Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 364
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, Т.З.Зулпукаров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Мамашова, А.У.Жапаров, М.Ю.Абдылдаев, Ч.И.Джакупова демилгелеген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 364 токтому менен жактырылган |
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, Т.З.Зулпукаров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Мамашова, А.У.Жапаров, М.Ю.Абдылдаев, Ч.И.Джакупова демилгелеген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Бул мыйзамдын долбоорунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүк жарандарды каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат.
Атап айтканда, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөтү 60 күндөн ашпаган учурда жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандарын каттоодон бошотууну караган ченем менен толуктоо сунушталат. Каралып жаткан мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул ченем жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режими колдонулган чет мамлекеттердин жарандарынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди каттоо милдетинен бошотуу боюнча "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өксүктөрдү четтетүүгө багытталган.
Бирок, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режими колдонулган чет мамлекеттердин жарандарынын республиканын аймагында туруу тартиби аныкталган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин эске алуу менен берененин тексти башка беренелерде кайталанып баяндалбайт, андыктан мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүн жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеге киргизилген жана визасыз режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандарын бошотууну караштыруучу 4 жана 5-пункттар менен толуктоо сунушталат.
Жогоруда аталган пунктта колдонулган "башка факторлор" деген сөз айкашы чаржайыт маани бере тургандыгын, баа берүүчү жана айкындыгы жок сөздөр болуп саналгандыгын жана бул учурда тиешелүү субъектилер тигил же бул кырдаалды өз ыгына жараша чечмелөөгө жана сунушталып жаткан ченемдерди колдонуу укугун берерин белгилөө зарыл.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда кайсы өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүү мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу экендиги так аныкталган эмес, натыйжада аталган ченемди укук колдонуу практикасында эркин чечмелөөгө алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилет.
Ушуга байланыштуу бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды, анын ичинде коомдук талкуу жүргүзүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн убакыт талап кылына тургандыгын белгилейбиз.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
4. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык сунушталган мыйзамдын долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, бул мыйзамдын долбоору ишкердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыгын белгилейбиз, ушуга байланыштуу жөнгө салуучу таасирин талдоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын каттоосуз туруу тартиби жана мөөнөттөрү бекитилгендигин маалымат иретинде кошумча билдиребиз. Чет мамлекеттин жарандарына карата көрсөтүлгөн тизмени түзүү жана бекитүү учурунда (бул тизмеге 92 чет мамлекет кирет) Кыргыз Республикасы тарабынан өз ара алгылыктуу принциптер колдонулган, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер текшерилген.
Жалпылап айтканда, сунушталган мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген ченем жаратуу техникасына шайкеш келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.