Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 332
«Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1 - берене
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталары;
- Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуу.
2 - берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги япониялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3 - берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти