Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-июну № 369
“Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
1-берене
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2 жана 3-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам иштөө үчүн лицензияны жана (же) уруксат алууну талап кылган лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн жана аракеттердин түрлөрүнүн толук тизмегин белгилейт.
Лицензиялануучу иштердин алдындагы түрлөрү, иштердин, кызматтардын жана операциялардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен аныкталат.
Уруксаттарды жана/же алардын тиркемелерин берүүнүн, узартуунун, токтото туруунун, кайра жаңылоонун, кайра тариздөөнүн, жарактуулугун, жокко чыгаруунун, токтотуунун, уруксаттардын реестрлерин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле контролдоонун тартибин, уруксаттык талаптардын, аракеттердин жана операциялардын түрлөрүнүн толук тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш процессинде аныктайт.
3. Ушул Мыйзамда каралбаган иштердин түрлөрү боюнча иштин процессинде айрым аракеттерди жасоо укугуна лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө жана берүүнү талап кылууга тыюу салынат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды берүү менен байланышкан жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо тутумуна;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө шайкештикти баалоо тармагына.
5. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнгө салуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, анын ичинде лицензияларды берүү, колдонулушун токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жокко чыгаруу) тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрофинансы иши жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жана кредиттик союздардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун, лицензиялык контролдоонун жана мамлекеттик алымдарды алуунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык тышкы соода операцияларынын айрым түрлөрү боюнча 6 айдан ашык эмес мөөнөткө убактылуу лицензияларды жана (же) уруксаттарды киргизүүгө укуктуу.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууну лицензиялоо тартиби, анын ичинде лицензияларды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, токтотуунун, ажыратуунун тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигине катышкан мамлекеттер тарабынан товарларды ташып келүүгө же ташып чыгууга тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдары
Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу ушул Мыйзамда аныкталган ченемдик укуктук актылардан турат.”
2) 4-беренеде:
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“арыз ээси - лицензия жана (же) уруксат, жана (же) аларга тиркеме алуу үчүн лицензиялоочу органга, же уруксатты берүүчү ыйгарым укуктуу органга кайрылган жеке же юридикалык жак;
лицензиялоо - лицензияларды жана (же) алардын тиркемелерин берүү, кайрадан тариздөө, токтотуп коюу, кайра жаңылоо, дубликаттарын берүү, токтотуу жана жокко чыгаруу, ошондой эле чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу менен байланышкан процесс;
лицензия – лицензия алуучунун атайын укук жөндөмдүүлүгүн аныктоочу жана иштин лицензиялануучу түрүн түзүүчү иштерди жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү, аракеттерди жана операцияларды аткарууга болгон анын укугун ырастаган документ;”;
- алтынчы абзацта “жана (же) уруксат” деген сөздөр алып салынсын;
- тогузунчу, онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“уруксат – ушул Мыйзамда аныкталган аракеттерди жана уруксат берүүчү аракеттердин түрлөрүн түзгөн аракеттерди жана операцияларды ишке ашырууга жеке жана юридикалык жактардын укугун ырастаган документ;
лицензиялардын жана уруксаттардын реестри - лицензиялоо жана уруксаттык процедуралары кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жүзөгө ашырылуучу лицензиялар жана уруксаттар, алардын тиркемелери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;”;
- он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“электрондук лицензия жана (же) уруксат, жана (же) алардын тиркемелери - кагаз жүзүндөгү лицензияга жана (же) уруксатка жана (же) алардын тиркемелерине мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен таризделүүчү жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия жана (же) уруксат, жана (же) алардын тиркемелери;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү – жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“лицензияларды жана (же) алардын тиркемелерин жокко чыгаруу - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып лицензияны жана (же) алардын тиркемелерин колдонуу укугун жокко чыгаруу;
иш – продукцияны өндүрүү, иштерди, кызматтарды, аракеттерди жана операцияларды жүргүзүү максатында жеке жана (же) юридикалык жактар жасоочу процесс же процесстердин, иштердин тутуму;
иштин лицензиялануучу түрү – иштин алдындагы түрлөрүнөн аткарылуучу жумуштардан, кызматтардан, аракеттерден жана операциялардан турган, жүргүзүү үчүн ушул Мыйзамга ылайык лицензия алуу талап кылынган лицензиялануучу иштин түрү;
аракеттердин уруксат алынуучу түрү – ишке ашыруу үчүн ушул Мыйзамга ылайык уруксат алуу талап кылынган, ишке ашырылуучу аракеттерден жана операциялардан турган аракеттердин түрү;
лицензиялык талаптар – лицензияны жана (же) анын тиркемелерин алууда коюлуучу (алдын ала коюлуучу талаптар), ошондой эле алардын жарактуулук мөөнөтүндө (кийин коюлуучу талаптар) уюштуруучулук, квалификациялык, технологиялык жана башка атайын талаптардын тизмеси;
лицензияны ээликтен ажыратуу - лицензияны башка жеке же юридикалык жакка лицензиялык талаптарга дал келүүсүн тастыктаган текшерүүсүз кайра тариздөө;
уруксаттык жол-жобо - уруксаттарды жана (же) алардын тиркемелерин берүү, кайрадан тариздөө, токтотуп коюу, кайра жаңылоо, дубликаттарын берүү, токтотуу жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;
уруксаттык талаптар - уруксаттарды жана (же) алардын тиркемелерин алууда, ошондой эле алардын жарактуулук мөөнөтүндө коюлуучу уюштуруучулук, квалификациялык, технологиялык жана башка атайын талаптардын тизмеси;
уруксаттык контроль - аракеттин түрлөрүнө уруксат берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксаттык талаптардын аткарылышын текшерүү боюнча иши;
уруксаттын ээси – уруксатты алган жеке же юридикалык жак;
лицензиялоонун электрондук тутуму (ЛЭТ) – лицензия, уруксат берүү жол-жоболорунун процессинин, лицензиялардын жана (же) уруксаттардын, алардын тиркемелеринин реестрин электрондук форматта жүргүзүүнүн мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн автоматташтырылган тутуму.”;
3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5-берене. Лицензия жана уруксат берүү жол-жоболорунун принциптери
1. Лицензиялоо жана уруксат жол-жоболорун киргизүү лицензия жана уруксат берүү жол-жобосун киргизүүнүн далилдүүлүк принцибинин негизинде ишке ашырылат.
2. Лицензиялоо жана уруксат жол-жоболорунун принциптери төмөнкүлөр:
1) лицензиялоо жана уруксат жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;
2) эгерде лицензиялык жана уруксаттык талаптарда башкача көрсөтүлбөсө чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга лицензиялоо жана уруксат жол-жоболору Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарына коюлгандай эле шарттарда жана тарипте колдонулат;
3) ушул Мыйзамда аныкталган иштин жана аракеттин түрлөрүн гана лицензиялоо жана уруксаттык жол-жоболорун колдонуу;
4) лицензиарларга жана уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдарга ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу, жана уруксаттык жол-жоболорун колдонууга тийиш болгон аракеттерге, кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;
5) эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе, лицензия алуучунун, уруксаттын ээсинин ак ниеттүүлүгүн таануу;
6) лицензиялоодо жана уруксаттык жол-жоболорду колдонууда рынокто монополизмдин күчөшүн же ишкердик жүргүзүүнүн эркиндигин чектөөнү болтурбоо;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, эл аралык келишимдерге ылайык келген шарттарда башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;
8) техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып техникалык регламенттин жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштин түрүн лицензиялоо жокко чыгарылат;
9) лицензиялануучу иштин белгилүү бир түрүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүүдө лицензиялоону жокко чыгаруу;
10) ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоонун, уруксаттык жол-жоболордун натыйжалуулугун мезгилдүү (ар бир беш жылда) баалоо;
11) лицензиялык, уруксаттык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу. Лицензия берүүчүлөргө лицензиялык, уруксаттык контролдоону (мониторингди) лицензия алуучунун, уруксаттын ээсинин каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырууга тыюу салуу;
12) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил таксилерден тышкары) жана эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштерди албаганда, лицензия алуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактар үчүн өз алдынча лицензия алууга талаптын жол берилбестиги.”;
4) 6-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7, 8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7-берене. Лицензиялоо жана уруксат жол-жоболорун киргизүүнүн тартиби
1. Иштин айрым түрлөрүнө лицензиялоону жана аракеттердин түрлөрүнө уруксат жол-жоболорун киргизүү же алып салуу ушул Мыйзамда каралган лицензиялоо, уруксат жол-жоболору киргизилген иштин жана аракеттин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн.
2. Иштин жана аракеттердин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону жана уруксат жол-жоболорун киргизүү ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган принциптердин негизинде гана мүмкүн.
3. Эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүн албаганда, иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө жана аракеттердин түрлөрүнө уруксат жол-жоболорун киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык милдеттүү талданууга жатат.
8-берене. Жалпы лицензиялык жана уруксаттык талаптар
1. Лицензиялык жана уруксаттык талаптардын баяндалышы алардын мазмунунун бирдей түшүнүлүшүн камсыз кылышы керек. Талаптарды түшүнүүдөгү бардык күмөндөр лицензия алуучунун, уруксат ээсинин пайдасына чечмеленет.
2. Лицензиялык талаптарга экспорттук контролдоо боюнча талаптарды кошпогондо, иштин тийиштүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жөнүндө жалпы талаптар бүтүндөй киргизилбейт.
3. Иштин лицензиялануучу түрлөрү, лицензиялануучу иштердин алдындагы түрлөрү, иштердин, кызматтардын, аракеттердин жана операциялардын түрлөрү боюнча лицензиялык талаптардын толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет.”;
6) 9-беренеде:
- 1-пунктунун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) убактылуу – белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу, тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 5, 6, 17, 32-35-пункттарында каралган лицензияларга, 17-беренесинин 2, 8, 10-14, 21-24, 26, 271, 29 жана 31-пункттарында аныкталган аракеттердин түрлөрү боюнча уруксаттарга карата гана чектөөгө жол берилет.”;
- 2-пунктунун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген жана чектелүү мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларды берүүлөргө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 10, 31 жана 35-пункттарында каралган уруксаттарга карата гана киргизилет;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
“6) төлөм боюнча:
а) ушул Мыйзамдын 15-беренесинде аныкталган иштердин түрлөрү боюнча мамлекеттик алымдар жана лицензиялык төлөмдөрдү албастан берилүүчү, акысыз лицензиялар, ушул берененин 5 жана 6-пункттарын кошпогондо;
б) салыктык эмес төлөмдөр жана мамлекеттик алымдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү үчүн лицензиялык, уруксаттык төлөмдөрдү алуу менен акы төлөнүүчү лицензиялар жана уруксаттар.”;
7) 10-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты бар иш же аракет Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”;
8) 11-14-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну
1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоочу органдын же уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын ким экендигин ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) иштин лицензиялануучу түрү же уруксат берилүүчү аракеттин түрү;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);
6) ишти же аракетти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);
7) лицензиянын жана (же) уруксаттын берилген датасы жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
2. Лицензия жана (же) уруксат жана алардын тиркемелери лицензия берүүчү же уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада жана тартипте, кагаз жүзүндө жана электрондук форматта таризделет.
Лицензиянын жана уруксаттын тиркемеси лицензиянын же уруксаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, жана иштин алдындагы түрүн, иштин, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, аракеттердин жана операциялардын түрлөрүн көрсөтүү үчүн, ошондой эле ишти жүргүзүүчү жерди (юридикалык дарегин) көрсөтүү үчүн таризделет.
3. Лицензиялардын жана уруксаттардын бланктары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн типографиялык ыкма менен жасалат, тиешелүү катар номери жана (же) сериясы болот, катуу эсепке алынуучу документтер болуп эсептелет. Лицензиялардын жана уруксаттардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу, сактоо лицензия же уруксат берүүчү тарабынан ишке ашырылат.
4. Арыз жана ага тиркелүүчү документтер, лицензияны жана (же) уруксатты же алардын тиркемелерин берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты же алардын тиркемелерин берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты же алардын тиркемелерин кайрадан тариздөө, токтотуп коюу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнү же уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун, уруксат ээсинин лицензиялык делосун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте лицензия, уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан сакталууга тийиш.
12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери
1. Лицензиялар, уруксаттар жана алардын тиркемелери лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине (мындан ары - реестр) киргизилет. Реестрлерди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Реестрлер берилген лицензиялардын жана уруксаттардын жана алардын тиркемелеринин бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз расмий булак болуп саналат.
3. Лицензия берүүчүлөр жана уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдар иштин, аракеттин түрлөрү боюнча реестрлерди жүргүзүшөт, алар лицензиялоону, уруксаттык жол-жобону кагаз жүзүндө же электрондук форматта жүзөгө ашырышат.
4. Реестр лицензия берүүчүнүн, уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайттарына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүккө тыюу салынган маалыматтарды албаганда, анда камтылган маалыматтарга кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болот.
13-берене. Лицензиялоо жана уруксаттык жол-жоболор жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы
Лицензия берүүчүнүн, уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүк үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) лицензиялоо, уруксаттык жол-жобо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тексттери;
2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;
3) лицензия, уруксат алуу арызына тиркеле турган документтердин тизмеси жөнүндө, арыздарды кароо мөөнөттөрү, арыздарды кароону аткаруучулар (фамилиясы, аты, атасынын аты, иш телефону, электрондук дареги), лицензиялоочу органдын, уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн иш убактысы тууралуу жетишээрлик маалыматтар;
4) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.
14-берене. Лицензиялоо, уруксаттык жол-жобо чөйрөсүндөгү лицензиялоонун, уруксаттык жол-жоболордун субъекттери
1. Лицензиялоо, уруксаттык жол-жобо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчүлөр жана уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдар:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоого, уруксаттык жол-жоболорду аткарууга ыйгарым укук берилген органдар;
б) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар (лицензиялоо боюнча ыйгарым укук берилген учурда);
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн жана (же) уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу органдын борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилет.”;
9) 15-беренеде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) фармацевтикалык иш;”;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10) патогендүүлүктүн II, III жана IV тобундагы микроорганизмдер менен иштөө;”;
- 11-пункт “иш” деген сөздөн кийин “(ички же жабык тарамдардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт “иш” деген сөздөн кийин “(ички же жабык тарамдардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункт “(жеңил таксилерди албаганда”) деген сөздөрдөн мурда “шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү ташыган” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй редакциядагы 281-пункт менен толукталсын:
“281) радиоактивдүү заттар жана иондуу нурлануунун булагы менен иш жүргүзүү тармагындагы иш, анын ичинде радиоактивдүү заттарды жана иондуу нурлануунун булактарын пайдалануу, сактоо, көмүү, ташуу (бул булактар медициналык иште пайдаланылгандан башка учурларда);”;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31) уулуу заттардын өндүрүштүк калдыктарын ташуу (анын ичинде транс-чек аралык);”;
- 34-пунктундагы “(анын ичинде пиротехникалык)” деген сөздөр алып салынсын;
- 39-44 жана 54-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-62-пункттар менен толукталсын:
“61) камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) иши;
62) пиротехникалык буюмдарды сатуу.”;
10) 16-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо);”;
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктта “, анын ичинде радиоактивдүү заттардын” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин алып коюу, сактоо, кайра иштетүү.”;
11) 17-беренеде:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жумушка уруксат берүү;”;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмеге киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу;”;
- 21-25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18-берене. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин алуу үчүн зарыл документтер
1. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар (лицензиялоонун электрондук тутуму - ЛЭТ) аркылуу жиберет:
1) иштин лицензиялануучу тийиштүү түрүнө ылайык келген жумуштар, кызматтар, аракеттер жана операциялар аталып, ишти жүргүзүүчү жер (юридикалык дарек) көрсөтүлгөн, белгиленген формадагы арызды;
2) жеке жак үчүн – ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
4) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн.
2. Арыз ээси лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин алуу үчүн маалыматтык технологиялар (лицензиялоонун электрондук тутуму) аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электрондук кызмат көрсөтүү үчүн аныкталган сайтта белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Мындай учурда арыз ээси датасы көрсөтүлүү менен анын арызы жана электрондук форматта берген документтеринин тизмеси кабыл алынганы жөнүндө ырастоону алат.
3. Арыз ээси лицензия берүүчүгө электрондук лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө бул тууралуу арызда көрсөтүү менен кайрыла алат.
4. Лицензиялоонун электрондук тутумунун жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Лицензия берүүчү тарабынан арыз ээсинен ушул Мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн лицензиялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди берүүнү талап кылуусуна тыюу салынат.”;
13) 19-беренеде:
- аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19-берене. Мамлекеттик алым
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым алынат.”.
- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 20-23-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20-берене. Арызды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Лицензия берүүчү бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензия берүүчү лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтүн, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде кыскартууну белгилөөгө укуктуу.
2. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен таризделет.
Лицензия берүүчү тарабынан лицензиянын тиркемеси лицензия менен кошо же лицензия алуучуда тийиштүү иштин түрүнө лицензиясы бар болгон учурда берилет.
3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.
Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
4. Берилген лицензиялар жана (же) лицензиялардын тиркемелери жөнүндө маалыматтар, аткарылган кошумча иштер, кызмат көрсөтүүлөр, аракеттер жана операциялар жөнүндө маалыматтарды, иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн аткарылуучу дареги жөнүндө маалыматтар менен кошо лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү, укуктарды каттоо жөнүндө актынын негизинде реестрге киргизилет.
5. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий түрдө жарактуу болуп эсептелет.
6. Эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) лицензиянын тиркемеси жарактуу деп эсептелет. Арыз ээсине лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлабаган учурда лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин жарактуу деп эсептөө ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пунктунда каралган иштин түрүнө колдонулбайт. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүгө милдеттүү.
7. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартууну же лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесинин өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календарлык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүүнү жана кошумча иштерди аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү, иш-аракеттерди, операцияларды аткарууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
8. Лицензия алуучунун алынган лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин негизинде иш жүргүзүүчү ар бир филиалы (өкүлчүлүгү) үчүн лицензия алуучуга филиалдын (өкүлчүлүктүн) иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүү укугун тастыктаган ушул документтердин көчүрмөлөрү берилет.
21-берене. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартуу
1. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) белгиленген лицензиялык талаптарга ылайык келбесе;
2) арыз ээсине иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими бар болсо;
3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;
4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө;
6) лицензия алуучу лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө арыз менен кайрылганда, лицензия алуучунун иштин түрүнө лицензиясы жана (же) лицензиянын тиркемеси бар болсо жана арыз берилген учурда алардын колдонулушу токтотулган болбосо.
2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу укугуна ээ.
3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жоюлган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга болбойт.
4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
5. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия алуучуга кабарлоого милдеттүү.”;
22-берене. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тартуунун үстүнөн даттануу жана негизсиз баш тартуунун айынан болгон чыгымдардын ордун толтуруу
1. Арыз ээси лицензия берүүчүнүн лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тарткандыгы боюнча “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
2. Лицензия жана лицензиянын тиркемесин берүүдөн негизсиз баш тартуудан жана лицензия алуучунун укуктарын бузуудан болгон чыгымдардын орду жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте толтурулат.
23-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө
1. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) юридикалык жакты өзгөртүп уюштуруу;
2) юридикалык жактын аталышынын, жайгашкан жеринин өзгөрүүсү, иштин лицензиялануучу түрү аткарылуучу жердин өзгөрүүсү;
3) жеке адамдын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүшү;
4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы;
6) ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары өзгөргөндүктөн лицензияга жана (же) лицензиянын тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү зарылдыгы жаралышы.
2. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгондо лицензия алуучу арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Лицензияны кайра тариздөө лицензиянын тиркемесин кайра тариздөөгө алып келет.
3. Тийиштүү өзгөртүүлөрдүн болгонун ырастоочу документтерди тиркөө, кайра тариздөөнүн негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензия берүүчүгө лицензия алуучу тарабынан кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш иш күндөн кечиктирбестен берилет.
4. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө лицензия берүүчү тарабынан тийиштүү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде аткарылат. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөөдө лицензия берүүчү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра таризделген лицензиянын жана лицензиянын тиркемесинин мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.”;
15) 24-берененин аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24-берене. Лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү
1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензия берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.”;
16) 25-берененин 1-бөлүгү томөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Убактылуу лицензиянын тиркемелеринин жарактуулук мөөнөтү убактылуу лицензиянын жарактуулук мөөнөтү менен чектелет.”;
17) 26-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26-берене. Лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин дубликатын берүү
1. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жоготкондо, бузуп алганда лицензия алуучу лицензия берүүчүгө жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин бузулган бланкы да тиркелет.
2. Лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин жоголгон, бузулган бланктары лицензия алуучу тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
3. Лицензия берүүчү арыз берилген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин дубликатын берет.
4. Лицензия берүүчүнүн лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин дубликатын берүүдөн баш тартуу тууралуу чечиминин үстүнөн лицензия алуучу “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.”;
18) 28-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Лицензиялык контроль ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптардын лицензия алуучу тарабынан аткарылышын текшерүү максатында тийиштүү лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык контроль жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.”;
- 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Лицензиялык текшерүүлөр лицензия берүүчү тарабынан же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан бекитилүүчү планга ылайык, арыздын ээсинин лицензиялык талаптарга ылайыктыгын аныктоочу изилдөөдөн, лицензия алуучунун өзүнө текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө арыз менен кайрылгандан башка учурларда, ошондой эле жеке же юридикалык жактын лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы тууралуу документтерди, материалдарды жана лицензиялык талаптарды бузгандыгын ырастоочу башка маалыматтарды тиркеп арыз менен кайрылгандан башка учурларда жүзөгө ашырылат.
Лицензиялык контроль лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан, формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү лицензиялык текшерүү баракчасын милдеттүү түрдө колдонуу менен жасалат.
Лицензиялык текшерүү баракчасы иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн лицензиялануучу иштин алдындагы түрү боюнча, аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин, операциялардын ар бир түрү боюнча лицензиялык талаптардын тизмесин камтыйт.
4. Арыздын ээси лицензиялык талаптарга ылайыктыгын аныктаган изилдөө, лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган эреже бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлушун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө текшерүүнү өткөрүү арызынын негизиндеги текшерүү, ошондой эле жеке же юридикалык жактын лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы тууралуу документтерди, материалдарды жана лицензиялык талаптарды бузгандыгын ырастоочу башка маалыматтарды тиркеген арызынын негизиндеги текшерүү лицензиялык контролдун предмети болот.
- 5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Лицензия алуучу лицензиянын талаптарын аткарбаган учурда лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:”;
5-бөлүктүн 3 жана 4-бөлүктөрүндө “уруксатты” деген сөз “лицензиянын тиркемесин”деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6, 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Лицензия алуучу эреженин бузулганы жөнүндө протокол түзүлгөн датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде эреже бузууларды жоюуга тийиш.
7. Эскертүү берүү, айып салуу, лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси менен аныкталат.”;
19) 29-32-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“29-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуп коюу
1. Лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:
1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардын бузулушун лицензия алуучу белгиленген мөөнөттө жойбогондо;
3) лицензия алуучу документтерди так эмес маалыматтар менен берүү фактылары аныкталганда;
4) лицензия алуучунун филиалы (өкүлчүлүгү) иштин лицензиялануучу түрүн лицензиянын жана анын тиркемелеринин көчүрмөсү жок жүргүзгөндө;
5) лицензия алуучу лицензиялык талаптарды адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирип одоно бузганда.
Ушул берененин 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугу эреже бузуунун себеби жоюлганга чейин токтотулат.
Лицензия алуучу ушул берененин 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн эреже бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга тийиш.
Иштин лицензиялануучу ар бир түрүнө карата лицензиялык талаптардын одоно бузулушунун толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен аныкталат.
Лицензиянын колдонулуусун токтотуу лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:
- лицензиянын бир тиркемеси болсо жана ал тиркеме боюнча эреже бузуулар бар болсо;
- бир лицензиянын баардык тиркемелери боюнча эреже бузуулар бар болсо;
- эреже бузуулар бар болсо жана лицензиянын тиркемеси жок болсо;
Башка учурларда лицензиянын тиркемелеринин жарактуулугу токтотулат.
2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин токтотуп коюуга алып келген лицензиялык талаптардын бузууларын жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгил үчүн узартылбайт.
4. Эгерде лицензия алуучу лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин токтотуп коюуга алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган эреже бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) лицензиянын тиркемеси ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуп коюу жөнүндө чечимдин үстүнөн “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
30-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну кайра жаңылоо
1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-4-бөлүктөрүндө каралган эреже бузууларды белгиленген мөөнөттө жойгондо, лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугу ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органы тарабынан кайра жаңыланат.
2. Аныкталган эреже бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензия алуучу бул жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
3. Лицензия берүүчү аныкталган эреже бузуулардын жоюлушу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же лицензия алуучунун эреже бузууларды мөөнөтүнөн мурда жойгондугу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып беш иш күндөн кечиктирбестен жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча он лицензия алуучуга лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну кайра жаңылоо жөнүндө чечимди, же аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимди тийиштүү негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.
4. Лицензиянын же (жана) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугу бул тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып жаңыланган болуп эсептелет.
5. Лицензия алуучу лицензия берүүчүнүн лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугун жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечиминин үстүнөн “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
31-берене. Лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугун токтотуу
1. Лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесинин жарактуулугу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке жак өзүнүн жеке ишкер катары ишин токтоткондо;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
4) аткаруу үчүн лицензия берилген аракеттер, операциялар толук көлөмдө ишке ашырылганда;
5) лицензия алуучу (лицензия алуучунун укук улантуучусу) лицензияны же лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
6) иштин айрым бир түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүн түзүүчү иштердин алдындагы түрлөрүнүн, аракеттердин, айрым жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, аракеттердин жана операциялардын тизмесинен чыгарылганда;
7) лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) жеке адам каза болгондо.
2. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонуу токтотулганда лицензия берүүчү лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонуу токтотулду деп эсептелет.
Лицензия алуучунун колундагы кагаз жүзүндөгү лицензиясы жана (же) лицензиянын тиркемеси лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
Лицензия алуучу лицензиянын жараксыз бланкын жана (же) лицензиянын тиркемесин лицензиялык иште сактоо үчүн лицензия берүүчүгө тапшырууга милдеттүү.
32-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу
Лицензия берүүчү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин колдонууну токтотуп койгон себептер жоюлбаган учурда, ошондой эле ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурда, лицензия берүүчүнүн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдын арызын кароонун негизинде лицензия жана (же) лицензиянын тиркемеси соттун чечими менен жокко чыгарылат.”;
20) 33-берененин 5-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жеке ишкерлер 2018-жылдын 31-декабрына чейин лицензиялык жана уруксаттык талаптарды аткарууну камсыз кылууга тийиш. Эгер мындай талаптар 2018-жылдын 1-июлуна чейин колдонулуучу лицензиялык жана уруксаттык талаптарга карата өзгөрсө, анда мындай лицензиялар жана уруксаттар лицензиянын жана уруксаттын белгиленген формасына ылайык алмаштырылууга тийиш.”.
2-берене
“Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
- 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9) лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жана кайра тариздөө үчүн, лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү үчүн, чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны Кыргыз Республикасынын аймагында өз ара таануу иретиндеги таануу жол-жобосу үчүн.”;
2) 6-берене төмөнкүдөй редакциядагы 8-пункт менен толукталсын:
“8. Мамлекеттик алым юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден жана жеке адамдардан алынбайт:
- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктунун “а” пунктачасында белгиленген лицензияларды жана ошол лицензиялардын тиркемелерин берүүдө;
- уруксаттарга тиркемелерди берүүдө;
- лицензиянын, уруксаттын тиркемелеринин дубликатын берүүдө.”.
