Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 396
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 1-тиркемесинин "01.08.2017-ж." графасында:
1-пунктунун 1.1 жана 1.3-пунктчаларындагы "84,7" жана "10" деген цифралар тиешелүү түрдө "77,0" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
6-пунктундагы "84,7" жана "8,7" деген цифралар тиешелүү түрдө "77,9" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пунктунун 1.2 жана 1.4-пунктчаларынын "01.08.2016-ж." графасындагы "93,2" жана "21,0" деген цифралар тиешелүү түрдө "77,0" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пунктунун 1.2 жана 1.4-пунктчаларынын "01.08.2017-ж." графасындагы "121,0" жана "29,8" деген цифралар тиешелүү түрдө "77,0" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын тиркемесинде:
- "Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер" бөлүмүнүн "01.04.2017-ж." графасында:
1-пунктундагы "1366,93" жана "20,4" деген цифралар тиешелүү түрдө "1134,76" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2, 3 жана 4-пункттарындагы "1833,62" жана "8,1" деген цифралар тиешелүү түрдө "1695,1" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ысык сууга тарифтер" бөлүмүнүн "01.04.2017-ж." графасында:
1-пунктундагы "1298,56" деген цифралар "981,76" деген цифралар менен алмаштырылсын; "32,2" деген цифралар "0" деген цифра менен алмаштырылсын; "80,29" деген цифралар "64,38" деген цифралар менен алмаштырылсын; "24,7" деген цифралар "0" деген цифра менен алмаштырылсын;
2-пунктундагы "385,41" жана "24,7" деген цифралар тиешелүү түрдө "309,03" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3-пунктундагы "1833,62" жана "8,1" деген цифралар тиешелүү түрдө "1695,1" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4, 5 жана 6-пункттарындагы "104,91" жана "7,9" деген цифралар тиешелүү түрдө "97,19" жана "0" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |