Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 372
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузаж районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы Орто-Сай айылы деп өзгөртүп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылы Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп аталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 372 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы райондук борбордон 25 жана облустук борбордон 33 км аралыкта жайгашкан. Айыл аймагында 1286 үй бар, аларда 6688 киши жашайт, алардын ичинен 3478 - эркектер, 3190 - аялдар, улуттук курамы боюнча: 91% - кыргыздар, 9% - башка улуттардын өкүлдөрү. Эмгекке жарактуулар 3127 киши, пенсионерлердин саны 498 киши.
Айыл аймагынын жер аянты 3156 га, анын ичинен сугат жерлер - 2367 га, анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жери 556 га, 5 га жерге көп жылдык чөптөр себилген жана 234 га кайрак жер.
Айыл аймагында 3 мектеп бар, аларда 1465 бала окуйт, 2 бала бакча, 2 фельдшердик-акушердик пункт, 3 аптека, 1 оорукана, 1 клуб жана 1 китепкана бар.
Элдин 95% ичүүчү таза суу менен камсыздалган, сугат суу менен камсыздык 90%.
Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы айылдык аймактын борборунан 6 км жана райондук борбордон 25 км аралыкта жайгашкан. Айылда 351 үй бар, аларда 1732 киши жашайт, анын ичинен 809 - эркектер жана 923 - аялдар, улуттук курамы боюнча: 75% - кыргыздар, 23% - күрттөр жана 1% - башка улуттардын өкүлдөрү. Айылда 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 муниципалдык мончо иштейт.
Айыл аймагынын жер аянты 563 га, анын ичинен сугат жерлер - 187 га, анын ичинен 160 га жерге жемиш багы тигилген.
Жергиликтүү эл ичүүчү таза суу менен 100% камсыздалган, сугат суу менен камсыздык 100%.
Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе атындагы айыл айылдык аймактын борборунан 7 км жана райондук борбордон 30 км аралыкта жайгашкан. Айылда 558 үй бар, аларда 2947 киши жашайт, анын ичинен 1435 - эркектер, 1512 - аялдар, улуттук курамы боюнча: 97% - кыргыздар жана 3% - күрттөр. Айылда 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 клуб бар.
Айыл аймагынын жер аянты 2192 га, анын ичинен сугат жерлер - 867 га, анын ичинен 342 га жерге бак тигилген жана 270 га кайрак жер.
Жергиликтүү эл ичүүчү таза суу менен 100% камсыздалган, сугат суу менен камсыздык 100%.
Мыйзамдын долбоору Ленин айыл аймагындагы айылдарга тарыхый аттарын кайра берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторуна (СОАТЕ) ылайык келтирүүгө арналган.
1992-жылы "Путь Ильича" совхозунун аймагындагы Нововознесеновка селолук совети Боз-Учук айылдык кеңеши деп аталып, мөөр алган. 1992-жылдан бери баардык документтерде Боз-Учук айыл аймагынын айыл өкмөтү деген мөөр басылып келет. Элге жана Ысык-Көл облусунун башка субъекттерине бул аймак Боз-Учук айыл аймагы катары белгилүү. Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунда (СОАТЕ) бул айыл аймагынын аталышы азыркыга чейин Нововознесеновка айыл аймагы деп жазылып жүрөт.
Ушуга байланыштуу Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо маселеси келип чыккан.
Аталган маселе 2015-жылдын 16-декабрында Боз-Учук айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясында каралып, 2015-жылдын 16-декабрындагы № 1 токтому кабыл алынган, Ал токтом Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 23-мартындагы № 25 токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 105 токтому менен жактырылган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо документтерде бул айыл аймагынын аталышын жазууну тартипке салат жана мыйзамдаштырат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагыңдагы Гавриловка айылы совет мезгилине чейин эл оозунда Орто-Сай айылы болуп аталып келген. Кийин орус, немец улутундагы келгиндер отурукташып калган соң, айылдын аты Гавриловка деп өзгөртүлүп калган. Бирок жергиликтүү эл бүгүнкү күндө деле Орто-Сай айылы деп атап жүрүшөт.
Ушуга байланыштуу 2015-жылдын 26-январында Гавриловка айылынын тургундары чогулушта Орто-Сай айылынын тарыхый аталышын расмий түрдө кайра берүү жөнүндө чечимге келишкен.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылы совет мезгилине чейин Жыгач-Коргон айылы деп аталып келген жана 2015-жылдын 7-январында бул айылдын тургундары айылга тарыхый атын кайта берүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.
2015-жылдын 30-январында Ленин айылдык кеңеши Гавриловка айылын Орто-Сай айылы, ал эми Фрунзе айылын - Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Бул маселе 2015-жылдын 2-июнунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын № 24-т токтому менен жана 2015-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 289-б буйругу менен жактырылган.
Аталган айылдарды өзгөртүп атоо алардын тарыхый аттарын кайра берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Баардык документтер "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо каралган эрежелер менен жол-жоболорго ылайык даярдалган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Ысык-Көл облусунун Нововознесеновка айыл аймагынын тургундарынын, Жалал-Абад облусундагы Гавриловка жана Фрунзе айылдарынын тургундарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечимдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айыл аймагынын Гавриловка жана Фрунзе айылдарынын тургундарынын сунуштарын колдоого болот деп эсептейт.
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан. Бул Мыйзамдын долбоору 2017-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жактырылган.