ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 «Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-июну № 387

Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу жана мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө максатында, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков