Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 359
"2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосуңдагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти