Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 токтому менен бекитилген |
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (мындан ары - Консерватория) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүчү уюму болуп саналат, анын иши музыка өнөрү жагында жогорку кесиптик билим, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга багытталган.
2. Консерватория мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат. Менчигинин түрү - мамлекеттик. Консерваториянын мамлекеттик менчик болуп саналган, оперативдүү башкаруу укугунда өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук аталышы жазылган, идентификациялык салык органы көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, бланктары жана эмблемасы жана жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Консерватория өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Консерватория өз атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, ишке ашырууга, сотто доочу жана жоопкер катары чыгууга, юридикалык жана жеке адамдар менен келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздерде жана тартипте өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликтүү болууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети консерваториянын уюштуруучусу болуп саналат.
Консерватория Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук жогорку окуу жайы болуп саналат, ал анын ишин координациялайт жана контролдойт.
Консерваториядагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик контролду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган) жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Консерваториянын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы";
- расмий тилде - "Кыргызская национальная консерватория имени Калыя Молдобасанова";
- англис тилинде - "Kyrgyz national conservatory named after Kalyi Moldobasanov".
Кыскартылган аталыштары:
- мамлекеттик тилде - "КУК";
- расмий тиле - "КНК";
- англис тилинде - "КNC".
7. Консерваториянын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү, 115.
2. Консерваториянын ишинин максаттары жана милдеттери
8. Консерваториянын ишинин максаты музыка өнөрү жаатындагы жогорку кесиптик билим берүү аркылуу Кыргыз Республикасында музыкалык билим берүү, музыка таануу илимин жана музыкалык маданиятты өнүктүрүү болуп саналат.
9. Консерваториянын милдеттери:
- тандаган кесиби боюнча жогору квалификациялуу адистерди даярдоо;
- инсанды интеллектуалдык, руханий-адептик жана дене бой жагынан өсүп-өнүктүрүү, тарбиялоо;
- музыка таануу, фольклористика, музыкалык педагогика, музыкалык чыгармачылык жана аткаруучулук жагында илим-изилдөө жана илимий-методикалык иштерди аткаруу;
- музыкалык көркөм өнөр адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- улуттук жана дүйнөлүк музыкалык маданият чөйрөсүндө коомдун маданий жана илимий дөөлөттөрүн топтоо, сактоо жана өнүктүрүү;
- калктын маданий-билим деңгээлин жогорулатуу жана анын руханий суроо-талаптарын канааттандыруу максатында музыкалык-агартуу иштерин жүргүзүү.
10. Консерватория мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү укугуна лицензия менен белгиленген даярдоонун (адистиктердин) багыттары боюнча жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын жүзөгө ашырат.
11. Консерваторияда окуу-методикалык, илим-изилдөө, концерттик жана чыгармачылык иш Окумуштуулар кеңешинин рекомендациясы боюнча ректор бекиткен тематикалык пландарга ылайык жүргүзүлөт.
12. Консерватория негизги ишинин алкагында фундаменталдык жана колдонмо илим изилдөө иштерин жүргүзөт. Изилдөөлөр келишимдик негизде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
13. Консерватория Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана башка билим берүү, концерттик, илимий программаларга катышат.
14. Консерватория республикалык (улуттук), эл аралык, шаардык жана профилдик илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, концерттерди, ошондой эле кеңешмелерди, жолугушууларды жана ЖОЖдун ишинин чегинде башка кесиптик маалыматтарды алмашуунун башка формаларын уюштурат.
15. Консерватория Илимий кеңештин чечимине ылайык илимий эмгектерди, окуу куралдарын, илимий-популярдуу адабияттарды жана ноталарды жарыялоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында басма ишин жүргүзөт.
16. Консерваториянын концерттик ишинин негизги формасы болуп студенттердин, окутуучулардын, ошондой эле Консерваториянын ар кандай чыгармачыл жамааттарынын өлкөдөгү жана андан тышкары жердеги жеке концерттери саналат.
3. Консерваториянын укуктары жана милдеттери
17. Өз милдеттерин чечүү үчүн Консерватория төмөнкүлөргө укуктуу:
- билим берүү, илимий-техникалык, социалдык өнүгүүгө финансылык жана материалдык ресурстарды пайдаланууга;
- Консерваториянын ишине зарыл болгон жабдууларды, окуу куралдарын жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Камкордук кеңештин макулдугу менен атайын эсептеги каражатка сатып алууга;
- өзүнүн уюштуруу түзүмүн иштеп чыгууга, профессор-окутуучулар курамынын жана башка кызматкерлердин, студенттердин жана ассистент-стажерлордун интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын камсыз кылган уюштуруу жана эмгекке дем берүү формасын аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык штаттык санды түзүүгө жана кызматтык маяналарды жана ставкаларды бекитүүгө жана эмгек акы фондунун чегинде адистердин санынын катышын эсепке алууга жана ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык мүлктү ижарага берүүгө;
- жараксыз болуп калган мүлктөрдү мыйзамда белгиленген тартипте Консерваториянын балансынан чыгарууга;
- Консерваториянын муктаждыктары үчүн жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө юридикалык жана башка уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- иштери Консерваториянын ишинин негизги багыттарына ылайык келген коомдук (саясий жана диний эмес) уюмдарды түзүүгө;
- юридикалык жак болуп саналган бирикмелердин (ассоциациялардын, бирликтердин) курамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык коомдук (коммерциялык) билим берүү бирикмелерине жана уюмдарына кирүүгө;
- ар кандай уюмдар менен келишимдердин жана контракттардын негизинде өлкөдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө кадрларды даярдоону, адистерди алмашууну жана илимий стажировкаларды жүргүзүүгө;
- чет өлкөлөрдүн музыкалык жамааттары жана окуу жайлары менен чыгармачылык, концерттик, илимий байланыштарды түзүүгө;
- кызматкерлердин эмгегин баалоо критерийлери жөнүндө Илимий кеңеш кабыл алган жобонун негизинде аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Камкордук кеңештин макулдугу менен атайын каражаттардын эсебинен ай сайын жекече үстөк акы түрүндө эмгек акы төлөөнүн кошумча жеңилдиктерин белгилөөгө;
- интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгек продукцияларынын аталыштарында жекече атрибутиканы жана символикаларды иштеп чыгууга жана пайдаланууга.
18. Консерваториянын милдеттери:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Уставды так жетекчиликке алуу;
- оперативдүү бухгалтердик эсеп, статистикалык жана бухгалтердик отчёт берүүлөрдү жүргүзүү;
- иши жөнүндө ыйгарым укуктуу органга, билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу органга жана башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчётторду берүү;
- Консерваториянын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шартын түзүү жана алардын ден соолугуна жана эмгектик жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик аккредитациядан өтүү;
- ишкердиктен жана башка киреше берүүчү иштен түшкөн кирешенин эсебинен Консерватория сатып алган мүлк жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү;
- Консерваториянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана Консерватория ээлеп турган имараттарды жана курулуштарды, ошондой эле аймакты күтүүнүн жана пайдалануунун зарыл режимин камсыздоо;
- документтердин (башкаруучулук, финансы-чарбалык, жеке курам боюнча ж.б.) жана жалпы эле мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуу.
19. Консерватория Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каршы келбеген башка укуктар менен милдеттерге ээ болот.
4. Консерваториянын студенттери
20. Белгиленген тартипте Консерваторияга кабыл алынган жана жогорку кесиптик билим алып жаткан адамдар студент статусуна ээ болот. Студентке студенттик билет жана белгиленген үлгүдөгү зачеттук китепче берилет.
21. Студенттерди окууга калыбына келтирүү жана окуудан чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
22. Бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алып жаткан Консерваториянын студенттерине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында бекитилген тартипте жана өлчөмдө стипендия төлөнөт.
23. Студенттер төмөнкүлөргө укуктуу:
- билим жана кесиптик жөндөм алууга;
- илим-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга, концерттерге катышууга жана өз эмгектерин, анын ичинде Консерваториянын басылмаларына жарыялоого сунуш кылууга;
- окуу-лабораториялык жайларды, китепканаларды, жатаканаларды, спорттук курулмаларды, окуу, илимий жана башка бөлүмдөрдүн жабдууларын тийиштүү жобо менен аныкталган тартипте пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакыруудан кийинкиге калтырылууга жана аскердик адистик боюнча билим алууга;
- өзүнүн адамдык ар-намысын коргоого, өз көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө, окуу жайынын администрациясынын чечимдерине карата билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органына жана администрациялык органдарга даттанууга;
- студенттик турмушта келип чыккан маселелерди чечүү үчүн коомдук уюмдарды түзүүгө.
24. Студенттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- окуу сабактарынын бардык түрлөрүнө катышууга жана белгиленген мөөнөттө окуу пландарында жана окутуу программаларында каралган окуу сабактарынын бардык түрлөрүн аткарууга;
- билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билимге, кесиптик жөндөмгө, билгичтикке жана илимий изилдөөнүн заманбап ыкмаларына ээ болууга;
- ушул Уставды, ички тартип эрежелерин жана жатаканада жашоо эрежелерин сактоого;
- окуу планында жана окутуу программаларында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга.
25. Окуудагы жана илим-изилдөөдөгү жана башка иштердеги ийгиликтери үчүн студенттерге Консерваториянын каражаттарынын чегинде моралдык жана материалдык сыйлыктын ар кандай түрлөрү (анын ичинде энчилүү стипендиялар) белгилениши мүмкүн.
26. Окуу пландарын аткарбагандыгы жана башка тартип бузуулары үчүн студенттерге Консерваториядан чыгарууга чейинки тартип жазасы колдонулушу мүмкүн.
27. Окууда мыкты ийгиликтерге жетишкен Консерваториянын бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте артыкчылык дипломдору берилет.
28. ЖОЖго чейинки даярдоонун түзүмдүк бөлүмдөрүндө, опера-хор студияларын жана даярдоо курстарында окуган адамдар Консерваториянын угуучулары болуп саналат.
29. Угуучулардын укуктук абалы, ошондой эле аларды окутууну уюштуруу Консерваториянын ректору бекиткен Түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө Жобого ылайык аныкталат.
30. Консерваториянын ассистент-стажерлору болуп жогорку кесиптик билими бар жана теориялык билимин жана практикалык жөндөмүн өркүндөтүү, ошондой эле кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн ассистентура-стажировкада окуган адамдар саналат.
31. Консерватория окуп жаткандардын өмүрүн сактоого жана ден соолугун чыңдоого кепилдик берген коопсуз шарттарды түзөт.
5. Консерваториянын кызматкерлери
32. Консерваторияда илимий-педагогикалык курамдын (профессор-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер), администрациялык-чарбалык, окуу-көмөкчү персоналдын кызмат орундары каралат.
33. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:
- ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү;
- квалификацияны жогорулатуу.
34. Профессор-окутуучулар курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык аларга окутулган окуу сабактарынын мазмунун аныктоого;
- окутуунун каражаттарын жана методдорун эркин тандоого, окуу жана илимий процесстердин жогору натыйжалуулугун камсыз кылган илим-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү өргүүгө;
- өзүнүн кесиптик ишин тийиштүү түрдө уюштурууга жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
- Консерваториянын окуу, илимий жана концерттик ишинин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- белгиленген тартипте жайлардын жана маалыматтык фонддордун, кабинеттердин, китепканалардын, окуу жана илимий мекемелердин, социалдык-тиричилик, маданий жана башка бөлүмдөрдүн кызматтарын пайдаланууга;
- Консерваториянын буйруктарына мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга.
35. Профессор-окутуучулар курамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугун жана студенттердин билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүшүн камсыз кылууга;
- студенттердин өз алдынчалыгын, демилгелүүлүгүн, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүүгө, аларды жогорку адептик ченемдерге үйрөтүүгө, кесиптик сапаттарды, жарандык позицияны, азыркы цивилизациянын жана демократиянын шартында турмушка жана эмгектенүүгө болгон жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга;
- өзүнүн билим деңгээлин жана квалификациясын туруктуу жогорулатууга, илим-изилдөөлөрдү жана башка чыгармачылык иш формаларына студенттерди жигердүү тартуу менен жүргүзүүгө, ушул Уставдын ченемдерин аткарууга;
- ички тартип эрежелерин сактоого, кесиптик этиканы так сактоого, ага жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга;
- студенттерге карата эмоциялык, психикалык, кара күч менен зомбулук кылууга жол бербөөгө;
- Консерваториянын мүлкүнө аяр мамиле кылууга;
- ушул Уставдын жоболорун сактоого.
36. Консерваториянын окутуучулары негизги кызмат орду менен катар эки кызматты айкалыштыруу шартында кафедра башчысынын, декандын, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмдөрүнүн, методикалык бөлүмдүн практикасынын башчысынын кошумча милдеттерин аткара алат.
37. Консерваториянын илимий-педагогикалык курамынын кызмат орундарын ээлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
38. Бош кызмат орундарына конкурс боюнча шайланбай калган, ошондой эле конкурска катышууга арыз бербеген адамдар шайлоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу семестр аяктагандан кийин иштен бошотулат.
39. Консерваториянын администрациялык-чарбалык жана окуу-көмөкчү, ошондой эле Консерваториянын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.
40. Консерваториянын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
41. Консерваторияга тиешелүү укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык Консерваториянын ректору жана Илимий кеңеши тарабынан проректорлор менен бирге Консерваториянын кесиптик бирлик уюмунун макулдугу же катышуусу менен жүргүзүлөт.
6. Окуу процессин уюштуруу
42. Билим берүүнүн мазмуну багыттар же адистиктер боюнча Консерватория тарабынан тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык аныкталат.
Консерватория мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
43. Консерваторияда окуу процесси окутуунун каражаттарын, формаларын жана ыкмаларын педагогикалык жактан негиздүү тандоого негизделет.
44. Консерватория студенттерди орто аралык аттестациялоонун формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн өз алдынча тандайт. Билим берүүнүн бардык формалары жана деңгээли боюнча негизги сабактар мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарууну камсыз кылган окуу пландары жана программалар менен аныкталат. Сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары Консерватория кошумча кызмат көрсөтүүлөр түрүндө студенттердин таламдарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган сабактардын башка түрлөрүн да киргизиши мүмкүн.
45. Консерваторияда негизги кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу кыргыз, орус, англис, италия тилдеринде, окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуу, окуп жаткандардын суроо-талаптарын канааттандыруу милдеттерине негизденүү жана окуу процессин кадрдык жана методикалык жактан камсыз кылуу боюнча колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
46. Окутуунун узактыгы, окуу жылынын башталышы жана аякташы, студенттердин милдеттүү окуу сабактары менен жумалык камсыздалышы, сынак сессияларынын жана каникулдардын мөөнөттөрү жана узактыгы, ошондой эле практикалык окутуу түрлөрү жана аяктоо формасы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуу планы менен белгиленет.
47. Аудиториялык сабактардын узактыгы (академиялык саат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого ылайык белгиленет.
48. Консерваторияда окуу процессин уюштуруу окутуунун жогорку сапатын камсыз кылууга, студенттердин окуу жана тиричилигинин коопсуз шарттарын түзүүгө умтулууга негизденүү менен жүргүзүлөт.
49. Контракттык негизде билим алуу үчүн Консерваторияга кабыл алуу жалпы орто же орто кесиптик билими бар адамдардын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жол-жобо боюнча конкурстук негизде жүргүзүлөт.
50. Кабыл алуунун натыйжаларынын негизинде абитуриенттерди биринчи курска кабыл алуу жөнүндө ректордун буйругу чыгарылат.
51. Консерваторияда билим алуусун улантуу үчүн студенттерди башка билим берүү уюмдарынан которуу, ошондой эле курсуна, окутуу формасына жана түрүнө карабастан биринчи негизги билим берүү программасынан экинчисине өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуу, чыгаруу жана калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
52. Консерваторияда билим алуусун аяктабаган адамдарга белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет.
53. Окуу жылынын сабактары боюнча аттестациядан өтпөгөн студенттер кийинки курска которулбайт.
54. Консерваторияда окуу процесси окуу планынын негизинде төмөнкүдөй негизги формаларда жүргүзүлөт:
- жеке сабактар;
- дарстар;
- семинарлар;
- тайпалык сабактар;
- аудиториялык жана аудиториядан тышкары сабактар;
- өндүрүштүк, концерттик, педагогикалык практика.
55. Консерваторияда тарбиялоо иши профессордук-окутуучулар курамы, тарбиялоо иши боюнча проректор тарабынан жана студенттердин окуу, чыгармачылык, өндүрүштүк иштери менен бирге жүргүзүлөт.
56. Тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде окуу планын жана программаларын толук көлөмдө аткарган студент мамлекеттик аттестациялоого киргизилет. Мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары боюнча бүтүрүүчүгө адистиги боюнча квалификация берилет.
57. Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгы жөнүндө Жобого ылайык аныкталат.
58. Абитуриенттерди Консерваторияга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.
59. Окуу процессин уюштуруу, мамлекеттик билим берүү стандарттарын сактоо жагында Консерватория билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчёт берет.
7. Консерваториянын түзүмү
60. Консерватория өз түзүмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген, кошумча кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу жогорку жана орто кесиптик окуу жайынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого ылайык түзөт.
61. Түзүмдүк бөлүм - факультет окуу-илимий, администрациялык бөлүм болуп саналат жана жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат. Факультеттин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын факультеттери жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
62. Түзүмдүк бөлүм - кафедра окуу, окуу-методикалык жана илим-изилдөө ишин, студенттер арасында окуудан тышкары иш жүргүзгөн, жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле жогорку квалификациядагы педагогикалык кадрларды бир же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча даярдаган, кайра даярдаган жана квалификациясын жогорулаткан окуу-методикалык жана илимий бөлүм болуп саналат. Кафедранын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын кафедралары жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
63. Консерваториянын, анын факультеттеринин же кафедраларынын курамында убактылуу же туруктуу негизде төмөнкүдөй бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүн:
- окуу-методикалык кеңеш;
- илимий, окуу, чыгармачылык, методикалык лабораториялар;
- өнөрканалар;
- адистештирилген класстар (кабинеттер);
- илимий, методикалык, чыгармачылык, концерттик топтор.
64. Бөлүмдөр өз иштерин ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен алар жөнүндө жобого ылайык жүргүзөт.
Бул бирикмелердин сунуштамалары Консерваториянын Илимий кеңешинин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинде эске алынат.
65. Түзүмдүк бөлүмдөр жалпы орто жана орто, жогорку кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кошумча жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларын белгиленген тартипте жүзөгө ашыра алат.
66. Консерваторияда мүлк бөлүп берүү менен юридикалык жак статусу бар түзүмдүк бөлүмдөр же филиалдар түзүлүшү мүмкүн. Консерваториянын түзүмдүк бөлүмдөрү филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуксуз.
67. Консерватория тарабынан студенттерди окутуу, кадрларды бир эле багыт же адистиктер боюнча даярдоо жана кайра даярдоо үчүн бирин-бири кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
68. Консерватория, анын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн кошуп алганда бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө түзүлгөн окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугу жана сапаты үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобо менен аныкталган тартипте башка милдеттенмелер боюнча жооп берет.
69. Консерваторияда өз ишин билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ченемдик-укуктук актыларынын, Консерваториянын ички эмгек жана окуу тартибинин эрежелеринин негизинде жүргүзгөн студенттик жатакана болот.
70. Консерваториянын юридикалык жак статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат.
8. Консерваториянын башкаруу органдары
71. Консерваторияны башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык демократиялаштыруу, борбордон ажыратуу жана өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде түзүлөт.
72. Уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Консерваториянын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Консерваториянын Уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Консерваторияны кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу.
73. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Консерваториянын ишин координациялоо жана контролдоо;
- Консерваториянын финансы-экономикалык жана чыгармачылык ишин контролдоо;
- Консерваториянын аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу;
- ыйгарым укуктуу органдын кызмат орундарынын номенклатурасына кирген кызматкерлерди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
- ыйгарым укуктуу органдын кызмат орундарынын номенклатурасына кирген кызматкерлерге карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу;
- финансылык, чыгармачылык иш жөнүндө Консерваториядан отчёт талап кылуу;
- Консерваториянын штаттык санын бекитүү;
- эгерде Консерваториянын ар кандай иши анын уставдык максаттарына каршы келсе жана ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз башталса аны токтотуп туруу;
- кызматкерлерди жана окуп жаткандарды сыйлыктар жана ардактуу наамдар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды кароо;
- администрациялык-башкаруу аппаратын аттестациядан өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Консерваториянын ишин текшерүү;
- окуу-билим берүү процессине тиешелүү маселелер боюнча билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен тыгыз кызматташуу;
- Консерваторияны кайра уюштуруу жана же жоюу жөнүндө маселени кароо жана Уюштуруучунун кароосуна жана кийин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруу.
74. Консерваторияны өз алдынча башкаруу формасы болуп жалпы чогулуш, Консерваториянын Камкордук кеңеши жана Илимий кеңеш саналат.
75. Консерваториянын Камкордук кеңешин түзүүнүн, ишин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери "Камкордук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
76. Консерваториянын окумуштуулар кеңешин түзүүнүн тартиби, милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобого ылайык белгиленет.
77. Консерваториянын ректорун шайлоо жана дайындоо тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
78. Консерваториянын ректору өз компетенциясынын чегинде:
- Консерваториянын билим берүү, илимий, өндүрүштүк, чарбалык, финансылык, эл аралык жана башка иштерин жетектейт;
- Консерваториянын окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- Консерваториянын окумуштуулар кеңешинин илимий-катчысынын талапкерлигин окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунуштайт;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же ушул Уставка каршы келген чечимдерин токтотуп турат;
- Консерваториянын окумуштуулар кеңешинин чечимдерин эске алуу менен Консерваториянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат;
- Консерваториянын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- жаңы түзүмдүк бөлүмдөр түзүлгөндө ыйгарым укуктуу орган жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
- өз компетенциясынын чегинде бардык кызматкерлер жана окуп жаткандар аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык уюмдарда Консерваториянын өкүлү катары чыгат, мүлкүн жана акча каражаттарын башкарат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана кредиттерди башкаруучу болуп саналат;
- Консерваториянын ишинин натыйжалары үчүн, тийиштүү мамлекеттик стандарттардын талаптары, билим берүүнүн сапаты жана адистерди даярдоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- профессор-окутуучулар курамын жана илимий кызматкерлерди, кызматчыларды жана чарбалык кызматкерлерди эмгек мыйзамына ылайык ишке кабыл алат жана бошотот, профессор-окутуучулар менен илимий кызматкерлердин кызмат орундарды ээлешинин белгиленген тартибин сактоону камсыз кылат;
- проректорлорду (окуу иштери боюнча проректордон тышкары) жана башкы бухгалтерди кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга ыйгарым укуктуу органга сунуш киргизет;
- окуу иши боюнча проректорду кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуш киргизет;
- Консерваториянын проректорлорунун жана башка кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Консерваториянын кызматкерлерин сыйлайт жана аларга карата тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
- Консерваториянын кызматкерлерин сыйлоо маселелерин коллегиялуу чечет;
- белгилүү мезгил үчүн Консерваториянын окумуштуулар кеңешинин, ыйгарым укуктуу органдын, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында жыл сайын отчёт берет;
- бюджеттик каражаттардын жана бюджеттен тышкаркы түшүүлөрдүн кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын ыйгарым укуктуу органга сунуш кылат;
- Консерваториянын ишинин натыйжалары, адистерди даярдоонун сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келиши, окуу процессинин материалдык-техникалык жактан жабдылышы жана маалыматтык камсыз кылынышы, материалдык-техникалык базанын өнүгүшү үчүн жоопкерчилик тартат;
- чет өлкөгө иш сапарга чыккан учурда ыйгарым укуктуу органга кабарлайт;
- Консерваториянын мүлкүн жана финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
79. Консерваторияда 4 бирдик сандагы проректорлордун кызмат орундары каралган, алардын функциялык милдеттери Консерваториянын ректору тарабынан бөлүштүрүлөт жана бекитилет.
Консерваториянын окуу ишине түздөн-түз жетекчиликти окуу иштери боюнча проректор жүргүзөт, ал окуу процессин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Консерваториянын илим-изилдөө, окуу-методикалык, концерттик ишин уюштурууну илимий иштер боюнча проректор жүргүзөт.
Консерваториянын тарбиялоо жана руханий-адептик иши үчүн тарбия иши боюнча проректор жоопкерчилик тартат.
Консерваториянын администрациялык-чарбалык иши үчүн администрациялык бөлүк боюнча проректор жоопкерчиликтүү адам болуп саналат.
9. Эл аралык иштерди уюштуруу
80. Консерватория Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эл аралык иштерди жүргүзөт:
- чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана мекемелери менен маданий байланыштарды өнүктүрүү;
- жогорку салттуу жана академиялык көркөм маданияттын өлкөсү катары өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого катышуу;
- маданияттар аралык үзүрлүү карым-катнаштардын аркасында Консерваторияда окуу-тарбиялоо процессин оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат кылынган билим берүү, агартуу, изилдөө жана башка кызматтарды көрсөтүү.
81. Консерваториянын эл аралык иши төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
- стажировка алмашуулар;
- концерттер;
- чеберчилик-класстар;
- кесиптик жолугушуулар, семинарлар, тренингдер;
- конкурстар, кароолор;
- фестивалдар;
- карым-катнаштарды кеңейтүү үчүн ишкер сапарлар;
- кесиптик квалификацияны жогорулатуу;
- чет өлкөлүк жарандарды-студенттерди, ассистент-стажерлорду жана аспиранттарды окутуу;
- музыка өнөрү жана илим маселелери боюнча жарыялоолор жана басма иши;
- чет өлкөлөрдөгү музыкалык окуу жайлары, алдыңкы билим берүү, илим, филармониялык жана башка борборлор менен узак мөөнөттүү кызматташтык.
82. Эл аралык иштердин бардык түрлөрү (эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
10. Финансылык жана чарбалык иш
83. Консерваторияны финансылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат;
- республикалык бюджет;
- Консерваториянын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар;
- билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, концерттик-агартуу жана уставдык максаттарга ылайык башка мыйзамдуу иштерден түшкөн каражаттар;
- экинчи жана андан ашуун адистиктерге даярдоону кошуп алганда кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
- ыктыярдуу взностор, кайрымдуулук каражаттары, чет өлкөлүк демөөрчүлөрдү кошуп алганда жеке жана юридикалык жактардын гранттары;
- окуу үчүн акылар.
84. Окуу үчүн акынын өлчөмү ар бир окуу жылына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Окутуунун сметалык наркы окуу, тарбиялоо жана илимий процесстерди жүргүзүүгө жана маалыматтык камсыз кылууга, Консерваторияны күтүүгө, эмгек акы төлөөгө каражаттарды түзүүгө, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүүгө, студенттерди социалдык колдоого кеткен чыгымдарды камтууга тийиш.
Пайда окутуунун наркына кошулбайт.
85. Консерватория абитуриенттерди окууга акы төлөөнүн тартиби (окуу үчүн акынын өлчөмү, аны төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү, өз ара жоопкерчиликтер жана акы төлөөнүн мөөнөтүн жана өлчөмүн бузгандык үчүн жоопкерчилик) менен тааныштырууга жана аны окуп жаткандар (буюртмачылар) менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүүгө милдеттүү.
86. Консерваториянын имараты, курулуштары, жер участоктору жана башка мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда турат.
87. Консерватория республикалык бюджеттен же мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордон бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же оор түйшүккө салууга алып келиши мүмкүн болгон бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз.
88. Консерватория оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитип берилген мүлктүн сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
89. Консерваторияга негизги ишти жүргүзүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга тыюу салынат.
90. Консерватория мамлекеттик буюртманы аткарууга бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ошондой эле жеке каражаттарынын жана башка мыйзамдуу булактардын эсебинен материалдык-техникалык базасын өз алдынча өнүктүрөт.
11. Эсепке алуу жана отчеттуулук
91. Консерватория өз ишинин натыйжалары жөнүндө белгиленген формада статистикалык, бухгалтердик эсептерди жана отчёт берүүлөрдү жүргүзөт.
Консерваториянын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасында бюджеттен жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордон алган бардык кирешелер, анын ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн, Консерваторияга оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген мамлекеттик менчикти пайдалануудан алынган жана ушул Уставда каралган башка иштерден алынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
92. Консерваториянын финансы-чарбалык ишине контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар жүргүзөт.
93. Консерватория жыл сайын кийинки отчёттук жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды жүргүзүүгө милдеттүү.
Коомдук угууларга жарандык сектордун өкүлдөрү, Консерваториянын кызматкерлери жана студенттер жана башка бардык кызыкдар адамдар катыша алат.
94. Консерваториянын кызмат адамдары отчёттун аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.
12. Консерваторияны кайра уюштуруу жана жоюу
95. Консерваторияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
96. Консерваториянын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.