарандарды алар он алты жаш куракка чыккан жылы аскердик каттоого коюу мезгилинде түзүлүүчү комиссия;
курсанттар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан жоокерлик жана сержанттык курамдагы аскер кызматчылар;
аскер кызматына чакыруу боюнча иш-чаралар - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү;
мобилизациялык ресурс - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн согуш мезгилине карата комплектилөө үчүн пландалуучу, аскердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чарбалык субъекттердин техникасы;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу наряды - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын керектөөсүнө ылайык аныкталуучу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырыла турган чакырылуучулардын саны;
коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан анын негизги жумушунан же окуусунан бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз жумушту аткаруусу, бул жумуштун түрү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат;
аскерге милдеттүү эместер - аскердик-дарыгердик комиссия, чакыруу комиссиясы же аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жараксыз деп табылып, аскердик каттоодон чыгарылган жарандар;
мөөнөттү кийинкиге калтыруу - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу;
отставка - аскер кызматчыларын запаска өткөрбөстөн аскердик кызматтан бошотуу;
чакыруу - жарандарды ушул Мыйзамда белгиленгендей аскердик милдетти аткарууга чакыруу;
запаста туруу - аскерге милдеттүлөрдүн аскердик каттоо менен байланышкан милдеттерди аткаруусу;
чакыруу комиссиясы - жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мезгилинде түзүлүүчү комиссия;
угуучулар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары;
аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар;
жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды калыптоочу жана жөнөтүүчү пункт;
мөөнөттүү аскердик кызмат - жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте милдеттүү чакырууга негизделген аскердик кызматы;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, тексттеги айрым сөздөргө дал келбейт.
2-берене. Жалпыга бирдей аскердик милдеттин укуктук негизи
Жалпыга бирдей аскердик милдеттин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка укуктук нормативдик актылары, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар эсептелет.
3-берене. Аскердик кызмат
1. Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик милдетти аткарууга багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү.
Он тогуздан кырк жашка чейинки курактагы аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары тынчтык убакытта аскердик каттоого алынышы мүмкүн.
2. Аскердик кызмат өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
чакыруу боюнча аскердик кызмат;
контракт боюнча аскердик кызмат.
Чакыруу боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет:
мөөнөттүү аскердик кызмат;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
ушул Мыйзамдын 20-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык чакырылган офицерлердин кызматы;
согуш мезгилинде мобилизация жарыялангандагы кызмат;
аскердик жыйындарды өтүүдөгү кызмат, анын ичинде запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо предметтерин окуу.
резервдик түзүмдөрдөгү кызмат.
Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет:
резервдик түзүмдөрдө, отряддарда, ошондой эле аскердик башка түзүмдөрдө ыктыярдуу негиздеги кызмат;
жоокерлердин, сержанттардын курамында, прапорщиктердин жана офицерлердин кызматтарында ыктыярдуу тартипте кызмат өтөө;
аскердик окуу жайларда курсанттарды жана угуучуларды окутуу.
3. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын элине берилгендигине Аскердик ант беришет.
Мурда Аскердик ант бербеген аскерге милдетүүлөр аны аскердик жыйындарга чакырылганда беришет.
4. Ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте, жарандарды чакыруудан мөөнөттүү калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Аскер кызматчыларынын курамы. Офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү
1. Аскер кызматчылары жана аскерге милдетүүлөр төмөнкү курамдарга бөлүнөт:
жоокерлер
сержанттар;
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
прапорщиктер;
офицерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда төмөнкүдөй аскердик наамдар белгиленет:
жоокерлер - катардагы жоокер (курсант), ефрейтор;
сержанттар - кенже сержант, сержант, улук сержант, старшина;
прапорщиктер - прапорщик, улук прапорщик;
офицердик курам:
- кенже офицерлер - кенже лейтенант, лейтенант, улук лейтенант, капитан;
- улук офицерлер - майор, подполковник, полковник;
- жогорку офицерлер - генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковник, армиянын генералы.
3. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
аскердик наамда: | иштеген жылдарынын мөөнөттөрү: |
кенже лейтенант | 1 жыл |
Лейтенант | 2 жыл |
улук лейтенант | 3 жыл |
Капитан | 4 жыл |
Майор | 5 жыл |
Подполковник | 6 жыл |
Полковник | ушул бөлүктүн онунчу абзацында каралган учурларды кошпогондо, белгиленбейт |
"Генерал-майор" жогорку аскердик наамы Кыргыз Республикасынын коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жетекчи кызматтарды ээлеген адамдарга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып эки жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Жогорку класстык чендери бар мамлекеттик кызматчыларга штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлешин караган кызматтарга дайындалган учурда, дайындоо менен бир убакта же дайындалган күндөн тартып алты айдан кеч эмес жогорку класстык ченге ылайык келген жогорку аскердик наам ыйгарылат.
Штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарын ээлеген аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктерине Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ушул беренеде каралган талаптарды сактабастан "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн.
Полковник" аскердик наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "генерал-майор" жогорку аскердик наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.
Офицердик курамдын кызматтарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) класстык чендери, атайын класстык чендери жана атайын наамдары бар адамдарга аларда болгон класстык ченге, атайын класстык ченге жана атайын наамга төп келген аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбайт. Көрсөтүлгөн адамдар аларда болгон запастагы аскердик наамдары боюнча аскердик кызматка аныкталат (чакырылат).
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Аскердик кызмат орундар
1. Аскер кызматчысы штат боюнча тийиштүү аскердик наамы болуучу кызмат орунга дайындалат жана аскердик кызмат өтөйт.
Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти чыңдоодо, татаал аскер техникасын үйрөнүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участкада милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн анык аскер кызматындагы офицерлерге бир жолудан көп эмес ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наам мөөнөтүнөн мурда бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам берилиши мүмкүн.
Жогорку офицердик курамдын аскердик наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Аскер кызматчылары аскердик наамынан соттун чечими боюнча гана ажыратылышы мүмкүн.
Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү же кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартип жазасы берилген аскер кызматчылары, ошондой эле кылмыш иши боюнча айып коюлган аскер кызматчылары кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтардын, аскердик-каттоо адистиктеринин жана аларга ылайыктуу аскер наамдарынын тизмеги, ошондой эле кызмат маяналарынын жана тарифтик разряддарынын өлчөмү тиешелүү актылар менен аныкталат.
3. Аскер кызматчысы төмөнкүдөй учурларда аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарда өтөөсү мүмкүн:
командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - эки айдан ашпашы керек;
уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - үч айдан ашпашы керек;
аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу - бул чараны колдонууну жокко чыгарууга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин командирдин (начальниктин) карамагында болгондо;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобого (мындан ары - Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобо) же эл аралык милдеттенмелерге ылайык мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыгында иштерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштөөгө жиберилгенде;
күйөөсү кызматы боюнча түздөн-түз мамлекеттик чек араны кайтаруу бөлүмчөлөрүнө орун которгонуна байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо аял-аскер кызматчыларынын командирдин (начальниктин) карамагында болуусу - аскердик кызмат өтөгөн бардык мезгилде беш жылдан ашпашы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
6-берене. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
1. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо - аскердик кызматтын негиздерине үйрөтүү максатында аскерге чакырыла элек жана чакырылуучу курактагы жарандар менен өткөрүлүүчү милдеттүү иш-чаралардын комплекси.
2. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
жаштарды чакырылганга чейинки даярдоо;
аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо;
жалпы орто билим берүү уюмдарында кошумча билим берүүчү программалар боюнча аскердик даярдоо;
запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо;
дене тарбия даярдыгы, дарылоо-ден-соолугун чыңдоо иштери, аскердик-патриоттук тарбия.
3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат жана камсыздалат.
4. Менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилери аскерге чакырыла электер жана чакырылуучулар аскердик кызматка даярдыктан өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
5. Жарандарды аскердик кызматка даярдоонун уюштурулушун жана өткөрүлүшүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо
1. Орто жана жалпы билим берүүчү окутуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү окуу жайларда (мекемелерде) жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жүргүзүлүшү үчүн контролду билим берүү маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоо
1. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуунун спорттук-техникалык коомдук окуу жайларында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында жүргүзүлөт. Даярдала турган адистердин саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, адистердин тизмеги жана даярдоо программасы коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоого аскердик кызматка ден-соолугунун абалы боюнча жарактуу, он жети жашка толгон жана андан улуу жаштагы жарандар жиберилет.
Окуу аяктагандан кийин жарандар алар даярдыктан өткөн адистиктер боюнча аскердик кызматка жиберилүүгө тийиш.
2. Атайын окуу жайларда билим алып жаткандан башка жарандар өндүрүштөн ажыратуу менен аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдыктан өтүп жаткан мезгилде жумуш орду жана ээлеген кызматы сакталат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Жарандарды билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүүчү программалар боюнча аскердик даярдоо
1. Кошумча билим берүүчү программалар менен билим берүүчү жайлар болуп жалпы орто, техникалык жана кесиптик билим берүүнү ишке ашырып жаткан билим берүүчү мекемелер эсептелет.
2. Аскер даярдыгын өтүү тартиби жана тарбиялануучуларды үлүштөрдүн бардык түрлөрү менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Жарандарды запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо
1. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган жарандар, ошондой эле курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен жүргүзүлөт.
2. Жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын кызматчылары менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
Курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдык ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
3. Медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, запастагы офицерлер программасы боюнча даярдыктан өтүүнү каалаган жарандар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт түзөт.
4. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсунан жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аяктаганда запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн жарандарга "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик-эсепке алуу адистиктеринин тизмегин, запастагы офицерлердин программасы боюнча жарандар даярдала турган окутуу программасын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен, медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн бөлүнүүчү орундардын санын белгилейт.
6. Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоонун, аскердик даярдоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Дене тарбия. Дарылоо-ден-соолукту чыңдоо иштери. Аскердик-патриоттук тарбия берүү
1. Чакырыла электердин жана чакыруу курагындагылардын дене тарбия даярдыгы дене-тарбия-спорттук уюмдары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдары тарабынан жалпы орто билим берүүчү мектептерде жана башка окуу жайларда, менчигинин формасына карабастан уюмдарда, чарбалык субъекттерде дене-тарбия даярдык программасына ылайык жүргүзүлөт.
2. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды дарылоо ден-соолукту чыңдоо иштери жаштардын аскердик кызматка даярдалышын медициналык камсыздоо боюнча жобого ылайык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды аскердик-патриоттук тарбиялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3-глава Аскердик каттоо. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
12-берене. Аскердик каттоо
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөрдөн башка жарандары аскердик каттоого алынууга тийиш:
аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан;
ички иштер органдарынын кызматкерлеринен;
улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен;
(бешинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;
мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен;
аскердик-каттоо адистиги жок аялдардан;
ушул Мыйзамга ылайык аскердик милдетти аткаруудан бошотулган жарандар.
2. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жериндеги райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт, алар жок калктуу пункттарда аскердик каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
3. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосу жалпы жана атайын каттоо болуп бөлүнөт.
Жалпы аскердик каттоодо чакырылуучулар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизация учурунда жана согуш мезгилине карата брондолбогон аскерге милдеттүүлөр турат.
Атайын аскердик каттоодо мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга мобилизация учуруна жана согуш мезгилине карата брондолгон аскерге милдеттүүлөр турат.
4. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана аскердик каттоодон чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Катардагы же жетекчи курамдагы кызмат орунга дайындалган, же улуттук коопсуздук, ички иштер, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кадрына алынган аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоодон чыгарылып жана ошол органдарда Аскердик каттоо жөнүндө жободо белгиленген тартипте атайын каттоодо турушат.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тиешелүү аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде каттоого алынууга тийиш. Аларды каттоого алуу тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик органдар, уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамга жана Аскердик каттоо жөнүндө жобого ылайык жарандардын аскердик каттоого алынышын камсыздашат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу
1. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу мамлекеттик бийлик органдары, областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.
Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт:
жарандарды аскердик каттоого коюу;
жарандардын санын аныктоо;
жарандардын аскер кызматына жарактуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо;
жарандардын жалпы билим деңгээлин жана адистигин аныктоо;
чакырылуучуларды алдын-ала дайындоо;
аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга кирүү үчүн талапкерлерди тандоо.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, окуу жайлардын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери жыл сайын белгиленген мөөнөттө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскердик каттоого алгачкы коюуга тийиш болгон жарандардын тизмесин беришет.
4. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу үчүн райондордо жана шаарларда төмөнкүдөй курамдагы комиссиялар түзүлөт:
комиссиянын төрагасы - тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссары;
комиссиянын мүчөлөрү:
адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стамотолог, психиатр, фтизиатр) жана катчы.
Алгачкы аскердик каттоо боюнча комиссиянын персоналдык курамын жана анын ишинин тартибин жыл сайын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы бекитет.
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн, медициналык, техникалык кызматкерлердин, ошондой эле тейлөөчү персоналдын ал милдеттерди аткаруу убактысында жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталат.
Эгерде аталган адамдардын милдеттерди аткаруусу иш сапарлар менен байланышкан болсо, анда мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын жашаган жеринен иштеген жерине жана кайра барууга, турак-жайды жалдоого чыгымдарын, ошондой эле иш сапар чыгымдарын төлөп беришет.
5. Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Медициналык кароодон өткөн жарандар, аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиянын чечими менен чакырылуучулардын каттоосуна алынат, ал эми аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарга аскердик каттоодон чыгаруу менен белгиленген тартипте аскердик белет берилет.
Алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссиясы тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жарандардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө акыркы чечими чакыруу комиссиясы тарабынан аныкталат.
6. Жарандар аскердик каттоого коюу менен байланышкан милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон убакытка жумушунан (окуусунан) иштеген ордун жана ээлеген кызматын сактоо менен бошотулат.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, ошондой эле каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, 4-бөлүктө расмий тилдеги бешинчи абзацта.
14-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын, чакырылуучулардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоо боюнча милдеттери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аларды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарга чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү алардын аскердик-каттоо документтери болгондо жумушка алууга милдеттүү.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
аскердик-каттоо документтеринде райондук аскердик комиссариаттарынын аскердик каттоого алынганы (аскердик каттоодон чыкканы) жөнүндө белгиси бар болгондо аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоого алууга (каттоодон чыгарууга);
тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн, аскерге чакырылгандардын жана аскерге чейинки чакырылуучулардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
аскерге чакырылуучуларды аскердик каттоого алууга, жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга чакырууну жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө;
жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосу үчүн контролду жүзөгө ашырууга.
4. Ички иштер органдары төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү:
аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөөгө, кармоого жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүүгө;
(үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
райондук (шаардык) аскер комиссариатынын суроосу боюнча жарандардын соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү жана жери өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
6. Алгачкы тергөө жана тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр жөнүндө, ал эми соттор - жазык иштери сот тарабынан каралып жаткан чакыруучулар жана аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.7. Калкты социалдык коргоо органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болуп таанылган бардык аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
8. Саламаттыкты сактоо органдары райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын чакыруу жүргүзөөрдүн алдындагы кайрылуулары боюнча дарыланууда жана диспансердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
9. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Калкты каттоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жарандар тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатынын аскердик каттоого коюу же каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматын көрсөткөндө, жарандарды жашаган жери боюнча каттоону (каттоодон чыгарууну) жүзөгө ашырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 30 июля 2016 года № 158, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-глава Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу
15-берене. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу
1. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын милдеттүү негизде өздүк курам менен комплекттөөгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
Жарандарды аскердик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт;
мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык бардык жерлерде ар жылда эки жолу (март-майда жана сентябрь-ноябрда);
согуш мезгилиндеги мобилизация боюнча - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча;
жоокерлер жана сержанттар курамдарынын кызмат ордуларына - белгиленген тартипте аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлеринин табыштамаларынын негизинде.
Прапорщиктердин, офицерлердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка Кулуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде аскерге милдеттүүлөр чакырылат.
2. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандар, аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда аскердик каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү.
Жарандардын чакыруу участкаларына келүүсүнүн так мөөнөтү райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругунда аныкталат.
Уюмдардын жетекчилери чакырылууга тийиш болгон жарандарды чакыруу үчүн керектүү убакытка жумуштан (окуудан) бошотууга, аларды иш сапарлардан чакырууга жана чакыруу участкаларына өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жашаган жери алмашылган учурда жаран ал жөнүндө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариатына кабарлоого милдеттүү.
Белгиленген мөөнөттө чакыруу участкаларына келбей калуунун жүйөөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
медициналык күбөлөндүрүүгө ылайык жарандын чакыруу участкасына өзү келүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген оору;
жакын тууганынын (атасы, энеси, ага-иниси, эже-карындашы, баласы) же жубайынын өлүмү же катуу оорусу;
күтүүсүз мүнөздөгү тоскоолдор, мында өз убагында келе албай калгандыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу же ички иштер органдары тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
4. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууга жардам көрсөтүшөт.
5. (КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Чакыруу комиссиялары
1. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылып жаткан, аскердик-окуу жайларына өтүп жаткан жарандар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Жарандардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн райондордо (шаарларда) төмөнкү курамдагы медициналык комиссиялар түзүлөт:
комиссиянын төрагасы - тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү;
райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү;
чакыруу комиссиясынын улук врачы;
катчы.
Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучуларды жана аскердик окуу жайларына өтүп жаткан жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен дарыгерлер жана орто медициналык персонал дайындалат.
2. Чакыруу комиссиясы медициналык күбөлөндүрүүнүн, жарандын үй бүлөлүк абалынын, диний көз-караштарынын, соттолгондугунун, каалоосунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну;
(үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
альтернативдик кызматка чакырууну;
ден-соолугунун абалы же башка негиздер боюнча кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууну;
тынч убакта аскердик кызмат өтөөгө ден-соолугунун абалы боюнча жарамдуу эмес, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарамдуу деп табуу жана запаска киргизүүнү;
аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табууну;
ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аскердик милдеттерди аткаруудан бошотууну.
Чакыруу комиссиянын чечими жаранга жеткирилет.
Чакыруу комиссиянын чечиминин көчүрмөсү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын колуна берилиши керек.
Чакыруу комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле чакыруу комиссиясынын ишине катышкан адамдар тартат.
3. Чакыруу комиссиясынын чечимине жаран Республикалык чакыруу комиссиясында даттанышы мүмкүн.
Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат. Республикалык чакыруу комиссиясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишин жетектөө жана контроль жүргүзүү;
жарандарга мөөнөтүн узартуунун жана кызматка чакыруудан бошотуунун мыйзамдуулугун текшерүү;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарды кызмат өтөө жерине жиберүүнүн алдында аларды контролдук медициналык кароону уюштуруу;
тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде катардык эмес кызматка жарамдуу, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз жана ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарамдуу деп табылган жарандарды контролдук медициналык кароону уюштуруу;
алардын аскердик кызматка жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө корутунду менен макул эместиги жөнүндө арызданган жарандарды, ошондой эле альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кайрадан медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү;
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине болгон жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо;
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жокко чыгаруу.
Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими сотто даттанууга мүмкүн.
4. Ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жана запаска киргизилген жарандар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мөөнөттө жана тартипте медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Чакыруу курагындагы жарандар медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылганда жалпы негизде кызматка чакырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу
1. Мөөнөттүү аскердик кызматка он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, аскердик кызматка чакырылуудан бошонууга укугу жок же аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон эркек жарандар чакырылууга тийиш.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйын пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген учурдан баштап эсептелет.
2. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошонууда, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өтүү жана белгиленген сынактарды тапшыруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
3. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.
Жарандар чакыруу комиссиясына райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарынын чакыруу кагазы боюнча келүүгө милдеттүү. Чакыруу кагазы райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилери, уюмдардын башка аскердик-каттоо иштери үчүн жооптуу кызмат адамдары (жумушчулары) тарабынан жаранга жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына кол койдуруу менен тапшырылат. Чакыруу кагазында анда баяндалган талаптарды аткарбоонун укуктук кесепеттери көрсөтүлүшү керек.
Чакыруу кагазын жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда, жарандын чакыруу комиссиясына келүүсүн камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
4. Акт менен күбөлөндүрүлгөн, чакыруу кагазын тапшырган кызмат адамы жана эки күбө тарабынан кол коюлган чакыруу кагазын алуудан өтүүдөн баш тарткан учурда негиздүү себептерсиз мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу менен байланышкан иш чараларга райондук (шаардык) аскердик комиссариатынын чакыруусу боюнча келбеген жаран аскердик кызматтан баш тарткан болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан баш тартуу болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө жиберүү үчүн негиздүү себептери жок келбей коюу;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тартуу.
Райондун (шаардын) аскердик комиссары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тарткан адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу материалдарын белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
5. Издөө иштеринин жүрүшүндө айкындалган, райондун (шаардын) аймагында жашаган, бирок аскердик каттоого турбаган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Чакырылуучуларга аскер комиссариатында өздүк иштери ачылат жана алар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жөнөтүлөт. Чакырылуучулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө протоколдор китебинен үзүндү көчүрмөлөр алардын туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн үзүндү көчүрмөнү алгандан кийин эсепке алуу-алфавиттик китепке тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк иштери чакырылуучулар чакыруу комиссиясынан өтүүчү жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт.
6. Жаңы келген аскер кызматчыларынын арасынан аскердик кызматка жарактуулукту чектеген, мурда билинбеген кандайдыр бир оорулуулары алар аскердик ант бергенге чейин айкындалган учурда мындай аскер кызматчылары Республикалык чакыруу комиссиясы менен макулдашуу боюнча, жыйноо пункттарына андан ары тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө аскер комиссариаттарына жөнөтүү үчүн кайта жөнөтүлөт. Бул жөнүндө аты аталган тизмелерде тийиштүү белгилер коюлат. Жыйноо пунктунан мындай аскер кызматчысынын ордуна аскер бөлүгүнө башка чакырылуучу белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Эгерде аскердик-дарыгерлик комиссиясы тарабынан ден-соолугунун абалы боюнча мөөнөттүү аскердик кызматты андан ары өтөө үчүн жараксыз деп табылса же мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө мезгилинде аскер кызматчысына чакыруудан мөөнөтүн узартууга укук берген үй бүлөлүк абалы өзгөрсө, мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет.
19-берене. Чакырылуучу мобилизациялык резервге чакыруу жана кызмат өтөө
(КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Запастагы офицерлерди аскер кызматына чакыруу
Офицердик курамдагы адамдар офицердик кызмат орундарында пайдалануу үчүн тынч убакта аскердик кызматка аныкталышы мүмкүн:
өз эрки боюнча - улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен;
чакыруу боюнча - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу санда жана аскердик-каттоо адистиги боюнча отуз жаштан жогору эмес курактагы адамдардын арасынан эки жылга.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу
1. Жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызмат өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызмат өтөгөн жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджетке толук өлчөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөсүн карайт.
Чакыруунун жана жыйындардан өтүүнүн тартиби, ошондой эле акчалай төгүмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.
(Абзац КР 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.
Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат.
