Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 405
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 25-майындагы "Кыргыз мамлекеттик консерваториясын Кыргыз улуттук консерваториясына өзгөртүп түзүү жөнүндө" Указын турмушка ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-январындагы № 22 токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |