Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 токтому менен бекитилген |
Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу тартибин аныктоо максатында, ошондой эле "Күрөө жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
депозитарийдин ички документтери - депозитарийлик операцияларды жана алардын эсебин жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин жана стандарттарын камтыган депозиттик жана аны коштоочу ишти жасоо боюнча депозитарий бекиткен документтер;
операциялардын демилгечиси - депонент же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, эмитент, реестр кармоочу, депозитарийдин администрациясы, мамлекеттик органдар, башка депозитарий жана башка өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган жактар;
ипотекалык күрөөлүк - мыйзамдуу ээсинин төмөнкүдөй укуктарын ырастаган энчилүү баалуу кагаз:
а) акчалар боюнча милдеттенмелердин бар экендигине башка далилдерди бербей туруп ипотека менен камсыз кылынган, ошол милдеттенмелерди аткарууга алынган укук;
б) ипотекага байланган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууну алуу укугу;
ипотекалык жабым - ипотекалык күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн кредиттик келишимдер жана зайым келишимдери боюнча карыздын негизги суммасын кайтаруу жөнүндө жана пайыздарды төлөө тууралуу ипотека менен камсыз кылынган талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жана (же) чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттар, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, кыймылсыз мүлк;
депозитарийге тапшырма - депозитарийдин нускамасын камтыган жана депозиттик операцияларды же депозиттик операциялар менен байланышкан топторду аткаруу үчүн негиз болгон документ;
каттоо журналы - ипотекалык күрөөлүктү хронологиялык тартипте депозиттик эсепке алуу системасында жасалган каттоо операциялардын (өзгөртүүлөрдүн) китеби;
депо эсеби - депоненттердин реквизиттерин каттоону, анын баалуу кагаздарынын/акча каражаттарынын жана анын кардарларынын баалуу кагаздарынын/акча каражаттарынын эсебин алууну, ошол баалуу кагаздар менен бекемделген укукту аныктоону камсыз кылган депозитарийдин эсептик регистрлериндеги жазуулардын жыйындысы.
3. Ипотекалык күрөөлүктүн ээси лицензия алган депозитарийге ипотекалык күрөөлүктү эсепке алуу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
Ипотекалык күрөөлүктүн ээси өз алдынча депозитарийди тандайт жана бир депозитарий менен депозиттик эсепке алууну жүргүзүү келишимин түзөт.
4. Ипотекалык күрөөлүктү эсепке алууда документ жүгүртүүнү депозитарий өзүнүн ички документтерине жараша уюштурат.
2. Ипотекалык күрөөлүктү сактоо жана депозиттик эсепке кабыл алуу
5. Ипотекалык күрөөлүктү төмөнкүлөрдүн негизинде сактоого кабыл алат:
- операцияны демилгелөөчүнүн тапшырмасынын;
- ипотекалык күрөөлүктүн, ошондой эле ипотекалык күрөөлүктүн ажырагыс бөлүгү болгон, ипотекалык күрөөлүк боюнча өзүнүн укуктарын күрөө кармоочу иш жүзүнө ашыруу үчүн керектеген же ипотеканын шарттарын аныктаган документтердин. Мындай документтердин тизмеси депозитарийдин ички документтери менен аныкталат.
6. Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алууга жана сактоого кабыл алуу андагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ипотекалык күрөөлүктү каттоо жөнүндө тиешелүү жазуу болгондо гана жана ипотекалык күрөөлүктүн ээсине укуктарды өткөрүп берүү тууралуу жазуу (индосаммент) болгондо жүргүзүлөт.
7. Ипотекалык жабымдын курамына кирген ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алууда ипотекалык күрөөлүк депозитарий тарабынан ипотекалык күрөөлүктүн ээсине ипотекалык күрөөлүктү баасы бирдей башка активге алмаштыруу үчүн гана ипотекалык баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилиши мүмкүн.
8. Ипотекалык жабымдын курамына кирген мүлктү сактаган жана/же эсепке алган депозитарийди алмаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 токтому менен бекитилген ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо менен белгиленет.
3. Ипотекалык күрөөлүктү өткөрүп берүү
9. Ипотекалык күрөөлүктү өткөрүп берүү операциясы депозитарийдин эсепке алуу регистрине ипотекалык күрөөлүктү өткөрүп берген депоненттин депо эсебинен ипотекалык күрөөлүктү бир мезгилде эсептен чыгаруу жөнүндө жазууларды киргизүүдө жана ипотекалык күрөөлүктү кабыл алуучу депоненттин депо эсебине ушул ипотекалык күрөөлүктү эсепке жаздырууда турат.
10. Депоненттин депо эсебиндеги баалуу кагаздарын башка депоненттин депо эсебине өткөрүп берүү депозитарийдин эки тарап тең кол койгон тапшырмасы боюнча жүргүзүлөт.
Депозитарийге ар бир тарап кол койгон тапшырмаларын жиберүүгө жол берилет:
- эсебинен ипотекалык күрөөлүк чыгарылып жаткан жөнөтүүчүнүн тапшырмасын;
- эсебине баалуу кагаздар жазылган алуучунун тапшырмасын.
11. Ипотекалык күрөөлүк боюнча укуктардын өтүшүн депозитарий эсепке алат жана каттайт.
12. Каттоо журналында жабымына ипотекалык күрөөлүк камтылган ипотекалык облигациялардын эмиссиясынын датасы, номери жөнүндө белги калтырылат.
13. Операциянын аякташы болуп операциянын эки катышуучусуна тең депозитарий тарабынан отчёт тапшыруусу саналат.
4. Депозиттик эсептен чыгаруу жана ипотекалык күрөөлүктү сактоо
14. Депозиттик эсептен чыгаруу жана ипотекалык күрөөлүктү сактоо операциясы депозитарий тарабынан ипотекалык күрөөлүктү сактоодон чыгарууну жана аларды депоненттин депо эсебинен жокко чыгарууну түшүндүрөт.
15. Депозиттик эсептен чыгаруу жана ипотекалык күрөөлүктү сактоо операцияны демилгелөөчүнүн тапшырмасынын негизинде иш жүзүнө ашырылат.
16. Ипотекалык жабымдын курамына кирген ипотекалык күрөөлүктү сактоодон чыгаруу ипотекалык жабымдын курамынан ипотекалык күрөөлүктү чыгаргандан кийин иш жүзүнө ашырылат.
17. Ипотекалык күрөөлүктүн депозиттик эсепке алынышын токтоткондо жана аны сактоодон чыгарган учурда депозитарий ага бүтүмдөр жана оорлотуу туурасында белгилерди жасайт, алар депо эсеби боюнча депозиттик эсепке алуу системасына киргизген жазууларга ылайык ушул ипотекалык күрөөлүккө карата депозитарийдеги депозиттик эсепке алууну токтотуу учурунда колдонулат.
18. Ипотекалык күрөөлүктөр ушул күрөөлүктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган жана депонентке сертификаттарды өткөрүп берген учурдан тартып сактоодон жана эсепке алуудан чыгарылган болуп каралат.
19. Ипотекалык күрөөлүктү сактоодон чыгаруу депозиттик операциясынын аякташы болуп операцияны демилгелөөчүгө отчетту тапшырып берүү, ошондой эле депонентке ипотекалык күрөөлүктү өткөрүп берүү жана каттоо журналында чыгып кетүү күнүн белгилөө болуп саналат.