Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 токтому менен бекитилген |
Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилгенде инвестор жана/же инвестициялоочу ишкана үчүн турукташтыруу режимин - жагымдуу укуктук режимди колдонуу тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгенде, инвестор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарынын жана ушул Жобонун шарттарына жооп берүүчү инвестициялануучу ишкана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып он жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктарды, анын ичинде кошумча нарк салыгын төлөө боюнча, бирок башка кыйыр салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү (мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кошпогондо) кошо албаганда өздөрүнө кыйла жагымдуу шарттарды тандап алууга укуктуу.
3. Турукташтыруу режиминин укугуна төмөнкүлөр ээ:
1) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына, анын ичинде инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына жүгүртүүдөгү акциялардын санын, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталуучу 3 (үч) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү болгон сом суммасына уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен инвестицияларды салуучу инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана өзү; же
2) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына, анын ичинде инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталуучу 20 (жыйырма) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү болгон сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен инвестицияларды салган, пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүүгө байланышкан иш-аракетти жүргүзгөн инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзү.
4. Турукташтыруу режими турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол койгон инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жагымдуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектөө үчүн негиз боло албайт.
2. Турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзүү тартиби, мөөнөтү жана баш тартуу үчүн негиз
5. Турукташтыруу жөнүндө макулдашуу - инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө карата инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын укуктарын караштырган келишим (мындан ары - Макулдашуу).
6. Макулдашуу турукташтыруу режимин колдонуу тартибин жана шартын, ошондой эле тараптардын аталышын, укуктарын жана милдеттерин, инвестициянын өлчөмүн жана максаттуу багытын, мөөнөттөрүн жана башка шарттарын аныктайт.
7. Макулдашуу түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
1) инвестор - жеке жак:
а) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча турукташтыруу режимин берүүгө каттоо арызы;
б) ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү;
в) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн инвестициялардын минималдык суммасынын 3%ына эквиваленттүү суммага банктык кепилдик. Банктык кепилдикти алуучу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталышы керек. Банктык кепилдиктин колдонулуу мөөнөтү үч жылдан кем болбошу керек (пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүүгө байланышкан инвестицияларды салууда жана иш-аракетти жүзөгө ашырууда - беш жылдан кем болбошу керек).
2) инвестор - юридикалык жак жана/же инвестициялануучу ишкана төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
а) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча турукташтыруу режимин берүүгө карата каттоо арызы;
б) инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын уставынын көчүрмөсү, ал инвестордун же/жана инвестициялануучу ишкананын мөөрү жана ыйгарым укуктуу жактын колу менен күбөлөндүрүлөт;
в) Макулдашуу түзүү жөнүндө инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын башкаруучу органынын чечими, инвестордун же/жана инвестициялануучу ишкананын мөөрү жана ыйгарым укуктуу жактын колу менен күбөлөндүрүлөт;
г) инвестициялануучу ишкананын каттоодон өткөндүгү (кайрадан катталгандыгы) жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
д) юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган же апостилдештирилген көчүрмө.
Документтерди легалдаштыруу жана апостилдештирүү КМШга катышкан өлкөлөрдүн юридикалык жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аракеттенген юридикалык жактар үчүн талап кылынбайт.
Мамлекеттик реестрден алынган көчүрмө же юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттенген юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документ документтерди тапшырган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш;
е) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аталган инвестициянын минималдуу суммасынын 3%ына эквиваленттүү суммага банктык кепилдик. Банктык кепилдикти алуучу катары ыйгарым укуктуу салык органы көрсөтүлүүгө тийиш. Банктык кепилдиктин колдонулуу мөөнөтү үч жылдан кем болбошу керек (пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүүгө байланышкан инвестицияларды салууда жана иш-аракетти жүзөгө ашырууда - беш жылдан кем болбошу керек);
ж) ишкананы уюштурууда жана/же инвестициялануучу ишкананын катыштык үлүшүн (акциясын) алууда катыштык үлүшүн (акциясын) алуу үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу документ;
з) акционерлердин реестринен же юридикалык жактардын реестринен көчүрмө;
и) инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын өкүлүнүн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ (ишеним кат, чечимден/протоколдон көчүрмө);
к) инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын атынан Макулдашууга кол коюп жаткан жактын паспортунун көчүрмөсү.
8. Макулдашуу ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана же алардын өкүлдөрү толтурган жана кол койгон 3 (үч) нускада берилет.
9. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында каралган документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Чет тилинде түзүлгөн документтер нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги котормосу менен берилет.
10. Инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана берген документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан документтер келип түшкөн күндөн тартып 14 иш күнүнөн кечиктирбестен каралат.
Эгерде документтер жетишсиз болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвесторго жана/же инвестициялануучу ишканага же алардын өкүлдөрүнө жетишпеген документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө кабарлайт.
Инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарын алган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде жетишпеген документтерди бериши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди карап чыгат жана документтердин толук пакетин кабыл алган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндөн кечиктирбестен Макулдашуу түзүү же баш тартуу жөнүндө чечимин чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет. Буйруктун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана менен Макулдашууга кол коёт.
13. Макулдашуу мамлекеттик жана расмий тилдерде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 (үч) нускада кол коюлат жана Турукташтыруу жөнүндө макулдашууларды эсепке алуу реестрине (мындан ары - Реестр) катталат.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына Макулдашууга кол коюлгандыгы жөнүндө кабарлоону жиберет.
15. Эгерде инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында аталган документтерди толугу менен жана белгиленген мөөнөттө бербесе, ошондой эле берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Макулдашуу түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Реестр жүргүзүү тартиби, инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын отчёт берүүсү
16. Түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат Реестрге киргизилет.
17. Реестрге Макулдашуунун катталган номери, Макулдашуу түзүлгөн дата, инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын аталышы, инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын ишинин негизги түрү жана Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү киргизилет.
18. Реестр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
19. Электрондук форматтагы Реестр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.
20. Инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана жыл сайын отчёттук мезгилден кийинки 1-февралдан кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүү менен 2 (эки) нускада отчёт беришет:
1) отчёттук мезгилде инвестициялануучу ишкана салган капиталдын суммасын;
2) салынган инвестицияларды өздөштүрүү.
21. Отчётко инвестицияга салынган сумманы ырастаган документтердин түп нускасы же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
22. Отчёт инвестордун же инвестор жана/же инвестициялануучу ишкананын ыйгарым укуктуу адамынын колу жана/же мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчётту алгандан кийин 10 иш күнүнүн ичинде отчёттун бир нускасын ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтөт.
4. Турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузуу тартиби жана кесепети
24. Эгерде инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Жободо жана Макулдашууда аталган шарттарды аткарбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Макулдашууну бузууга жана инвесторго жана/же инвестициялануучу ишканага карата турукташтыруу режимин колдонууну токтотууга укуктуу.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 3-пунктунда аталган инвестицияларды салуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирбестен инвесторго же/жана инвестициялануучу ишканага аталган мөөнөт аяктаганга чейин түзүлгөн Макулдашууга ылайык өз милдеттенмелерин толугу менен аткаруу зарылдыгы жөнүндө кабарлоону жөнөтөт.
26. Эгерде инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана өз милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестиция салуу мөөнөтү аяктагандан кийин 10 иш күнүнүн ичинде Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузуу жана Макулдашууну Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
27. Макулдашууну бузуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет, анын көчүрмөсү кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө инвесторго жана/же инвестициялануучу ишканага жиберилет.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан буйрук кабыл алынган күндөн тартып, Макулдашуу бузулду деп эсептелет.
29. Инвестор же инвестициялануучу ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонууну токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Макулдашууну бузуу жөнүндө чечим арыз алынгандан кийин 10 иш күнүнүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
30. Макулдашуу бузулгандан кийин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 иш күнүнүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына Макулдашууну бузуу жөнүндө кабар берет жана инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана турукташтыруу режимин пайдаланганы, инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана турукташтыруу режимин колдонгон учурда салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздары болгону жөнүндө маалыматтарды сурайт.
31. Эгерде инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында карыздары бар болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төлөнбөгөн салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча инвестордон жана/же инвестициялануучу ишканадан карыздарды өндүрүп алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына банктык кепилдикти жөнөтөт.
32. Инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында карыздары жок экендиги жөнүндө маалымат алынса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 иш күнүнүн ичинде инвесторго жана/же инвестициялануучу ишканага банктык кепилдикти кайтарып берет.
|
| Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Турукташтыруу режимин берүүгө КАТТОО АРЫЗЫ № ______
Юридикалык жактар үчүн: Инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана: (керектүүсүнүн астын сызгыла) | |||||
Юридикалык жактын толук аталышы:
| |||||
Экономика сектору:
| |||||
Турукташтыруу объекти: (керектүүсүнө "х" белгисин коюу керек) |
| ||||
□ салыктык төлөмдөр □ салыктык эмес төлөмдөр
|
|
|
| ||
Инвестор жана/же инвестициялануучу ишкананын байланыш маалыматтары: | |||||
Өлкө:
| Шаар: | ||||
Почта дареги:
| Телефон/Факс: | ||||
Электрондук дареги:
| Веб-сайт (бар болсо): | ||||
Инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын өкүлүнүн байланыш маалыматтары: | |||||
Фамилиясы:
| Аты: | Атасынын аты: | |||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү же аны алмаштыруучу документ |
| ||||
Түрү, сериясы №
| Ким тарабынан жана качан берилген | ||||
| |||||
Почта дареги:
| Телефон/Факс: | Электрондук дареги: | |||
Эскертүү. Байланыш маалыматтары өзгөрүп кеткендиги тууралуу инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабар берет. Эгерде өзгөрүүлөр тууралуу кабар берилбесе же өз убагында берилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарлоону/билдирүүнү акыркы белгилүү болгон дарекке жөнөтөт. | |||||
Датасы: | Колу: | ||||
| |||||
Жеке жактар (инвестор) үчүн: | ||||
Экономика сектору:
| ||||
Турукташтыруу объекти: (керектүүсүнө "х" белгисин коюу керек)
□ салыктык төлөмдөр □ салыктык эмес төлөмдөр | ||||
Инвестордун байланыш маалыматтары: | ||||
Фамилиясы:
| Аты: | Атасынын аты: | ||
Өздүгүн күбөлөндүрүүчү же аны алмаштыруучу документ: | ||||
Түрү, сериясы, № _____________________ | Ким тарабынан жана качан берилген | |||
Өлкө:
| Шаар: | |||
Почта дареги:
| Телефон/Факс: | |||
Электрондук дареги:
| Веб-сайт (бар болсо): | |||
Эскертүү. Байланыш маалыматтары өзгөрүп кеткендиги тууралуу инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабар берет. Эгерде өзгөрүүлөр тууралуу кабар берилбесе же өз убагында берилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарлоону/билдирүүнү акыркы белгилүү болгон дарекке жөнөтөт. | ||||
Датасы: | Колу:
| |||
| ||||
|
| Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Турукташтыруу режими жөнүндө ТИПТҮҮ МАКУЛДАШУУ № ______
Ушул ТУРУКТАШТЫРУУ РЕЖИМИ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ (мындан ары - Макулдашуу) Бишкек шаарында _____-жылдын "__" ____________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
______________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________ менен
(ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү, кызматы)
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык
______________________________________________________________________________________
(кол коюуга ыйгарым укугун ырастаган документ)
жана _________________________________________________________________________________,
(юридикалык жактын - инвестордун толук аталышы/инвестордун аты-жөнү),
________________________________________________________________________________ атынан
(ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү)
________________________________________________________________ негизинде иш алып барган
(кол коюуга ыйгарым укугун ырастаган документ)
(мындан ары - "Инвестор") жана ___________________________________________________________
(инвестициялануучу ишкананын - юридикалык жактын толук аталышы)
________________________________________________________________________________ атынан
(ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү)
________________________________________________________________ негизинде иш алып барган
_______________________________________________________________________________________
(кол коюуга ыйгарым укугун ырастаган документ)
(мындан ары - "Инвестициялануучу ишкана") ортосунда төмөнкүдөй шарттарда түзүлдү.
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, экономика тармактарында ишин жүзөгө ашырып жаткан Инвестициялануучу ишкананын капиталына инвестиция салышат.
1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага төмөнкүдөй төлөмдөргө карата турукташтыруу режимин колдонуу укугун берет:
- салыктар, кошумча нарк салыгын кошо алганда, бирок башка кыйыр салыктарды кошпогондо (ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык);
- салыктык эмес төлөмдөр, мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдөн башка (ушул Макулдашуунун тиркемесине ылайык).
1.3. Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана Кыргыз Республикасына инвестицияларды салууга жана салынган инвестициялардан киреше алууга байланыштуу Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага колдонулуучу салыктарга жана салыктык эмес төлөмдөргө карата турукташтыруу режимин колдонушат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 (он) жылдын ичинде турукташтыруу режимин пайдаланууга;
- ушул Макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонууну токтотуу жөнүндө арызы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга.
2.2. Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып, 3 (үч) жылдын ичинде ___________________________ АКШ доллары өлчөмүндө акчалай/ мүлктүк салым салууга (пайдалуу кендерди изилдөөгө, издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө байланышкан инвестицияларды салууда жана иш-аракеттерди аткарууда - 5 (беш) жылдан кем эмес);
- инвестицияны __________________________________________ багыттоого;
(инвестициянын максаттуу багыты)
- инвестициянын минималдык суммасынан 3% эквиваленттүү суммага банктык кепилдик берүүгө;
- документтин көчүрмөсүн берүүгө, инвестицияларды салууга;
- Инвестициялануучу ишкананын капиталына салынган сумманы көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчётту, инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө ырастоочу документтерди тиркөө менен салынган инвестицияларды өздөштүрүү жөнүндө маалыматты өз убагында берүүгө.
2.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Макулдашуу боюнча инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана тарабынан өздөрүнүн милдеттеринин аткарылышын жана салынган инвестициялардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого;
- ушул Макулдашууну бузууга жана Инвестор жана/же Инвестициялануу ишкана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо жана ушул Макулдашууда аталган шарттарды аткарбаган учурларда Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага карата турукташтыруу режимин колдонууну токтотууга.
2.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттенет:
- ушул Макулдашуунун 1.2-пунктунда аталган төлөмдөргө карата ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 10 (он) жылдын ичинде турукташтыруу режимин Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага берүүгө;
- инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда Инвестордун жана/же Инвестициялануучу ишкананын укуктарынын бирдей болушуна кепилдик берүүгө.
3. Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү жана аны бузуу тартиби
3.1. Ушул Макулдашуу _____-жылдын "__" __________________ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 10 (он) жыл аралыгында колдонулат.
3.2. Ушул Макулдашуу эгерде Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана ушул Макулдашуунун 2.2-пунктунда каралган милдеттенмелерди бузса, ошондой эле "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо көрсөтүлгөн шарттар тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир тараптуу тартипте токтотулушу жана турукташтыруу режими жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Макулдашуунун 2.2-пунктунда аталган инвестицияларды салуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирбестен, Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага ушул Макулдашууга ылайык Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана тарабынан өз милдеттенмелерин аткаруунун зарылдыгы тууралуу кабарлоону жөнөтөт.
3.4. Эгерде Инвестор жана/же Инвестициялануучу ишкана өзүнүн милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткаруу үчүн чараларды көрбөсө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестиция салуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин 10 иш күнүнөн кечиктирбестен, Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузуу жана Турукташтыруу жөнүндө макулдашууларды эсепке алуу реестринен Макулдашууну чыгаруу жөнүндө кабарлоону Инвесторго жана/же Инвестициялануучу ишканага жөнөтөт.
3.5. Ушул Макулдашуунун жарактуулугу жана турукташтыруу режимин колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрукту кабыл алган күндөн тартып токтотулат.
4. Корутунду жоболор
4.1. Турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында пайда болуучу бардык талаштар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Инвестордун жана/же Инвестициялануучу ишкананын ортосунда консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
4.2. Эгерде Тараптар мындай консультацияны өткөрүү жөнүндө жазуу жүзүндө биринчи кайрылган күндөн тартып үч айдын ичинде талашты жөнгө сала алышпаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Инвестордун жана/же Инвестициялануучу ишкананын ортосундагы талаш "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чечилет.
4.3. Тараптар ушул Макулдашуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат, эгерде ал жеткис күчтөрдүн, башкача айтканда өзгөчө жана ал жеткис жагдайдын (мындан ары - Форс-мажор) натыйжасында талаптагыдай аткаруу мүмкүн болбогондугун далилдей алышпаса. Форс-мажор төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: баш аламандык, көтөрүлүштөр, төңкөрүш, революция, өрт, суу ташкыны, жер титирөө, жарандык толкундоо, террористтик актылар, эпидемиялар, согуштук аракеттер жана башкалар. Ушундай кырдаалдардын баарында ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ошончо мезгилге узартылат, мында турукташтыруу режимин колдонуу мөөнөтү узартылбайт.
4.4. Форс-мажордун болгондугун ырастаган тарап экинчи Тарапка Форс-мажордук кырдаал белгилүү болгон күндөн тартып 5 (беш) иш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө кабар жөнөтөт.
Тараптардын колдору жана реквизиттери
Өкмөттүн атынан: | Инвестордун атынан: | Инвестициялануучу ишкананын атынан: |
____________________________ | ____________________________ | ____________________________ |
____________________________ | ____________________________ | ____________________________ |
____________________________ | ____________________________ | ____________________________ |
____________________________ | ____________________________ | ____________________________ |
М.О. | М.О. | М.О. |
|
| Турукташтыруу режими жөнүндө типтүү макулдашуунун тиркемеси |
Форма
Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн ставкаларынын таблицасы
Салык төлөмдөрү (жазуу керек) | Пайыздык ставкалар (жазуу керек) | Салыктык эмес төлөмдөр (кошумча төлөмдөрдү жазуу керек) | Ставка/өлчөм (жазуу керек) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|