Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-марты № 188
Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыздоо, акча каражатынын тартыштыгын жабуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөр боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө";
- 2015-жылдын 20-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- 2015-жылдын 24-июлундагы № 527 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- 2016-жылдын 1-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- 2017-жылдын 22-июнундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- 2018-жылдын 16-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу".
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 2-тиркемеси |
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Калк" жана "Насостук станциялар" керектөөчүлөр топтору үчүн электр энергиясына тарифтер (салыктарды эсепке албастан)
№ | Керектөөчүлөрдүн тобу | Ченөө бирдиги | 2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. |
1 | Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
1.1 | Бардык абоненттер 150 кВт.с чегинде | тыйын/кВт.с | 8,8 | 8,8 | 8,8 |
Өсүү | % | - | - | - | |
1.2 | Айына 150 кВт.с жогору 700 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) | тыйын/кВт.с | 77 | 77 | 77 |
Өсүү | % | - | - | - | |
1.3 | Айына 700 кВт.с жогору керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) | тыйын/кВт.с | 216 | 216 | 216 |
Өсүү | % | - | - | - | |
1.4 | Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калк айына 1000 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде) | тыйын/кВт.с | 77 | 77 | 77 |
Өсүү | % | - | - | - | |
1.5 | Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калк айына 1000 кВт.с жогору керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде) | тыйын/кВт.с | 216 | 216 | 216 |
Өсүү | % | - | - | - | |
2 | Насостук станциялар | тыйын/кВт.с | 8,9 | 8,9 | 8,9 |
Өсүү | % | - | - | - |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ТАРИФТИК САЯСАТЫ
1. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) жылуулук энергиясын кайчылаш субсидиялоону азайтуу жана керектөөчүлөргө жылуулук энергиясы менен ысык сууну пайдалануунун жеткиликтүү болушу максатында иштелип чыкты.
2. Жалпы принциптер
Ушул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделет:
- калк үчүн жылуулук энергиясынын наркынан төмөн белгиленген социалдык-багыттагы тарифтер сакталууга тийиш;
- жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыз кылган жаңы колдонууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашаган керектөөчүлөргө жылуулук энергиясы анын толук наркы боюнча сатылат.
3. Тарифтер
Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыз кылган жаңы колдонууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тиричилик керектөөчүлөрдөн (калк) тышкары, керектөөчүлөрдүн бул тобу үчүн ушул ОМТСте 1134,76 сом/Гкал өлчөмүндөгү бирдиктүү социалдык-багыттагы тариф сакталат. Жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыз кылган жаңы колдонууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тиричилик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Бул жылуулук энергиясын иштеп чыгарууда акча каражатынын 2018-жылы 1,4 млрд. сомду түзгөн тартыштыгы жана калк үчүн тарифтерди акырындык менен жылуулук энергиясынын толук наркына (чыныгы наркына) чейин жеткирүү зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкекжылуулукэнергиясы" коммуналдык ишканасынын жана "Кыргызжылуулукэнергиясы" мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле башка жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын от казандарынан (жаңы колдонууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылган жеке жылытуучу отканалардан тышкары) жылытуу жана ысык суу менен камсыз болуу максатына жылуулук энергиясын алуучу калкка жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунан жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жылуулук энергиясын алуучу калк үчүн белгиленген өлчөмдө эле белгиленет.
Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунан жылуулук энергиясын алуучу ушул топтордогу керектөөчүлөр үчүн 2015-жылдын апрелинен тартып колдонулган 1695,1 сом/Гкал (салыктарды эсепке албастан) өлчөмүндөгү тариф сакталган.
Башка жылуулук менен камсыздоочу уюмдардан жылуулук энергиясын алуучу ушул топтордогу керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тариф жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Ысык сууга тарифтер
Ысык сууну тиричилик керектөөчүлөр үчүн ушул ОМТСда 981,76 сом/Гкал өлчөмүндөгү бирдиктүү социалдык-багыттагы тариф сакталат.
Ошону менен бирге, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн ысык сууну эсепке алуучу приборлору жок болгондуктан, турак жайда жашаган ар бир адамга бир айда 4,8 м3 керектөө эсебинин негизинде ченем боюнча ысык сууга төлөм каралган.
Ысык сууну эсепке алуучу приборлору жок калк үчүн ушул ОМТСте социалдык-багыттагы тарифтерди сактоо да каралган.
"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунан ысык суу менен камсыздалуучу бардык калган керектөөчүлөр үчүн 2015-жылдын апрелинен тартып колдонулган 1695,1 сом/Гкал (салыктарды эсепке албастан) өлчөмүндөгү тариф сакталган.
Башка жылуулук менен камсыздоочу уюмдардан ысык суу менен камсыздалуучу ушул топтордогу керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тариф ысык суунун наркынын деңгээлинде колдонулат.
4. Корутунду
Ушул ОМТСти ишке ашыруунун жүрүшүндө отун-энергетикалык ресурстарга (газ, мазут, көмүр, электр энергиясы) баалардын өзгөрүшүнө жыл сайын талдоо жүргүзүлүп турат. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча жылуулук энергетикалык сектордун ишканаларынын ишинин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ОМТСте кабыл алынган көрсөткүчтөрүнөн четтөөсү аныкталат.
Келечекте жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясын жана ысык сууну өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана сатууда жылуулук менен камсыздоочу уюмдар тарткан реалдуу чыгымдарга ылайык келүүсүнөн улам керектөөчүлөрдүн категориялары боюнча дифференцияланат.
|
| Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын тиркемеси |
2020-2022-жылдарга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер (салыктарды эсепке албастан)
№ | Керектөөчүлөрдүн тобу | Ченөө бирдиги | Дата | ||
2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. | |||
Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер | |||||
1 | Калк(*) | сом/Гкал | 1134,76 | 1134,76 | 1134,76 |
Өсүү | % | - | - | - | |
2 | Өнөр жай(**) | сом/Гкал | 1695,1 | 1695,1 | 1695,1 |
Өсүү | % | - | - | - | |
3 | Бюджеттик керектөөчүлөр(**) | сом/Гкал | 1695,1 | 1695,1 | 1695,1 |
Өсүү | % | - | - | - | |
4 | Башка керектөөчүлөр(**) | сом/Гкал | 1695,1 | 1695,1 | 1695,1 |
Өсүү | % | - | - | - | |
Ысык сууга тарифтер | |||||
1 | Калк (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн)(*) | сом/Гкал | 981,76 | 981,76 | 981,76 |
Өсүү | % | - | - | - | |
Калк (эсепке алуу приборлору боюнча ысык суу үчүн) | сом/м3 | 64,38 | 64,38 | 64,38 | |
| Өсүү | % | - | - | - |
2 | Калк (1 адамга керектөө ченеми боюнча ысык суу үчүн) | сом/ай | 309,03 | 309,03 | 309,03 |
Өсүү | % | - | - | - | |
3 | Бардык калган керектөөчүлөр (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн)(**) | сом/Гкал | 1695,1 | 1695,1 | 1695,1 |
Өсүү | % | - | - | - | |
4 | Өнөр жай | сом/м3 | 97,19 | 97,19 | 97,19 |
Өсүү | % | - | - | - | |
5 | Бюджеттик керектөөчүлөр | сом/м3 | 97,19 | 97,19 | 97,19 |
Өсүү | % | - | - | - | |
6 | Башка керектөөчүлөр | сом/м3 | 97,19 | 97,19 | 97,19 |
Өсүү | % | - | - | - | |
Эскертүү.
(*) Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун жогоруда көрсөтүлгөн тарифтери жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын бардыгы үчүн "Калк" тобундагы керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдө колдонулат (жаңы колдонууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылган жеке жылытуучу отканалардан тышкары).
(**) Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун ушул тарифтери "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнүн аталган топтору үчүн гана колдонулат жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнергиясы" мамлекеттик ишканасы, "Бишкекжылуулукэнергиясы" коммуналдык ишканасы жана башка жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылуулук энергиясынын тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнө карата колдонулбайт.