Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 15-октябрындагы № 700

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 29-сентябры № 628

Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Турукташтыруу режимин колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында № 110 жарыяланды

 

 

Премьер-министр

С.Ж.Исаков