5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Запастын биринчи категориясына каттоого алынган, жогорку билими бар, курагы 30 жашка чейинки, офицердик курамдын запастагы биринчи аскердик наамын алууну каалаган аскерге милдеттүүлөр мобилизациялык резервдин жыйындарынан запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча өтүшөт.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары бүткөндө аскерге милдеттүүлөргө офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке толук көлөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү жарандардын төлөөсүн карайт.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу
1. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу күнүнө он сегиз жашка толгон жарандар чакырылат.
2. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде аскердик кызматка чакырылган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар менен иштеген жери, кызматы боюнча толук эсептешүү жүргүзүлөт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн айлык акысы, бошонуу жөлөк пулу жана колдонулбаган өргүү үчүн компенсациялык төлөөлөр төлөнөт. Согуш мезгилинде жана мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын турак-жай аянты сакталат. Согуш мезгилинде мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын үй-бүлөлөрүнүн мамлекеттик камсыздоосу (пособие, пенсия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар согуш мезгилинде жана мобилизация өткөрүүдө аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга өз убагында кабарлоону камсыз кылууга жана топтоо пункттарына же аскер бөлүктөрүнө алып келүүгө милдеттүү.
4. Согуш мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын туруктуу жашаган жеринен чыгып кетишине райондук (шаардык) аскер комиссарынын уруксаты берилбейт.
221-берене. Жарандарды резервдик түзүмдөргө чакыруу, ошондой эле ыктыярдуу резервдик түзүмдөргө, отряддарга жана аскердик башка түзүмдөргө ыктыярдуу негизде чакыруу
1. Түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана башка курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен аскердик кагылышуулар) жаралганда, жарандарды резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакыруу мобилизациялоону жарыялабастан, ошондой эле мобилизациялоону, согуш абалын же согуштук жагдайды жарыялоо менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жарандар резервдик түзүмдөргө жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылууга тийиш. Ыктыярдуу резервдик отряддарга ыктыярдуу негизде чакырууга чакырылган күндө он сегиз жашка толгон жарандар тартылат, мында жаш курак чектелбейт.
3. Резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылган жарандарга акчалай акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган контракттык кызмат өтөөнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү аскер башкармалыгынын органдарында резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө талапкер катары ыктыярдуу негизде каттоого турууга укуктуу.
Резервдик түзүмдөрдү, ыктыярдуу резервдик отряддарды түзүү жана иштетүү негиздери, аларды пайдалануу тартиби, ошондой эле резервдик түзүмдөрдө жана ыктыярдуу резервдик отряддарда жарандардын кызмат өтөө тартиби, төлөө тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава Жарандардын контракт боюнча аскер кызматына келиши
23-берене. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт
1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ортосунда түзүлөт.
2. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө контрактта жарандын аскердик кызматка өз эрки менен киргендиги, жаран контракттын башка шарттарын сактоого милдеттенген мөөнөтү бекитилет.
3. Контракт боюнча кызматты өтөө мөөнөтү контрактка кол койгон күндөн эсептелет.
4. Контракт өзүнүн аракетин төмөнкү учурда токтотот:
мөөнөтү бүткөнү боюнча;
аскер кызматчысынын мөөнөтүнөн мурда иштен бошонуусуна байланыштуу;
аскер кызматчысы тарабынан аскер кызматын өтөө жөнүндө башка контрактты түзгөн күндөн баштап;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген башка учурларда.
5. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттын шарттары контрактта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандын аскердик кызмат өтөө милдетин өзүнө камтыйт.
6. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат орундарына дайындалган аскер кызматчылары, аскер кызматын тиешелүү кызмат орундарында аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн өтүшөт.
Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын кызмат орундарынан бошоткондон кийин алар аскер кызматын өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүшөт же ушул Мыйзамда жана Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо белгиленген тартипте аскер кызматынан бошотулат.
7. Жогорку билими бар жана алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, Аскер кызматын өтөө жөнүндө жобо тарабынан белгиленген тартипте контракт боюнча аскер кызматына өтүүгө укугу бар.
(КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Контракт боюнча аскер кызматына өтүп жаткан жарандарга коюлуучу талаптар
1. Контракт боюнча аскер кызматына өтүп жаткан жарандар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
башка жарандыкка ээ болбогон Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;
курсанттардан тышкары, он сегиз жаштан жаш эмес жана ушул Мыйзамда белгилеген аскердик наамына карата аскердик кызматта туруунун чектүү курагынан улуу эмес болушу керек;
медициналык, кесиптик-психологиялык талаптарга жана аскердик-каттоо адистиктерине ылайык келиши керек.
2. Контракт боюнча аскер кызматына төмөнкү жаран чакырыла албайт:
медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык, аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып жаткан оорулары бар болсо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;
соттуулугу, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар болсо; ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган болсо; анын жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо; же болбосо алар белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган болсо;
аскер кызматына өтүү убагынын алдында бир жылдын ичинде атайын укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан административдик-тартиптик жоопкерчиликке тартылса;
кызмат ордуна ылайык келбөөсү же кадыр-баркты кетирген жоруктары боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулса, эгерде бошотуу күнүнөн тартып бир жыл өтпөсө.
Аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөргө контракт боюнча аскердик кызматка алууда, талапкерлерге кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Кызматына ылайык келбегендиги же дискредитация боюнча мамлекеттик жана аскердик кызматтан бошотулган талапкерлерди, бошотулган мөөнөтүнө карабастан, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган карабайт.
3. Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жаранга карата укук коргоо жана атайын органдар тарабынан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө текшерүү жүргүзүлөт.
4. Жарандардын аскердик кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
5. Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жаранды кабыл албоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды бурмалоо;
талапкердин аскердик-каттоо адистиги боюнча бош кызмат орундарынын жоктугу.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Жарандардын жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруусу. Аскердик окуу жайларда окуп жаткан жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу укугу берилет.
Жогорку аскердик окуу жайларына тапшырууга төмөнкүлөр укуктуу:
курсанттар катары:
- тапшыруу мезгилине карата он жети жаш куракка толгон, бирок жыйырма бир жаштан ашпаган жарандар;
- аскер кызматын өтөгөн жарандар жана мөөнөттүү аскер кызматын жана контракт боюнча аскер кызматын жоокер, сержант жана прапорщик кызматтарында өтөп жаткан аскер кызматчылары тапшыруу мезгилине карата жыйырма төрт жаш куракка толгонго чейин;
угуучулар катары - офицердик курамдагы аскер кызматчылары.
Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программалары бар билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жогорку аскердик окуу жайларына өтүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.
Аскердик окуу жайларына тандоо тартибин, аял аскер кызматчылары менен комплекттөөгө жол берилген аскердик-каттоо адистиктеринин тизмегин жана жогорку аскердик окуу жайларында окуу убагында аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоонун тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын кошпогондо, курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп ал жогорку аскердик окуу жайга кабыл алынган дата эсептелет.
3. Жогорку аскердик окуу жайларына кабыл алынган учурда курсанттар контракт (аскер кызматчыларынын ичинен курсанттар - жаңы контракт) түзүшөт жана (улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо) аскердик кызмат орундарына дайындалышат.
Жогорку аскердик окуу жайларга окууга бир жылга жана андан ашык мөөнөткө жиберилген офицерлер окуу жөнүндө жана аскердик окуу жайларды аяктагандан кийин үч жыл аскер кызматын милдеттүү өтөө тууралуу жаны контракт түзүшөт.
4. Он сегиз жашка толо элек адамдарды кошпогондо, жогорку аскердик окуу жайларга тапшырбаган же алардан чыгарылган аскер кызматчылары, эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жана аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу болбосо, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошундарга жана бөлүктөргө жөнөтүлөт.
5. Жогорку аскердик окуу жайларын бүткөндөн кийин курсанттарга "лейтенант" деген аскердик наам ыйгарылат.
Окуу мөөнөтү беш жылдан ашык болгон жогорку аскердик окуу жайларында окуп жаткан курсанттарга "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы 5-курсту аяктагандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, тексттеги айрым сөздөргө дал келбейт.
26-берене. Контракттын мөөнөтү жана аны түзүү тартиби
1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт алгач үч жылдык мөөнөткө, андан ары аскердик кызматында туруу курагынын чегине жеткенге чейин же пенсияга укук берген кызматтын мөөнөтүнө чейин ар бир үч жыл сайын түзүлөт.
2. Жарандар жогорку аскердик окуу жайларга өтүп жатканда (ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо) окуу мөөнөтүнүн бардык мезгилине жана жогорку аскердик окуу жайларды аяктагандан кийинки он жылга контракт түзүшөт. Андан ары аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте түзүлөт.
3. Талапкерлерди тандоо тартиби жана алардын контракт боюнча аскердик кызматка өтүүсү Аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2023-жылдын 14-июлундагы № 137, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-глава Аскердик кызматты өтөө
27-берене. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу
1. Аскер кызматчысы, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр, аскердик жыйындарды өтүү убагында аскердик кызматтын милдеттерин өтөп жатат деп төмөнкү учурларда эсептелет:
согуш аракеттерине катышуу;
кызматтык милдеттерди аткаруу;
күжүрмөн нөөмөттү, күжүрмөн кызматты, гарнизондук нарядда кызмат өтөө, суткалык наряддын курамында милдеттерин аткаруу;
машыгууларга катышуу;
аскердик жыйындарда болуу, жыйындар өтүүчү ордуна баруу жана келүү;
командир (начальник) тарабынан берилген буйруктарды жана тескемелерди аткаруу;
кызмат убактысынын күн тартибинде белгиленген убакыттын ичинде же башка убакытта аскер бөлүгүнүн аймагында болуу, эгерде бул кызматтык зарылчылык менен байланышкан болсо;
кызматтык иш сапарда болуу, иш сапар ордуна баруу жана келүү;
кызматта болуу, кызмат ордуна баруу жана келүү;
дарыланууда болуу, дарылануу ордуна баруу жана келүү;
өргүүдө болуу, өргүү өтүүчү ордуна баруу жана келүү;
туткунда, барымтада же мажбурлап жайгаштыруу абалында болуу;
аскер кызматчыны дайынсыз жоголду деп таанууга же мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланганга чейин дайынсыз жоголуу;
инсандын өмүрүн, ден-соолугун, ар-намысын жана кадырын коргоо;
адамдын жана жарандардын өмүрүн, ден-соолугун, укугун жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча укук коргоо органдарына жардам берүү;
коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жасалган, сот тарабынан таанылган, аскер кызматчынын башка аракеттерди жасаганы;
өзгөчө кырдаалдар же согуштук абалдагы шарттарда, ошондой эле куралдуу чыр-чатак шарттарында тапшырмаларды аткаруу;
тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тынчтыкты сактоочу операцияларга катышуу;
жаратылыштык, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга катышуу жана аймактык коргоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу.
2. Командирлерге (начальниктерге) аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тиешеси жок же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга багытталган буйруктарды (буйруу) жана тескемелерди берүүгө тыюу салынат.
(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Аскер кызматчыларын кызмат орундарына дайындоо жана которуу
Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөө тартиби, кызмат ордуна дайындалууда аскер кызматчыларына болгон талаптар, ошондой эле аларды которуу Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо белгиленет.
29-берене. Аскер кызматынын мөөнөттөрү
1. Аскер кызматынын мөөнөттөрү календардык эсептөөдө төмөнкүдөй белгиленет:
мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн - он эки ай;
чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицерлер үчүн - жыйырма төрт ай;
аскер кызматын контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн - Аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жоболордо көрсөтүлгөн мөөнөттөр.
2. Дисциплинардык бөлүктөрдө жазасын өтөп жаткан жоокерлерге, сержанттарга жазасын өтөгөн мезгили мөөнөттүү аскер кызматынын мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.
(Абзац КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөөгө байланышкан белгилүү бир милдеттерди аткаруу максатында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок эки айдан ашык эмес аскер кызматында калтырууга укук берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 14-июлундагы № 137, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-берене. Аскер кызматындагы аскер кызматчыларынын чектүү курагы
1. Офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:
капитанга чейин кошо алганда - кырк беш жаш;
майорлорго - элүү жаш;
подполковниктерге - элүү үч жаш;
полковниктерге - элүү беш жаш;
генерал-майорлорго - алтымыш жаш;
генерал-лейтенанттарга жана андан жогоркуларга - алтымыш беш жаш.
2. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердик жана сержанттык курамдагылардын, ошондой эле аял-аскер кызматчыларынын (офицерлер жана прапорщиктерден тышкары) аскердик кызматта болушунун чектүү курагы кырк сегиз жашты түзөт.
3. Прапорщиктердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагы элүү жаш.
4. Чектүү куракка жеткен аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык запаска же отставкага бошотулууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Аскер кызматынан бошонуу
1. Аскер кызматчыларынын бошонуусу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
жашы боюнча - аскер кызматында туруусунун чектүү курагына жеткенде;
пенсияга укук берген кызматтын мөөнөтү келгенде;
чакыруу же контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтү бүткөндүгү боюнча;
аскер кызматына жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө аскердик-дарылоо комиссиясынын чечимине байланыштуу ден-соолугунун абалы боюнча;
кызматтык ылайык келбегендиги;
дискредитация;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскер наамынан ажыратылса;
атайылап жасаган кылмышы үчүн алардын оордугуна жана жазалардын түрлөрүнө карабастан соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
аскердик окуу жайларынан чыгарылганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда;
ишенимди жоготууга байланыштуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.
2. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
контракттын шарттары ал тарабынан аткарбагандыгына байланыштуу;
штаттардын кыскарышы боюнча же башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, эгерде аскер кызматчыны колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо;
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошонууга укуктуу:
ага карата контракттын шарттарын маанилүү жана олуттуу түрдө бузуу учурунда;
үй-бүлөлүк шарттар боюнча төмөнкүлөрдүн натыйжасында:
- аскер кызматчынын үй-бүлө мүчөсүнүн медициналык көрсөткүчтөрү боюнча аскер кызматчы аскер кызматын өтөп жаткан жерде жашоого мүмкүн эмес болгондугунун жана аскер кызматчыны жаңы аскер кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк жоктугунун;
- үй-бүлөнүн башка жерге көчүүсүнүн зарылчылыгы менен байланышкан күйөөсүнүн - аскер кызматчынын (аялынын - аял аскер кызматчынын) аскер кызматынын орду өзгөргөндүгүнүн;
- калкты социалдык коргоо органынын корутундусуна ылайык ден-соолугунун абалы боюнча аларды жашаган жери боюнча такай багууга (жардамга, көзөмөлгө) муктаж болгон атасын, энесин, аялын, күйөөсүн, агасын, эжесин, чоң-атасын, чоң-апасын же багып алгандын же биринчи же экинчи топтун майыптарынын же карылыгы боюнча пенсиялык куракка жеткен же он сегиз жашка жетпеген адамдарды такай багуу зарылчылыгынан жана мыйзам боюнча көрсөтүлгөн жарандарды багууга милдеттүү адамдар жок болгондугунун;
- он сегиз жашка жете элек баланы багуу зарылчылыгынан, аны аскер кызматчы энеси жок (атасы) тарбиялап жаткандыгынын;
аскердик-дарылоо комиссиясы тарабынан тынч убакта катардан тышкары аскердик кызматка жарамдуу, согуш мезгилинде аскердик кызматка жарамдуу деп табылганда;
Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү органдарына шайланган учурда;
соттун кызмат ордуна дайындалганда же шайланганда.
4. Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицердик курамдын аскер кызматчысы ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган шарттар бар болгондо аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошонуу укугуна ээ.
5. Каза болгон (курман болгон) аскер кызматчы каза болгон (курман болгон) күндөн баштап, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок болгон деп табылган же каза болду деп жарыяланган аскер кызматчы, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Кийин каза болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчылары өздүк курамдын тизмесинен аскер кызматчыларын бошотуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдарынын буйруктары (өздүк курам боюнча) менен аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) тийиштүү билдирүүлөрүнүн негизинде себептери көрсөтүлүп чыгарылат. Мында каза болгон (курман болгон) аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларын, ошондой эле тынчтык убагындагы аскердик аракеттер менен байланыштуу дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу аскер кызматчысынын жоктугу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын териштирүүнүн жыйынтыктарынын негизинде үч айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Аскер кызматынан аскер кызматчыларын бошотуу өзгөчө же согуштук абалды киргизүү учурунда, анын аракет кылуу мезгилине токтотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 06-марты № 08-р чечими
311-берене. Аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу тартиби
1. Офицердик курамдын кызмат ордунда аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бошотулат.
Прапорщиктердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн адамдар прапорщиктерди кызмат ордуна дайындоого укугу бар кызмат адамдарынын буйругу менен аскердик кызматтан бошотулат.
Жоокердик жана сержанттык курамдын кызмат орундарында аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган кызмат адамдарынын буйруктары менен аскердик кызматтан бошотулат.
2. Укуктарын кемсинтпестен бошотуу мүмкүнчүлүгүнө объективдүү түрдө жолтоо болгон шарттарга (медициналык мекемеде стационардык дарыланууда, кош бойлуулук, төрөт жана бала багуу боюнча өргүүдө, туткунда жүргөндө, барымтага алынган же мажбурланып кармалган абалда болгондо жана мыйзамда аныкталган ушул сыяктуу башка жагдайларда) туш болгон аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулбайт, ал эми мындай учурларда бошотуу жөнүндө чыгарылган буйруктар көрсөтүлгөн жагдайлар токтолмоюнча саптык бөлүктүн буйругу менен ишке ашырылбайт.
Эгерде атайылап жасаган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылса, же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчылары дискредитация боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат.
Эгерде этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон бөлүп коюу менен байланышпаган жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде же этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык катуу таасирдеги тартип чарасы көрүлөт.
3. Аскердик кызматтан бошонуу үчүн бир нече негиздер бар болсо, аскер кызматчысы ал өзү тандаган негиз боюнча (бошотуу ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча жүргүзүлгөн учурлардан тышкары) бошотулат.
Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу алар иштерин жана кызмат ордун тапшыргандан, ошондой эле кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт.
Запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскер бөлүгүнө келип түшкөнгө чейин, бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүсүн колдонбогон аскер кызматчыларына өргүү алар ишин жана кызматын тапшыргандан кийин гана берилип, андан кийин аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат.
Мында ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык календардык иштеген жылдарына карата берилет.
Аскер кызматчыларын бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жылда өргүүнү пайдаланган, бирок бошотула тургандыгына байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен кийинки жылы чыгарылган аскер кызматчыларына келген жылда берилүүчү өргүү берилбейт.
Эгерде аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскердик бөлүккө келип түшкөндөн кийин өргүүдөгү аскер кызматчысы ооруп калса, жыл сайын берилүүчү өргүү узартылбайт. Ошондой эле аскердик кызматтан бошотулгандыгына байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу менен аскер кызматчысына берилген кезектеги өргүү узартылбайт.
4. Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин кадрдык органдары өздүк иштеринен алардын аскердик кызмат өтөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды такташат. Тактоо жүргүзүлгөндөн кийин, аскер кызматчылардын аскердик кызматты өтөгөн мезгилдерин тастыктоо үчүн, пенсияга чыгууга укугу бар аскердик кызматчылардын өздүк иштери алар аскердик кызматты өтөп жаткан мамлекеттик органдын жогору турган башкаруу органдарына жөнөтүлөт:
- офицердик курамга жана прапорщиктерге карата - кадрдык органга;
- катардагы жоокерлерге жана сержанттарга карата - катардагы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарын комплектөө маселелерин тескөөчү органга.
Андан ары өздүк иштери аскер кызматчыга пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдары эсептелүүчү мамлекеттик органдын пенсиялык бөлүмүнө жөнөтүлөт.
5. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга көрсөтүлүүнүн алдында алардын өтүнүчү боюнча ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугунун даражасын аныктоо үчүн аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт, алардын токтомдору бошотуунун негиздерин аныктоодо эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү амбулатордук түрдө же стационарда бир айдан ашык эмес мөөнөттө өткөрүлүүсү мүмкүн.
Аскер кызматынан ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча бошотулуп жаткан жана аскердик кызматта иштеген жылдары 20 календардык жылдан аз болгон аскер кызматчылары аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилбейт.
Аскердик кызматта 20 жана андан көп календардык жыл иштеген аскер кызматчыларына бошотуунун негиздерине карабастан, аскердик-врачтык комиссиядан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүнө тыюу салынбайт, мында аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу бошотуунун негизине таасирин тийгизбейт.
6. Аскердик кызматтан бошотулган, бирок ишин жана кызматын белгиленген тартипте тапшырбаган аскер кызматчысы бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү же жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат. Мында каттоо документтери аскердик каттоого алуучу жерге жиберилет. Аскердик бөлүккө (мекемеге) карызы болгондо карызды өндүрүү аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын бошотууга документтерди даярдоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.
8. Аскердик кызматтан мыйзамсыз соттолгондугуна байланыштуу бошотулган же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан алынган же четтетилген аскер кызматчылары аскердик кызматка мурда ээлеген же ага барабар кызмат орундарына белгиленген тартипте кайра орноштурулат.
9. Жеңилдетилген эсептөөдө аскердик кызматта 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган аскердик кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, запаска же отставкага бошотулуу учурунда ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аскердик кийим формасын кийүүгө укук берилет.
10. Мөөнөттүү аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары, ал эми башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчилердин буйруктары менен жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын ден соолугунун абалына жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт.
Кылмыш иши жүрүп жаткан аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн учурда аларды аскер кызматынан бошотуу тиешелүү тергөө же сот органдары менен макулдашуу боюнча гана аскердик кызматтан бошотулушат.
Сот тарабынан эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле тартип бөлүгүнө жазаны өткөрүү үчүн жиберилген аскер кызматчылары, соттолгонго чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктөрдүн тизмесинен өкүм мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава Альтернативдик кызматка чакыруу жана өтөө
32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу
1. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран:
төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал:
- ал диний ишеними курал колдонууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналса, же анда Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары болсо;
- (абзац 4 КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац 5 КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал:
- чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо;
- ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо;
- ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса;
- ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо);
- аялы жана бир баласы бар болсо;
- ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо же энеси баатыр эне болуп саналса;
- жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо;
- жалгыз бой энесинин (атасынын) багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо;
- ал атасын жана энесин жоготкон үй-бүлөдөн болсо;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу боюнча командага наряд аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.
3. Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.
Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт.
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)
Жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөнкүлөрдү карайт:
1) үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылган, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы бар деп таанылган жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө;
2) диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөлөрү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалаган жарандар үчүн - кызмат өтөгөн бардык мезгил үчүн 48 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө.
Акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн кеминде алтыдан бир бөлүгү ар бир квартал ичинде төлөнүүгө тийиш.
Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн альтернативдик кызматтын кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматчысына тиешелүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн алар иштеген сааттардын саны жана аткарылган жумуштар жөнүндө маалым кат берет.
5. Альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан кызмат мөөнөтү аяктаган учурда ушул Мыйзамда белгиленген акчалай төгүмдөрдү төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылат, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүп берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кайтарылат.
6. Жаран төмөнкүдөй учурларда альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатат:
медициналык-социалдык эксперттик комиссия аны ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп тааныгандыгына байланыштуу;
аскердик-врачтык комиссия аны альтернативдик кызмат өтөөгө жарамдуу эмес деп таааныгандыгына байланыштуу;
белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу;
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
эгерде ал анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо.
7. Альтернативдик кызмат аяктагандан жана толук сумманы төлөп бергенден кийин жаран, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары запаска киргизилет.
Караңыз:
КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими
8. Альтернативдик кызматты өтүү укугуна ээ болгон жаран, жазуу түрүндөгү арыздын негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мөөнөттүү аскер кызматына чакырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 7-августундагы № 221, 2016-жылдын 26-мартындагы № 29, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-глава Чакыруунун мөөнөтүн узартуу жана бошотуу
33-берене. Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу
1. Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими боюнча жарандарга берилет.
Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү учурларда берилет:
үй-бүлөлүк шарттары боюнча;
билим алуусун улантуу үчүн;
ден-соолугунун абалы боюнча;
(Алтынчы абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтом чыгарылган жарандарга - кылмыш-жаза иши (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук өкүмү (токтому) чыкканга чейин) боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин.
2. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү жарандарга көрсөтүлөт:
эмгекке жарамдуу эмес ата-энелери же алардын ата-энесинин каза болгондугуна же алардын ата-энелик укугунан ажыраткандыгына, же аларды түзөтүүчү мекемелеринде жазасын өтөө менен эркинен ажыратууга сот тарабынан соттолгондугуна байланыштуу алар эки жылдан кем эмес булардын тарбиялануусунда жана багуусунда болгон адамдар болгондо жана үй-бүлөдө жалгыз бала болсо же I жана II топтун майыбы болгон бир тууган ага-ини же эже-карындаштары болсо. Эмгекке жарамдуу эмес ата-энелер - пенсиялык куракка жеткен же I жана II топтун майыбы болгон ата жана эне болуп саналат;
аялы, эки же андан ашык баласы бар болгон, болбосо I жана II топтун майыбы болгон аялы бар болгон;
он сегиз жашка чейинки (же болбосо он сегиз жаштан ашкан, бирок I жана II топтогу майып болуп саналган) эки жана андан ашык балдары бар, жалгыз эмгекке жарамдуу энеси (атасы) болуп, колдонуудагы мыйзамга ылайык, алардын энеси (атасы) менен чогуу же өзүнчө жашаганына карабастан, энесин (атасын) багууга милдеттүү болгон эмгекке жарамдуу башка балдары жок болсо;
он сегиз жашка чейинки, же болбосо он сегизден улуу болгон бир же андан ашык бир тууган ага-ини жана эже-карындаштары бар болгон, бирок I жана II топтун майыбы болуп саналган жана аларды багуу үчүн алууга алардын башка адамдары жок болгондо;
мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан бир тууган агасы бар болгон.
Үй-бүлөлүк абалы боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу жарандарга жыйырма беш жаш курагына толгонго чейин же болбосо мөөнөттүү калтыруу үчүн негиз болгон үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшүнүн убактысы бүткөнгө чейин берилет.
(Сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Билим алуусун улантуу үчүн аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкүлөргө берилет:
алар окуу жайда биринчи курстан тартып окуп жаткан жана экинчи жогорку билим алып жатпаган шарттарда, лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспиранттарына;
орто кесиптик жана орто жалпы билим берүү окуу жайларынын окуучуларына, аларды бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге.
Кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынан начар жетишкендиги, тартипсиздиги үчүн же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн кайрадан чакыруу мөөнөтүн узартуу укугунан ажырашат.
Ар түрдүү негиздер боюнча жогорку окуу жайларынан мурда чыгарылган жана жогорку окуу жайына кайра калыбына келтирилген же башка окуу жайына өткөн адамдарга, билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу мөөнөтүн узартуу берилбейт.
4. Ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу, белгиленген тартипте убактылуу аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандарга алты айлык мөөнөткө чейин берилет.
Эки чакыруунун ичинде ден-соолугунун абалы боюнча чакыруунун мөөнөтүн узартууну алган жарандар, ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөө укугуна ээ болушат.
5. (КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Аскердик же альтернативдик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартуу укугуна ээ болгон жарандар, алардын каалоосу боюнча арызынын негизинде аскердик же альтернативдик кызматка чакырылышы мүмкүн.
7. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу үчүн негизди жоготкон жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аскердик же альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 , 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
34-берене. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу
1. Аскердик кызматка чакыруудан төмөнкү жарандар бошотулат:
тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылган;
аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган;
соттолгондугу жоюлбаган;
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин, башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өткөн;
жыйырма беш жаш куракка чыккандар, эгерде алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аларга мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же андан бошотуу берилген болсо.
2. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандар каттоодон чыгаруу менен, мобилизациялоо боюнча жана согуш убагында аскердик кызматка чакыруудан бошотулат.
4. Он сегиз жаш куракка чыккан жана андан улуу, дене түзүлүшүнүн чектелгендигине ылайык белгиленген тартипте чакыруу комиссияларын өтпөгөн жарандар I, II жана III топтогу майыптыкты белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечимин көрсөткөндө, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет.
5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан жана андан улуу курактагылар, аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнү каалабаган жарандар аларга карата аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан баш тарткан фактылар боюнча материалдар жок болгондо (аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкан фактылар боюнча материалдар болгондо, укук коргоо органдары же сот тарабынан аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкандыгы боюнча чечим кабыл алгандан кийин), алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдөгү сумманы республикалык бюджетке төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-глава Запаста туруу
35-берене. Запаска киргизүү
1. Запаска киргизилген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
аскер кызматынан бошотулгандар;
запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн адамдар, запас боюнча аскердик наам ыйгарылгандан кийин;
запаска киргизүү менен, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан бошотулгандар;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
аскер кызматына чакыруудан бошотулгандыгына байланыштуу аскер кызматын өтпөгөндөр;
аскердик-каттоо адистиги бар аялдар.
ички иштер маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушундай билим берүү уюмдарын бүтүргөндөр, ички иштер органдарынын бошотулгандар.
(КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы чечимине ылайык 35-берененин 1-бөлүгү КР Конституциясына карама каршы келет деп табылды)
2. Ден-соолугу боюнча запаста турган адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аскер кызматына жарамдуулугун аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
3. Аскер кызматына чакыруудан бошотулган, ошондой эле соттун чечими боюнча офицердик курамдын аскердик наамынан ажыратылган адамдар, райондук (шаардык) аскердик комиссариаттар тарабынан "запастагы катардагы жоокер" аскер наамын ыйгаруу менен запаска киргизилишет.
4. Аскер кызматын өтөгөн адамдарга, запаска киргизүүдө аскердик-каттоо адистиги райондук (шаардык) аскердик комиссариаттары тарабынан аныкталат.
5. Запаста туруу аскердик жыйындарды өтүүгө, аскердик кызматка чакыруу эрежелерин аткарууга жана аскердик каттоо боюнча милдеттерди сактоого болгон даярдыгында турат.
6. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында болуунун мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
аскердик наамда: | иштеген жылдарынын мөөнөттөрү: |
кенже лейтенант | 3 жыл |
Лейтенант | 4 жыл |
улук лейтенант | 5 жыл |
Капитан | 6 жыл |
Майор | 7 жыл |
Подполковник | 8 жыл |
Запастагы офицерге ыйгарылган наамда болуунун мөөнөтү ушул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
(КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы чечимине ылайык 32-берененин 7-бөлүгү КР Конституциясына карама каршы келет деп табылды)
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 7-августундагы № 221, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
36-берене. Запаста туруунун чектүү курагы. Запастын категориялары жана разряддары
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасы эки категорияга бөлүнөт - биринчи жана экинчи.
Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруучулардын мобилизациялык резервинде кызмат өтөгөн, альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча аскердик антка келтирүү менен өтөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн, ошондой эле ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин ушул Мыйзамдын 35-беренесине ылайык запаска киргизилген аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызматты өтөбөгөн, альтернативдик кызматты өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска катталган жана мобилизациялык резервге киргизилген аскер кызматчылары, алар тарабынан аскердик жыйындар өтүлгөндөн кийин, биринчи категориядагы запаска каттоого которулууга тийиш.
Аскердик каттоого турган аялдар экинчи категориядагы запаста турушат.
Караңыз:
КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими
2. Аскерге милдеттүүлөрдүн запасы жашы боюнча үч разрядга бөлүнөт. Разряд запаста туруунун мөөнөтүнүн узактыгына жараша белгиленет.
3. Аскерге милдеттүү жоокерлер жана сержанттар курамынын аскерге милдеттүүлөрүнүн запаста туруунун чектүү курагын төмөнкүлөр түзөт:
биринчи разрядды - кырк жашка чейинкилерди кошкондо;
экинчи разрядды - отуз алты жаштан кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо;
үчүнчү разрядды - элүү беш жашка чейинкилерди кошкондо.
Прапорщиктердин запаста болуусунун чектүү курагы элүү беш жашты түзөт.
4. Офицер курамындагы аскерге милдеттүүлөрдүн запаста жүрүү курагынын чеги төмөнкүнү түзөт:
Аскердик наамы | Чектеги жаш курагы | ||
| 1-разряддагы запас | 2-разряддагы запас | 3-разряддагы запас |
Кенже офицердик курам | 48 | 53 | 58 |
Улук офицердик курам | 58 | 63 | 65 |
Жогорку офицердик курам | - | - | 68 |
5. Аял - аскерге милдеттүүлөр, аларга ыйгарылган аскердик наамдарга көз карандысыз запастын үчүнчү разрядына киргизилет. Алардын запаста туруусунун чектүү курагы төмөнкүдөй болуп белгиленет:
жоокерлердин, сержанттардын курамы үчүн - кырк жашка чейин.
прапорщиктер жана офицердик курамдын адамдары үчүн - кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо.
6. Запаста туруунун чектүү курагына жеткен аскерге милдеттүүлөр, ден-соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп табылган адамдар, аскердик каттоодон чыгаруу менен отставкага которулат.
7. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан запаста туруунун чектүү курагы жогорулатылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
37-берене. Согуш мезгилинде жарандарга жалпы аскердик билим берүү
Жарандык коргонуу иш-чараларына калкты тартуу жана согуштук убакта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана аскердик түзүлүштөрүн комплекттөө үчүн зарыл болгон контингенти даярдоо максатында төмөнкүлөргө жалпы аскердик билим берүү өткөрүлөт:
эркектер - он алты жаштан баштап элүү жашка чейинки куракты кошкондо;
аялдар, баласы жок же он жаштан улуу болгон баласы бар, - он сегиз жаштан баштап кырк жашка чейинки куракты кошкондо.
Жарандарга жалпы аскердик билим берүү жарандын иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскердик комиссариаттары тарабынан өткөрүлөт.
38-берене. Аскердик жыйындарды өтүү
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын комплекттөө үчүн дайындалган аскерге милдеттүүлөр окуу, тактоочу жана атайын аскердик жыйындарга чакырылышат.
2. Узактыгы бир ай болгон аскердик жыйындарга аскерге милдеттүүлөр беш жылда бир чакырылат.
3. Окуу жыйындарынын аралыгында аскерге милдеттүүлөр мөөнөтү он беш күнгө чейинки тактоочу жыйындарга чакырылышы мүмкүн.
4. Запаста туруу убагында жыйындардын жалпы мөөнөтү аскерге милдеттүүлөр үчүн он сегиз айдан ашык болбошу мүмкүн. Ушуну менен бирге окуу жыйындарда болгон жалпы мөөнөтүнө, тактоочу жыйындарда болгон убактысы эсептелинет.
5. Атайын жыйындар төрт айга чейин созулуп өткөрүлөт.
6. Аскер жыйындардын мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн иштеген орду жана ээлеген кызматы сакталат, аларга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен эсептик көрсөткүчтүн 150 өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилет.
7. Аскердик жыйындардан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-глава Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
39-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жарандардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:
аскердик каттоо эрежелерин бузгандыгы;
аскер комиссариаттарына, жыйноо пункттарына чакыруу боюнча негиздүү себептери жок көрсөтүлгөн мөөнөттө келбей койгондугу;
(абзац КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
аскер жыйындарынан баш тарткандыгы, ошондой эле аскер жыйындарын өтүү убагында аскер кызматты өтөөнүн белгиленген тартибине каршы укук бузууларды жасагандыгы;
жарандарга аскердик милдетин аткаруудан баш тартууга жардам бергендиги же аларга аскер кызматын өтөөгө тоскоолдук кылгандыгы;
ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды сактабагандыгы.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ыдайык)
40-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги
1. Аскер кызматчылары аскердик наамына жана кызмат ордуна карабай Мыйзам алдында бирдей.
2. Аскер кызматчылары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн тартип уставына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Аскердик тартипти бузгандыгы үчүн аскер кызматчыларын жоопкерчиликке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарында белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-глава Ушул мыйзамды аткаруу менен байланышкан иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо
41-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жана жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссияларын уюштуруу жана өткөрүү жана жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга уюштурулуп жиберүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттары жабдылган чакыруу (жыйын) пункттары, медикаменттер, инструменттер, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл болгон сандагы медициналык, техникалык жумушчулар жана кызмат көрсөтүүчү персоналдын адамдары менен камсыз кылышат;
чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү текшерүү үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарынан орун бөлүп беришет;
мобилизация пландарын аткаруу үчүн жана согуш мезгилиндеги шарттарында кабарлоо штабдары (участкалары), мобилизациялык ресурстарды жыйноо пункттары түзүлөт жана аскерге милдеттүүлөрдү жана техниканы аскердик бөлүктөргө жиберүү уюштурулат;
жалпы аскердик милдеттердин талаптарын жарандар тарабынан аткарууну камсыз кылуу үчүн жүктүн төмөнкү нормасындагы аскердик-каттоо персоналын кармоого милдеттүү:
- эсепте катталууда 500гө чейин аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча бир жумушчу;
- эсепте катталууда 501ден баштап жана андан жогору аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча эки жумушчу.
2. Аскердик-каттоо персоналы тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен камсыздалат.
Аскердик-каттоо персоналын дайындоо, ордун алмаштыруу, бошотуу же кыскартуу райондук (шаардык) аскер комиссарларынын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор
42-берене. Өтмө жоболор
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аскердик кызматты өтөө жөнүндө аскер кызматчылары тарабынан түзүлгөн контракттар, алар түзүлгөн мөөнөт убагында күчүндө болот.
2. Аскердик кызматын контракт түзбөй өтөп жаткан аскер кызматчылары, ушул Мыйзамда каралган тартипте аларды түзүшөт.
3. Аскердик кызматка чакыруудан бошотулган жарандар же аларга аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу ушул Мыйзамдын күчүнө киришине чейин берилсе, алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин берилген бошонуулар жана мөөнөттүү калтыруулар менен колдонушат.
4. Запаста болгон же отставкада турган аскер кызматчыларына жана жарандарга ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарылган аскердик наамдар сакталат.
5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин альтернативдик кызматка чакырылган альтернативдик кызматтын кызматчылары мурда белгиленген тартипте жана мурда белгиленген мөөнөттө альтернативдик кызматтан өтүшөт.
6. Ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгү аны күчүнө киргизгенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
43-берене. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 2, 86-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин
2-пунктуна жана "Альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 5 жана
12-абзацтарына түшүнүк берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 4, 155-ст.);
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 59-ст.);
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын X бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 165-ст.);
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 454-ст.);
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 200-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 366-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 69-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 3, 129-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 501-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 2-ст.);
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж.,
№ 3, 184-ст.);
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 749-ст.);
2006-жылдын 9-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду кирги зүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 250-ст.);
"Альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 322-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: - өзүнүн чечимин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |