Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 384
"2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте казакстан тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 384 токтому менен жактырылган |
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы № 566-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашуу 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында кол коюлган.
Макулдашуу кол коюлган датадан 15 календардык күн өткөндөн кийин, б.а. 2017-жылдын 10-январынан тартып Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясат жөнүндө протоколдун № 2 тиркемесинин жоболорун өз-ара колдонууну карайт (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси). Буга Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерге/мамлекеттерден Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол менен ташылуучу жүктөргө карата каттамдардын түрлөрү боюнча бир түргө келтирилген тарифтер (экспорттук, импорттук жана мамлекет ичиндеги тарифтер) жөнүндө жобо кирет.
Мунун ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге/мамлекеттерден Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол менен ташылуучу жүктөргө карата каттамдардын түрлөрү боюнча бир түргө келтирилген тарифтер (экспорттук, импорттук жана мамлекет ичиндеги тарифтер) жөнүндө жобону кошкондо Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясат жөнүндө протоколдун № 2 тиркемесинин жоболорун колдонуу (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси) жүктөрдү төмөндөтүлгөн баада ташууга мүмкүндүк берди, ошону менен эки өлкөнүн ортосунда жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү ташууда темир жол транспортунун кызматтарын пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Ошондой эле Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарууну карайт, ушуга байланыштуу бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында аны ратификациялоо керек.
Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин колдонула баштайт жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирүүчү айрым эл аралык келишимдерди жана 2015-жылдын 8-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине кошулуу жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлиги органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуусу боюнча шарттар жана өтмө жоболор жөнүндө Протоколго № 1 тиркеменин 68-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө өзүнүн аракетин токтотот.
Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт жана финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.