Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-июну № 365

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

2-1-пункту "опера жана балет театрынын" деген сөздөрдөн кийин ", Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков