Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

 

2017-жылдын 29-сентябры № 627

Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Эркин экономикалык зоналардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштыруу товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2017-жылдын 13-октябрында № 110 саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков