Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 366
2017-2018-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2018-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2017-2018-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;
- 2017-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайлары боюнча мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө топтомо отчет берсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда N 75 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2018-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы адистиктеринин тизмеси жана окууга кабыл алуу КӨЛӨМҮ
Тармагы | Коду | Адистик | Гранттардын саны |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 330 | ||
Саламаттык сактоо | 560001 | Дарылоо иши | 210 |
560003 | Медициналык-алдын алуу иши | 50 | |
560002 | Педиатрия | 50 | |
560006 | Медайым иши | 20 | |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 125 | ||
| 532200 | Укук коргоо иши (бакалавр) | 125 |
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети | 100 | ||
770100 | Командалык тактикалык мотоаткыч аскерлер (бакалавр) | 75 | |
| 770200 | Чек ара иши (бакалавр) | 25 |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | 236 | ||
Маданият, искусство | 570014 | Актёрдук искусство | 25 |
570013 | Үн режиссурасы | 8 | |
570006 | Кинооператорлук | 10 | |
570019 | Хореография педагогикасы | 2 | |
570015 | Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча) | 30 | |
570029 | Социалдык-маданий иш | 66 | |
550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 10 | |
570009 | Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) | 9 | |
570010 | Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) | 3 | |
570008 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 59 | |
570011 | Композиция | 2 | |
570012 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | 5 | |
570004 | Музыка таануу | 2 | |
570018 | Хореография режиссурасы | 3 | |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 4914 | ||
Кен казуу өнөр жайы | 620100 | Геодезия жана аралыктан зонд менен изилдөө (бакалавр) | 40 |
620100 | Геодезия жана аралыктан зонд менен изилдөө (магистр) | 10 | |
630003 | Кен иштери | 60 | |
630400 | Нефти-газ иштери (бакалавр) | 15 | |
630400 | Нефти-газ иштери (магистр) | 5 | |
630001 | Колдонмо геология | 45 | |
630002 | Геологиялык чалгындоо технологиясы | 25 | |
Бардыгы: | 200 | ||
Гуманитардык адистиктер | 540200 | Социалдык иш (бакалавр) | 30 |
531400 | Дин таануу (бакалавр) | 15 | |
Бардыгы: | 45 | ||
Табият таануу илимдери | 520800 | Экология жана жаратылышты пайдалануу (бакалавр) | 45 |
Бардыгы: | 45 | ||
Саламаттык сактоо | 560001 | Дарылоо иши | 45 |
560002 | Педиатрия | 15 | |
560003 | Медициналык-алдын алуу иши | 15 | |
Бардыгы: | 75 | ||
Компьютердик технология | 710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр) | 85 |
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (магистр) | 5 | |
590100 | Маалымат коопсуздугу (бакалавр) | 35 | |
590100 | Маалымат коопсуздугу (магистр) | 3 | |
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 90 | |
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (магистр) | 5 | |
710300 | Колдонмо информатика (бакалавр) | 40 | |
510200 | Колдонмо математика жана информатика (бакалавр) | 90 | |
710400 | Программалык инженерия (бакалавр) | 55 | |
710400 | Программалык инженерия (магистр) | 10 | |
Бардыгы: | 418 | ||
Маданият, искусство | 570600 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр) | 20 |
570025 | Графика | 10 | |
570022 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 10 | |
570020 | Дизайн | 10 | |
570024 | Живопись | 10 | |
570021 | Интерьерлер жана жабдуулар | 10 | |
570026 | Скульптура | 10 | |
Бардыгы: | 80 | ||
Билим берүү | 520200 | Биология (бакалавр) | 15 |
520200 | Биология (магистр) | 5 | |
520400 | География (бакалавр) | 15 | |
520400 | География (магистр) | 5 | |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (бакалавр) | 265 | |
530400 | Тарых (бакалавр) | 20 | |
531100 | Лингвистика (бакалавр) | 25 | |
510100 | Математика (бакалавр) | 20 | |
510100 | Математика (магистр) | 5 | |
550700 | Педагогика (бакалавр) | 325 | |
550800 | Кесиптик окутуу (бакалавр) | 25 | |
550400 | Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр) | 50 | |
510400 | Физика (бакалавр) | 25 | |
510400 | Физика (магистр) | 5 | |
550200 | Физика-математикалык билим берүү (бакалавр) | 355 | |
532000 | Дене тарбия (бакалавр) | 235 | |
532000 | Дене тарбия (магистр) | 10 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (бакалавр) | 520 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (магистр) | 5 | |
531000 | Филология (бакалавр) | 55 | |
531000 | Филология (магистр) | 10 | |
520100 | Химия (бакалавр) | 20 | |
520100 | Химия (магистр) | 5 | |
550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 85 | |
Бардыгы: | 2105 | ||
Өнөр жай (тамак-аш, иштетүүчү, машина куруу ж.б.) | 700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (бакалавр) | 15 |
700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (магистр) | 5 | |
680200 | Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 15 | |
570700 | Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр) | 60 | |
650100 | Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр) | 15 | |
650100 | Материал таануу жана материалдардын технологиясы (магистр) | 3 | |
650300 | Машина куруу (бакалавр) | 15 | |
650300 | Машина куруу (магистр) | 4 | |
650200 | Металлургия (бакалавр) | 20 | |
700500 | Мехатроника жана робот техникасы (бакалавр) | 15 | |
650500 | Колдонмо механика (бакалавр) | 20 | |
700600 | Стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология (бакалавр) | 15 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр) | 15 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр) | 5 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр) | 50 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр) | 3 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | |
740100 | Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 20 | |
740100 | Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | |
740600 | Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр) | 15 | |
740300 | Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр) | 20 | |
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр) | 20 | |
700200 | Техникалык системаларда башкаруу (бакалавр) | 15 | |
720100 | Химиялык технология (бакалавр) | 20 | |
720100 | Химиялык технология (магистр) | 5 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (бакалавр) | 15 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (магистр) | 5 | |
Бардыгы: | 431 | ||
Айыл чарба | 610300 | Агроинженерия (бакалавр) | 55 |
610300 | Агроинженерия (магистр) | 5 | |
610200 | Агрономия (бакалавр) | 40 | |
610200 | Агрономия (магистр) | 5 | |
720200 | Биотехнология (бакалавр) | 35 | |
720200 | Биотехнология (магистр) | 5 | |
520900 | Биоэкология (бакалавр) | 20 | |
610500 | Ветеринария | 80 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр) | 15 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр) | 5 | |
610400 | Зоотехния (бакалавр) | 15 | |
610400 | Зоотехния (магистр) | 5 | |
730100 | Токой иштери жана ландшафттык курулуш (бакалавр) | 35 | |
730100 | Токой иш жана ландшафттык курулуш (магистр) | 5 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр) | 30 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр) | 10 | |
610700 | Балык чарбасы (бакалавр) | 15 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр) | 30 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр) | 5 | |
Бардыгы: | 415 | ||
Байланыш | 690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (бакалавр) | 25 |
690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (магистр) | 5 | |
690200 | Радиотехника (бакалавр) | 15 | |
690200 | Радиотехника (магистр) | 5 | |
690600 | Телематика (бакалавр) | 15 | |
Бардыгы: | 65 | ||
Курулуш | 750100 | Архитектура (бакалавр) | 25 |
750100 | Архитектура (магистр) | 10 | |
750400 | Шаар курулушу (бакалавр) | 25 | |
750200 | Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр) | 25 | |
750300 | Реставрация жана архитектуралык мурастарды реконструкциялоо (бакалавр) | 15 | |
750500 | Курулуш (бакалавр) | 175 | |
750500 | Курулуш (магистр) | 10 | |
Бардыгы: | 285 | ||
Транспорт | 670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр) | 30 |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр) | 5 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр) | 40 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр) | 5 | |
Бардыгы: | 80 | ||
Туризм | 600200 | Туризм (бакалавр) | 30 |
Бардыгы: | 30 | ||
Башкаруу | 580900 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр) | 95 |
Бардыгы: | 95 | ||
Энергетика | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр) | 15 |
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (бакалавр) | 115 | |
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (магистр) | 10 | |
Бардыгы: | 140 | ||
Жогорку окуу жайларга кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди пайдалануучу адамдарга берилүүчү гранттар: | |||
2017-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алышкан абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны | 50 | ||
I, II топтогу майыптардын катарындагы жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала кезинен майыптарга теңештирилген адамдарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды кабыл алуу үчүн гранттардын саны(*) | 100 | ||
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары жана кайрылман статусуна ээ адамдар үчүн гранттардын саны | 40 | ||
чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | ||
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны | 140 | ||
5705 | |||
Эскертүү.
(*) Айылдык жаштар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык негизде окууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу квотанын алкагында гранттык окутууга кабыл алынышат.