Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 313
Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Ченем жаратуу ишинин сапатын арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу менен иштери байланышкан кызматкерлерди Нускаманы колдонууга карата окутуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга кабыл алышсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |