Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 378
"Жидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Жидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Жидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
Жидда шаарында 2017-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 378 токтому менен жактырылган |
Акыркы жылдары Бишкек шаарында жаш балдарды адистештирилген стационардык медициналык жардам менен камсыздоого байланыштуу олуттуу кырдаал түзүлүп калды.
Жаш балдарга көп тармактуу стационардык медициналык шашылыш жардам көрсөтүп келе жаткан жападан жалгыз медициналык мекеме болуп Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы (мындан ары - ШМТЖ БКО) саналат. Жыл сайын ШМТЖ БКОго 130 миңден ашуун бала кайрылат, алардын ичинен 16 миңден ашууну стационардык жардам алса, анын жарымынан көбү ооруканадагы жатак орундардын санынын жетишсиздигинен улам амбулатордук түрдө (үй шартында) дарыланууга мажбур болот.
Оорукананын материалдык-техникалык базасы алда качан эле эскирген жана капиталдык оңдоо иштери менен техникалык жактан кайра жабдууну талап кылат.
Жаш балдардын санынын туруктуу көбөйүүсүнө байланыштуу кошумча жатак орундар фондуна жана заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөргө карата болгон талап өсүүдө.
Бишкек шаарында 2014-жылдын 31-октябрынан тартып 1-ноябрына чейинки мезгилде Араб Координациялык Тобу менен болгон экинчи тегерек столдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фонду "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара келишкен.
Долбоордун максаты сутканын кайсы мезгилинде болбосун шаарды гана эмес, жакынкы жайгашкан райондорду сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга жөндөмдүү боло турган Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү болуп саналат.
Бул Макулдашуунун алкаганда Сауд өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасына жылына 1%дык ставка менен жыйырма беш жылдык мөөнөткө, анын ичинде беш жылдык жеңилдетилген мезгили менен жүз он эки миллион беш жүз миң (112,5 млн.) сауд риалы өлчөмүндө 30 миллион АКШ долларына барабар болгон кредит берет.
Кредиттик макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 503-б буйругу менен жактырылган.
Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол койгон.
Кредиттик макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир терс экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана тиешелүү экспертизалар менен коомдук угууларды өткөрүүгө муктаж эмес.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кредиттик макулдашуу боюнча берилген финансы-экономикалык корутундусуна ылайык аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттары толугу менен Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат, ушуга байланыштуу бул долбоордун алкагында кыргыз тараптын тең каржылоосу каралган эмес.
Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат.