Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 381
Негизги жана/же жалпы орто, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
2-тиркеме
Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар (мындан ары - Минималдуу талаптар) негизги жана (же) орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) милдеттүү минималдуу талаптарды белгилейт.
2. Ушул Минималдуу талаптар да төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
билим берүүнүн сапатынын менеджментинин документтештирилген системасы - билим берүү уюмундагы билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга тиешелүү пландарды, процесстерди, иш-аракеттерди жана натыйжаларды документтештирүүгө мүмкүндүк берүүчү система;
кызыкдар тараптар - билим берүүнүн жогору сапатына кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуучулар, алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), билим берүү уюму, социалдык өнөктөр, коммерциялык эмес уюмдар;
билим берүү уюмунун миссиясы - кызыкдар тараптардын муктаждыктарынан жана уюмдун өз потенциалын объективдүү баалоосунан келип чыккан стратегиялык негизги максаттардын жыйындысы;
билим берүүнүн максаттары - билим берүү уюму өзүндө окугандардын (бүтүрүүчүлөрдүн) билим алуудагы, кесиптик ишиндеги жана социалдык-экономикалык турмуштагы потенциалдарын ийгиликтүү ишке ашырышы үчүн керектүү компетенцияны калыптандырууга тийиш болгон максаттар;
билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты - билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилген документтердин жана аларды ишке ашыруу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жеткире турган пландалуучу мезгилдүү жол-жоболордун (иш-аракеттердин) жыйындысы;
окутуунун натыйжалары - окуучу окууну бүтүргөндөн кийин билип чыгуучу, аткара жана көрсөтө (демонстрациялай) алуучу нерселердин баяндамасы.
2-глава. Башкаруунун натыйжалуулугуна жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына минималдуу талаптар
3. Билим берүү уюмунда педагогикалык кеңеш бекиткен, миссияны, стратегиялык жана учурдагы пландарды, билим берүү максаттарын, окутуунун натыйжаларын, сапат менеджменти системасын өзүнө камтыган билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты болушу керек.
4. Негизги жана (же) орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмундагы башкаруунун натыйжалуулугуна жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына критерийлер:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) жана кызыкдар тараптардын аныкталган керектөөлөрүнө ылайык билим берүүчү уюмдун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу;
2) кызыкдар тараптардын муктаждыктарын жана күткөн натыйжаларын эске алуу менен билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына ылайык билим берүү уюмунун бекитилген миссиясы, стратегиялык жана учурдагы пландары, иштелип чыгып жана кабыл алынган билим берүү максаттарынын болушу;
3) кызыкдар тараптарды кошо тартуу менен натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берүүчү туура маалыматтын негизинде туура чечимдерди кабыл алуунун жана аларга оңдоолорду киргизүү механизминин болушу (камкордук кеңеш, ата-энелер комитети, бюджеттик угуулар, тышкы баалоо, инвестициялар, социалдык кызматтар);
4) стратегиялык жана учурдагы пландардын, билим берүүнүн максаттарынын аткарылганын, окутуунун натыйжаларын жана билим берүүчү программаны өркүндөтүүнүн маалыматтарын чогултуу, баалоо жана талдоо боюнча механизмдин болушу;
5) педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана кызыкдар тараптардын билим берүүнү ишке ашырууга, анын сапатын контролдоого жана кайра кароого катышуу механизминин болушу (кызыкдар тараптар менен аркы-терки байланыш);
6) билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасын киргизүү жана окутуучу уюмда билим берүүнүн сапатынын киргизилиши үчүн жооптуу адамдардын болушу;
7) билим берүүчү уюмда персоналдын, окугандардын, социалдык өнөктөрдүн жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу.
3-глава. Билим берүү программаларын иштеп чыгууга, бекитүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана мезгили менен баалоого минималдуу талаптар
5. Билим берүү уюмунда билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген тартип болушу керек. Билим берүү программаларынын мазмуну Мамлекеттик стандартка, окуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык болушу зарыл.
6. Билим берүү уюму билим берүү программаларынын өз максаттарына жетүүсүн жана окуучулар менен башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө жооп берүүсүн кепилдөө жана ырастоо үчүн мониторинг жүргүзүүсү жана мезгили менен баалоосу зарыл.
7. Билим берүү программаларын иштеп чыгууга, бекитүүгө, мониторингдөөгө жана мезгили менен баалоого критерийлер:
1) билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген эрежелердин болушу;
2) билим берүү максатынын Мамлекеттик стандартка жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык болушу;
3) билим берүү программасы боюнча Мамлекеттик стандартка ылайык окуу жүктөмүнүн болушу;
4) төмөнкүлөрдү мезгили менен баалоо (мониторингдөө) механизминин болушу:
- билим берүү программасын жакшыртуу үчүн окуучулардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана башка кызыкдар тараптардын билим берүүчү программа боюнча окутуудан күткөндөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгын;
- окутуунун күтүлгөн жана жетишилген натыйжаларын;
- окуу жүктөмүн, окугандардын жетишүүсүн жана бүтүрүп чыгышын;
- билим берүү чөйрөсүнүн жана колдоо кызматтарынын, алардын билим берүү программасынын максаттарына шайкештигин;
5) билим берүү программасына мониторинг жүргүзүү жана мезгили менен баалоо үчүн жооптуу адамдардын болушу;
6) мониторингдин жана мезгили менен баалоонун натыйжаларын, билим берүү программасын жакшыртуу боюнча планды кызыкдар тараптарды тартуу менен талдоонун, талкуулоонун натыйжаларынын болушу;
7) билим берүү программасын окуу-методикалык камсыздоонун билим берүүнүн максаттарына жана Мамлекеттик стандартка ылайык келүүсү.
4-глава. Компетенттүү окутууга жана окуучулардын жетишүүсүн баалоого минималдуу талаптар
8. Билим берүү уюму өзүнүн билим берүү программаларына компетенттүү окутуу процесстерин киргизүүсү зарыл. Билим берүү программаларын ишке ашыруучу методдор окуучуларды билим берүү процессин биргелешип ишке ашырууда активдүү иш-аракетке кызыктыруусу зарыл.
9. Билим берүү уюмдарындагы окутууга компетенттүү ыкмага жана окуучулардын жетишүүсүн баалоого критерийлер:
1) компетенттүү окутуунун негизинде пландалган максаттарынын болушу;
2) сабактарда жана сабакка даярданууда компетенттүүлүктү даярдоочу информациялык-коммуникациялык технологиялардын жана методдордун болушу;
3) окуу жана тарбиялоо процесстерине социалдык долбоорлорду пайдалануу жана коомчулукту тартуу менен инновациялык технологияларды киргизүү;
4) педагогикалык методдорду, окутуунун формаларын жана технологияларын баалоо жана тууралоо үчүн окугандар менен аркы-терки байланыш механизминин болушу;
5) окуучуларга билим берүүнүн жетишилген натыйжаларын туура жана ачык-айкын баалоону камсыздоочу бекитилген эрежелердин жана жол-жоболордун болушу;
6) баалоонун натыйжасына апелляция берүү жол-жобосунун болушу;
7) окугандардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү жана ишке ашырууну камсыздоо үчүн тийиштүү механизмдердин жана чөйрөнүн болушу:
- окугандардын райондук, облустук, шаардык, республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышуусу;
- окугандардын ар кандай конкурстук иш-чараларга катышуусу;
- ар кандай спорттук мелдештерге катышуу;
8) окугандарды колдонулуучу эрежелер, окуунун натыйжасын баалоо (экзамен, зачет, тестирлөө) жол-жоболору жана баалоонун натыйжалары менен тааныштыруу системасынын болушу;
9) окугандарды иргөөнүн себептерине, алардын бекемделүүсү жана алардын жетишүүсүн арттыруу боюнча көрүлгөн чараларга талдоонун болушу;
10) окуу процессине катышкандардын тартип бузууларына чара көрүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген жол-жоболорунун болушу;
11) окугандар менен тарбиялык иш боюнча бекитилген пландардын жана аларды ишке ашыруунун натыйжаларынын болушу;
12) окугандардын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана кызыкдар тараптардын кайрылууларына, арыздарына жана даттанууларына чара көрүүнүн иштеп чыгарылган жана колдонууга киргизилген жол-жоболорунун болушу.
5-глава. Окуучуларды кабыл алууга, билим берүүнүн натыйжаларын таанууга жана окуучулардын бүтүрүүсүнө минималдуу талаптар
10. Билим берүү уюмунда окуучуларды кабыл алууну, билим берүүнүн натыйжаларын таанууну жана бүтүрүп чыгарууну жөнгө салуучу ачык-айкын, бекитилген, ырааттуу колдонулган эрежелер болууга тийиш.
11. Окуучуларды кабыл алууга, билим берүүнүн натыйжаларын таанууга жана окуучулардын бүтүрүүсүнө карата критерийлер:
1) окуучуларды билим берүү уюмуна кабыл алуунун бекитилген эрежесинин болушу;
2) билим берүү уюму мурдагы окуган мезгилдеги алган билимди туура таануусун камсыздоо үчүн бекитилген эрежелер менен жол-жоболордун болушу;
3) билим берүү уюму окутуу курсун бүтүргөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжасына жетишкен бүтүрүүчүлөрдү билими жөнүндө күбөлүк менен камсыздоосу.
6-глава. Кадрлык саясатка, педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамга минималдуу талаптар
12. Педагогдук иште керектүү билими жана тийиштүү педагогдук квалификациясы бар адамдар иштей алышат.
13. Кадрлык саясатка, педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамга карата критерийлер:
1) педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алуунун объективдүү критерийлерин камсыздоочу механизмдердин жана жол-жоболордун болушу;
2) педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамдын комплектилениши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгө ылайык болушу;
3) педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштеген системасынын болушу.
7-глава. Материалдык-техникалык базага жана маалымат ресурстарына минималдуу талаптар
14. Билим берүү уюму жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык база жана маалыматтык ресурстар болушун кепилдөөсү зарыл.
15. Материалдык-техникалык базага жана маалымат ресурстарына критерийлер:
1) педагогикалык жана окутуучу-көмөкчү курамга, окуучуларга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга окутуунун күтүлгөн (пландалган) натыйжасына жетишүүсү үчүн жеткиликтүү болгон материалдык ресурстардын (китепкана фонддору, компьютердик класстар, тармактык ресурстар, окуу куралдары, техника жана башка ресурстар) болушу;
2) билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелердин, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук ыкмаларынын талаптарына ылайык келген окуу имараттарынын жана бөлмө-жайларынын болушу;
3) окугандардын окуусу, жашоосу жана эс алуусу үчүн керектүү шарттары бар жатаканалардын (интернаттарда) болушу;
4) окуу залдарында жана китепканаларда иштөө үчүн тиешелүү шарттардын болушу;
5) тамактануу үчүн тиешелүү шарттардын (ашкана же буфет), ошондой эле билим берүү уюмунун медпункттарында медициналык тейлөө үчүн тиешелүү шарттардын болушу;
6) окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнө түрткү берүү үчүн тиешелүү адам ресурстарынын (мугалимдер, класс жетекчилер, жатаканадагы тарбиячылар, медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер, социалдык педагог) болушу;
7) билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын жана информациялык ресурстарын топтоо жана баалоо, талдоо жана жакшыртуу үчүн механизмдин болушу.
8-глава. Маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүүгө минималдуу талаптар
16. Билим берүү уюму билим берүү программалары жана өзүнүн иши тууралуу так, калыс, туура жана жеткиликтүү сандагы сапаттуу маалыматты дайыма жарыялап турууга тийиш.
17. Маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүүгө карата критерийлер:
1) билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча коомчулукту тийиштүү маалымат менен камсыздоо максатында билим берүүчү уюмдагы портфолиого карата эрежелердин, жол-жоболордун, формалардын жана талаптардын болушу;
2) билим берүүнү башкаруунун информациялык системасынын болушу (өзүнүн билим берүү максаттарын пландоо жана аткаруу үчүн билим берүүчү уюмдун төмөнкүдөй маалыматтарды чогултуусу, системага салуусу, жалпылоосу жана сактоосу), алар:
- окуучулардын контингенти жөнүндө маалыматтар;
- окуучулардын катышуусу жана жетишүүсү, жетишкендиктери жана иргелиши жөнүндө маалыматтар;
- окуучулардын, алардын ата-энелеринин билим берүү программаларын ишке ашырууга жана анын натыйжаларына канааттангандыгы;
- материалдык жана маалыматтык ресурстардын жеткиликтүүлүгү;
- олимпиадаларга, долбоордук конкурстарга, спорттук мелдештерге катышуунун жыйынтыктары;
- билим берүү уюмунун ишинин майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү;
3) билим берүү уюму өзүнүн иши жөнүндө маалыматты, анын ичинде:
- миссиясы;
- билим берүү максаттары;
- окутуунун күтүлгөн натыйжалары;
- окуунун жана окутуунун формалары жана каражаттары;
- баалоонун жол-жоболору;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн жана окуучулардын жетишкендиктериндеги ар кандай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды коомчулукка туруктуу негизде берүүсү үчүн информациялык ресурстардын болушу.