3-берене
“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-11-беренелери жана 125-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 13-берененин үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене
“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 500-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-беренеде:
2-пунктундагы “(анын ичинде пиротехникалык)” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21) пиротехникалык буюмдарды сатууга лицензияларды;”.
5-берене
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-беренеде:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын кызматкерлери администратор болуп саналгандан башка учурларда, жеке ишкер же юридикалык жактын жетекчиси болуп саналган администратордо администратордук ишти аткаруу үчүн белгиленген тартипте алынган укугу болууга тийиш.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Администратордун ишин жүргүзүү укугун каттоонун, анын ишин убактылуу токтотуп туруунун жана токтотуунун, реестрди жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт”;
- 8-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) администратор өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу мезгилде администратордун ишин жүргүзүү укугу белгиленген тартипте токтотулган же убактылуу токтотулган учурда;”
2) 17-берененин 2-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) банкpоттук пpоцессинде граждандардын администpатоp катаpы ишке укуктарын каттайт жана администратордун иш жүргүзүүгө укугун токтотот же убактылуу токтотуп туpат;”;
3) 2721-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Атайын уруксаттын же лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде лицензия берүүчүнүн уруксаттын же лицензиянын жарактуулугун токтотуу жөнүндө көрсөтмөсү болууга тийиш.”;
4) 130-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Карыз болгон камсыздандыруучу уюмду банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде лицензия берүүчүнүн уруксаттын жана (же) лицензиянын жарактуулугун токтотуу жөнүндө көрсөтмөсү болууга тийиш.”;
5) 131-берененин 1-3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Атайын администрациялоо жол-жобосун сот катышпаган тартипте козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирип жана ага камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу тартиби лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
2. Ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-пунктунда каралган учурда кредиторлор карыз тарапка ыктыярдуу түрдө атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо талабын коюу менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына камсыздандыруу уюмунун лицензиясынын жарактуулугун токтотуу жана ага карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы кредиторлор тарабынан берилген арызды 7 күндүк мөөнөттө карап чыгат жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) лицензиянын жарактуулугун токтотуу жана камсыздандыруу уюмун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө;
2) камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу үчүн арыз менен сотко кайрылуу жөнүндө;
3) эгерде “Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде каралган чараларды көрүү үчүн негиз бар болсо, лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотуп туруу жана камсыздандыруу уюмуна консервациялык статус берүү жөнүндө;
4) эгерде ушул Мыйзамдын 9, 91 жана 11-беренесинде каралган шарттар жок болсо, кредиторлордун арызын четке кагуу жөнүндө.”;
6) 134-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Карыз тарапты - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде лицензия берүүчү тарабынан лицензиянын жарактуулугу токтотулганы жөнүндө көрсөтмө болууга тийиш.”;
7) 135-берененин 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Атайын администрациялоо жол-жобосун сот катышпаган тартипте козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирип жана ага иш жүргүзүүгө лицензиясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу тартиби лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
2. Ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 1-пунктунда каралган учурда кредиторлор карыз тарапка ыктыярдуу түрдө атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо талабын коюу менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча органына баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун лицензиясынын жарактуулугун токтотуу жана ага карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.”.
6-берене
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 36-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн жер участокту белгиленген тартипти бузуу менен берген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш субъекттерине тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.”;
2) 38-беренеде үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 41-беренеде:
- үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи бөлүгүндөгү “курууга уруксат берген” деген сөздөр алып салынсын;
4) 45-берененин биринчи бөлүгүнүн он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 74-берененин бешинчи бөлүгүндөгү “уруксаттар” деген сөз “лицензиялар” деген сөз менен алмаштырылсын.
7-берене
“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 21-беренеде:
- үчүнчү абзацтагы “курууга уруксат берген” деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацтагы “Курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “Архитектура-курулуш чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8-берене
“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-берененин 1-бөлүгүнүн 9) пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
9-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) лицензияны жана (же) анын тиркемелерин жокко чыгаруу;”;
2) 28-берененин 2-пунктунда “ишкердиктин белгилүү бир түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиялардан (уруксаттардан) ажыратуу” деген сөздөр “лицензияларды жана (же) алардын тиркемелерин жокко чыгаруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“32-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу
Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу, лицензия алуучу лицензиялык талаптарды такай бузгандыгы үчүн (бир жылдын ичинде эки жана экиден көп) же адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирип лицензиялык талаптарды одоно бузгандыгы үчүн колдонулат.”;
4) 921-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “ушул иш менен алектенүү лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
5) 119-берененин биринчи абзацында “сууну пайдаланууга жана сууну бөлүштүрүүгө укук берген лицензияда көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен сууну алуу” деген сөздөр алып салынсын;
6) 123-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 147-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 151-берененин экинчи абзацында, 455-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 463-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 4681-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 474-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “жана лицензиядан ажыратуу менен”, ”жана лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен”, “жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
8) 153-берененин экинчи абзацында “же лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын;
9) 180-берененин биринчи абзацында “лицензияны (сууну пайдаланууга укук берген) кошпогондо” деген сөздөр алып салынсын;
10) 207-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында “же аталган ишкердик менен кесип кылуу лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын;
11) 208-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “ошол ишти жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
12) 285-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана “иштин ошол түрүн жүргүзүү лицензиясынан (уруксаттан) ажыратуу менен” деген сөздөр алып салынсын;
13) 3011-берененин экинчи абзацында жана 3012-берененин экинчи абзацында “жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын;
14) 304-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын;
15) 3385-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “лицензиясынын колдонулушун токтото туруу менен” деген сөздөр алып салынсын;
16) 354-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“354-берене. Иштин тыюу салынган түрлөрүн жүргүзүү же лицензиясыз жүргүзүү, иштин лицензиялануучу түрүн лицензиялык талаптарын бузуу менен жүргүзүү
Иштин тыюу салынган түрлөрүн жүргүзүү же лицензиясыз иш жүргүзүү -
администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон предметти конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Иштин лицензиялануучу түрүн лицензиялык талаптарын бузуу менен жүргүзүү -
эскертүүгө же жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Иштин лицензиялануучу түрүн лицензиялык талаптарды бузгандык үчүн администрациялык жаза колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайта бузуу менен жүргүзүү –
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Лицензиялык талаптарды бир жолу одоно бузгандык же лицензиялык талаптарды бир жылдын ичинде үч жолу бузгандык –
лицензиянын жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгарууга алып келет.”;
17) 4311-берененин экинчи абзацында жана 4312-берененин экинчи абзацында “, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын.
18) 466-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын.
19) 482-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында “лицензиядан ажыратуу менен” деген сөздөр алып салынсын.
20) 5054-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5054-берене. Банкроттук процесстин процедураларын ишке ашыруучу администратордун ишин администратордук ишти жүргүзүүгө укукту каттоосуз, атайын администрациялоо боюнча иштин эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү
Банкроттук процесстин процедураларын ишке ашыруучу администратордун ишин мыйзамсыз жүргүзүү, -
алынган кирешени мамлекеттик бюджетке алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.
Банкроттук процесстин процедураларын ишке ашыруучу администратордун ишин атайын администрациялоо боюнча иштин эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү -
эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.”;
21) 5055-берененин экинчи абзацында “же лицензиясынан ажыратууга (кайрып алууга)” деген сөздөр алып салынсын.
22) 50510-берененин экинчи абзацында “же үч жылдык мөөнөткө чейин иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга” деген сөздөр алып салынсын.
23) 508-берененин биринчи абзацында “354” деген цифралар “354-берененин биринчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24) 535-берененин Эскертүүсүндө “жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө” деген сөздөр алып салынсын.
25) 5465-берененин биринчи бөлүгүндөгү “123” деген цифралар алып салынсын;
26) төмөнкүдөй мазмундагы 5466-берене менен толукталсын:
“5466-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоого ыйгарым укук берген органдар, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензиялык талаптардын жана шарттардын аткарылышын контролдоого ыйгарым укук берген органдар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоого ыйгарым укук берген органдар, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензиялык талаптардын жана шарттардын аткарылышын контролдоого ыйгарым укук берген органдар ушул Кодекстин 354-беренесинин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө иштин айрым түрлөрүн лицензиялоочу органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, же ушул органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы укуктуу.”;
27) 5561-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун сегизинчи абзацында “123” деген цифра алып салынсын;
28) 620-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“620-берене. Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу жөнүндө соттун актысын аткаруу
Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу жөнүндө соттун актысы мыйзамга ылайык иштин тийиштүү түрүнө лицензия жана (же) лицензиянын тиркемесин берүү укугу ыйгарылган орган (кызмат адамы) тарабынан ишке ашырылат.
Лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу жөнүндө соттун актысын аткаруу лицензиялардын реестрине лицензияны жана (же) лицензиянын тиркемесин жокко чыгаруу жөнүндө жазууну киргизүү жолу менен ишке ашырылат.”.
10-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 11-пунктунун сегизинчи абзацынан жана 3-беренесинин 2-пунктунан башкалары 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти