Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
токтом
2017-жылдын 16-июну № 382
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Джумабеков, А.Б.Баатырбеков, Т.А.Масабиров ж.б. демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 382 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Джумабеков, А.Б.Баатырбеков, Т.А.Масабиров ж.б. демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары Мыйзам долбоору) жаңы төрөлгөн балдардын бир жашка толгонго чейин жашоо шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацында "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин "Жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары - жаңы төрөлгөн балдардын бир жашка толгонго чейин жашоо шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу чаралар" деген аныктама менен толуктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге, Мыйзам долбоорунда жөлөкпул жаңы төрөлгөн баланын жашоо шартын жакшыртууга гана пайдаланылышы керек экендигин белгилөөчү ченем каралган эместигин билдиребиз.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацын толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин он бешинчи жана он алтынчы абзацтарында 16 жашка толгонго чейин үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик колдоосун пайдаланбаган камкорчулукка алынган бала жана 16 жашка толуп мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларын пайдаланбаган бала мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларына укуктуу экендиги боюнча ченемди киргизүү сунушталууда.
Бирок, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацына ылайык үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары бир жашка толо элек жаңы төрөлгөн балдардын жашоо шартын жакшыртууну камсыздоого багытталган. Тиешелүү түрдө кошумча чаралар бир жашка толо элек жаңы төрөлгөн балдарга, ошондой эле 16 жашка чейинки жана андан ашкан балдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун аталган жоболорун кошумча иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма алтынчы абзацында 16 жашка чыккан бала үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын пайдаланбаган учурда ага "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 5-пунктунун Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясында көрсөтүлгөн өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөөнү караштыруу сунушталууда, мында аталган пункт менен 2018, 2019 жана 2020-жылдарга жөлөкпулдун ар түрдүү суммалары көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма алтынчы абзацында бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү бала төрөлгөн жылга жараша эсептеле тургандыгын белгилөө зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма сегизинчи абзацында жаңы төрөлгөн балага жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган жак тарабынан берилүүчү зарыл болгон документтердин тизмеси көрсөтүлгөн, алардын бири - ким экендигин ырастоочу (эненин жана атанын) документ болуп эсептелет.
Ушуну менен бирге, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин он экинчи абзацында колдонуудагы Мыйзамдын 7-беренесин Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон бала төрөлүп (асырап алганда) бир жашка толгонго чейин мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларын пайдалануу укугу баланы төрөгөн (асырап алган) аялда, жалгыз асырап алуучу болуп саналган эркекте, ошондой эле 16 жашка чыгып үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын пайдаланбаган балада пайда боло тургандыгын белгилөөчү жоболор менен толуктоо сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма тогузунчу абзацын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин он экинчи абзацына шайкеш келтирүү зарыл.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма сегизинчи абзацындагы документтердин тизмесинен үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкатты алып салууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
Ушуга байланыштуу, жаңы төрөлгөн балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул бир жылга дайындала тургандыгы жана өзгөртүүгө жатпай тургандыгы көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин отуз жетинчи абзацын алып салуу зарыл, анткени бул жобо Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма бешинчи абзацында камтылган.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин отуз экинчи абзацында жаңы төрөлгөн балага жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган жак зарылдыгына жараша жаңы төрөлгөн балага жөлөкпул алууга укук белгилөөчү документтерди (төрөт үйүндө берилген баланын төрөлгөндүгү тууралуу маалымкаттын көчүрмөсү, баланын төрөлгөндүгү тууралуу, никелешүү тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөр, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим) кошумча бере тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин отуз экинчи абзацында кошумча документ берүү талап кылынган зарыл учурлардын толук тизмесин көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин он экинчи абзацында бала төрөлүп (асырап алганда) бир жашка толгонго чейин мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларына укугу бар адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу, бул тизмеде мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларына укугу бар жаңы төрөлгөн баланын атасы гана болгон учур камтылбай калган.
Ошондуктан, мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чараларына укугу бар адамдардын тизмесин толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренесинин талаптарына шайкеш келбейт, анткени анда Мыйзам долбоорун каржылоо булагы боюнча маалымат камтылган эмес.
Жалпысынан, Мыйзам долбоору стилистикалык жана редакциялык жактан дыкат толуктап иштеп чыгууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага шайкеш келтирүүнү талап кылат.
Ошондой эле, азыркы учурда балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо даректүү негизде, б.а. үй-бүлөнүн кирешелерин эске алуу менен көрсөтүлө тургандыгын белгилөө зарыл.
Эгерде үй-бүлөдөгү бир адамга туура келген киреше 900 сом өлчөмүнө барабар болгон кепилденген эң төмөнкү кирешенин (КТК) өлчөмүнөн төмөн болсо, анда ар бир балага 810 сом өлчөмүндө балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул жана бала төрөлгөндө 2700 сом өлчөмүндө (КТКдан 300%) бир жолку жөлөкпул дайындалат.
Жөлөкпулдун өлчөмү жыл сайын 10%дан кем эмес көбөйтүлүп турат. 2017-жылы балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду төлөөгө бюджетте 3479,2 млн. сом каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыккан мезгилде кош бойлуу жана төрөгөн аялга колдоо көрсөтүүгө багытталган кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнөт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган иштеген аялдарга, дыйкан-ферма чарбаларынын мүчөлөрүнө, салык органдарында катталган жеке ишкерлерге жана ишсиз расмий статусу бар жумушсуз жана калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган аялдарга төлөнөт (кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 7681 сом).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорунда бир жашка чейинки бардык балдарга төмөнкү өлчөмдөрдө жөлөкпул берүү түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүү каралган:
2018-жылдын 15-январынан тартып жылына 30000 сом (айына 2500 сом) өлчөмүндө;
2019-жылдын 15-январынан тартып жылына 40000 сом (айына 3333 сом) өлчөмүндө;
2020-жылдын 15-январынан тартып жылына 50000 сом (айына 4166 сом) өлчөмүндө.
Негиздеме-маалымкатта ушул Мыйзам долбоорун ишке ашырууга 4665 - 7776 млрд. сом талап кылына тургандыгы көрсөтүлгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул жөлөкпулду төлөөгө талап кылынган сумма:
2018-жылы - 5098,7 млн. сом;
2019-жылы - 6910,4 млн. сом;
2020-жылы - 8780,8 млн. сом.
Ошондой эле, бул Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда демографиялык сандын көбөйүү тобокелдигине көңүл буруу зарыл. Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, азыркы учурда демографиялык сандын коэффициенти 52,8%ды түзөт, б.а. Кыргызстан, калктын эмгекке жөндөмсүз санына кирген катмары тарабынан коомго жана экономикага туура келген кыйла оор социалдык түйшүк тартууда. Бул деген, Кыргызстандагы ар бир иштеп жаткан адам өзүнө керек болгондон 1,5 эседен көбүрөөк сандагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылууга тийиш экендигин түшүндүрөт.
Бул коэффициент жогорулаган учурда социалдык коргоого, билим берүү мекемелерин курууга, саламаттыкты сактоого, пенсияны төлөөгө ж.б. чыгымдардын кошо көбөйтүлүшү керек экендигин белгилөө зарыл.
Демек, Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда жакынкы аралыкта социалдык коргоо чөйрөсүндөгү чыгымдарга кошумча мамлекеттик ресурстар талап кылынат. Бюджет тартыш болуп жаткан учурда социалдык туруксуздук жаралышы мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.