Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2017-жылдын 29-сентябры № 627
Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
Эркин экономикалык зоналардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштыруу товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2017-жылдын 13-октябрында № 110 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |