Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо донорлордон Кыргыз Республикасына келип түшкөн эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат (мындан ары - Жобо).
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлиги органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
3. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
- эл аралык гранттык жана техникалык жардам - Кыргыз Республикасына донорлор тарабынан изилдөөлөрдү, окутууларды жүргүзүү, адистерди жиберишүү, тажрыйба жана технологияларды, акча каражаттарын берүү, жабдууларды жана башка товарларды (мүлктү) жеткирүү жолу менен, ошондой эле семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана/же өткөрүү формасында социалдык жана экономикалык кайра түзүлүүлөргө көмөк көрсөтүү үчүн бекер берилүүчү жардамдардын түрү. "Эл аралык гранттык жана техникалык жардам" терминине эл аралык гранттар жана техникалык жардамдардын донорлору тарабынан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу да кирет;
- донорлор - чет мамлекет (анын административдик-аймактык бирдиги), эл аралык уюмдар, алардын өкүлчүлүктөрү же ошол мамлекет жана уюмдар ыйгарым укук берген, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды берүүчү укук субъекттери;
- аткаруучу агенттиктер - эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды түздөн-түз алуучу жана пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
4. Ушул Жобонун максаты донорлордон Кыргыз Республикасына келип түшкөн эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды координациялоону, системалаштырууну, тартипке келтирүүнү, мониторингдөөнү, эсепке алууну жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
5. Ушул Жобонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу процесстерин координациялоо механизмин түзүү;
- мамлекеттик программалардын/өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жетүүгө эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды багыттоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун тартуу, мониторингдөө жана эсепке алуу/каттоо процесстерин тартипке келтирүү жана системалаштыруу;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун каттоо тартибин белгилөө;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу процесстеринин ачыктыгын камсыздоо.
6. Ушул Жобо мамлекеттик инвестициялоо программаларынын долбоорлорун даярдоого түздөн-түз багытталган, аны координациялоо бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбооруна, ошондой эле донорлордон Кыргыз Республикасына түшкөн шашылыш гуманитардык жардамдарга, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, аскердик жана азык-түлүк жардамдарына таркатылбайт.
2. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу процессин координациялоо механизми
7. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу процесстерин координациялоону Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
8. Ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан донорлор менен эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө жана талкууларга катышат.
9. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу маселеси боюнча аткаруучу агенттиктин донорлорго кайрылуусу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча гана жүргүзүлөт.
10. Аткаруучу агенттиктер ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга долбоордук сунуштарды киргизүүдө тиешелүү чөйрөдө мурда ишке ашырылган тышкы жардамдардын долбоорлору жана алардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берет.
11. Ыйгарым укуктуу орган долбоордук сунушту алгандан кийин, он иш күнүнүн ичинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы жөнүндө корутунду берет.
12. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй критерийлердин негизинде кабыл алат:
- долбоордун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык "өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына жана/же өнүгүүнүн тиешелүү сектордук стратегияларына шайкештиги;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалына долбоордун натыйжаларынын олуттуу таасири;
- долбоордун андан аркы туруктуулугу;
- ар кандай региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүн теңештирүү;
- долбоордун тиешелүү чөйрөдөгү башка долбоорлорду кайталабоосу.
13. Донор менен ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлору ыйгарым укуктуу органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
14. Долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыксыздыгы тууралуу корутунду алынган учурда, билдирүүчү/аткаруучу агенттик 30 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын корутундусунда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жоюуга жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна долбоорду кайра киргизүүгө укуктуу.
3. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун мамлекеттик каттоо тартиби
15. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
16. Долбоорлорду мамлекеттик каттоо үчүн аткаруучу агенттиктер ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- долбоорду мамлекеттик каттоо жөнүндө өтүнүч;
- ыйгарым укуктуу органдын эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусунун көчүрмөсү;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн долбоордун паспорту, электрондук жана кагаз түрүндө;
- донор менен кол коюлган долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- макулдашуунун орус тилиндеги котормосу;
- долбоордун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар планы, электрондук жана кагаз түрүндө.
17. Ыйгарым укуктуу орган аткаруучу агенттик тарабынан берилген, ушул Жобонун 16-пунктунда аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде карап чыгат жана долбоорду мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин чыгарат.
18. Ыйгарым укуктуу орган долбоорго каттоо номерин ыйгарат жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамдардын долбоорлорунун реестрин жүргүзөт, ал расмий сайтка жайгаштырылат.
19. Долбоорду мамлекеттик каттоо долбоорду каттоо жөнүндө маалымкат менен ырасталат, ага ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлат, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана билдирүүчү/аткаруучу агенттикке берилет.
20. Ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда ыйгарым укуктуу орган долбоорду мамлекеттик каттоодон баш тартат.
4. Мониторинг жана отчёттуулук
21. Аткаруучу агенттик тарабынан ыйгарым укуктуу органга квартал сайын берилүүчү (отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен) маалыматта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- техникалык тапшырмада каралган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жана долбоорду ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
- иш-чаралардын аткарылбашын же сапатсыз аткарылышын талдоо, себептери, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар.
22. Долбоор аяктагандан кийин аткаруучу агенттик долбоор аяктаган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жетишилген натыйжалар жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт берет. Жыйынтыктоочу отчёт берилбеген учурда долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары канааттандырарлык эмес деп эсептелет.
23. Долбоорду ишке ашыруу жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү чөйрөдө кийинки долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду чыгаруусунда эске алынат.
24. Жетишилген натыйжалар жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт аткаруучу агенттик тарабынан расмий сайтка жайгаштырылат.
25. Ыйгарым укуктуу орган зарыл учурда эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө кошумча маалымат сураганга укуктуу.
26. Ыйгарым укуктуу орган алынган маалыматтардын негизинде топтомо талдоо жүргүзөт, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды андан ары тартуу жана пайдалануу процесстери боюнча сунуштарды жана чараларды иштеп чыгат. Ал үчүн тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн, донорлордун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди тартуу менен эксперттик кеңештер, жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
27. Ыйгарым укуктуу орган зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна жана талкуусуна ишке ашырылган гранттык жана техникалык жардамдар долбоору жөнүндө топтомо маалыматтарды, ошондой эле жүргүзүлгөн талдоону, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет.
28. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорун ишке ашырууда проблемалуу маселелер пайда болгон учурда долбоорду андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
|
| Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Техникалык жардам долбоорунун паспорту
№ | Көрсөткүчтүн аталышы |
1 | Долбоордун аталышы |
2 | Долбоордун билдирүүчүсүнүн/аткаруучу агенттиктин аталышы |
3 | Донордун/эл аралык уюмдун аталышы |
4 | Долбоорду ишке ашырун орду |
5 | Долбоордун максаты жана милдеттери |
6 | Макулдашууга кол коюлган дата |
7 | Долбоорду ишке ашыруу мезгили |
8 | Долбоордун компоненттери |
9 | Болжолдонгон иш-чаралар |
10 | Долбоордун жалпы наркы/чыгымдардын компоненттери жана категориялары боюнча наркы |
11 | Ченемдик укуктук актылар, анын ичинде стратегиялар жана программалар, аларга ылайык долбоорду ишке ашыруу болжолдонот |
12 | Максаттуу топтор, анын ичинде негизги пайда алуучулар |
13 | Акыркы натыйжалардын көрсөткүчтөрү - индикаторлор |
14 | Кошо каржылоо/кыргыз тараптын салымы |
15 | Аткаруучу агенттиктин байланыш адамы |
1) | аты-жөнү |
2) | кызмат орду |
3) | байланыш телефону |
4) | электрондук почтасы |
|
| Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Жыйынтыктоочу отчёт
Аткаруучу агенттиктин аталышы _________________________________________________
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун каттоо номери | Өткөрүлгөн иш-чаралар | Жетишилген натыйжалар | Тыянактар жана сунуштамалар |
|
|
|
|
|
|