Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 408
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 408 токтому менен жактырылган |
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш. Өмүркулов демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзамдын долбоору менен мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерине карата бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү максатында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацы менен билим берүү уюмдарын башкаруу принциптери каралган. Муну менен бирге “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 2-бөлүгүндө билим берүү уюмунун өз алдынча башкаруу формалары көрсөтүлгөнүн белгилейбиз. Билим берүү уюмунун башкаруу принциптерин өзгөртүүгө байланыштуу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 2-бөлүгүн билим берүү уюмдарынын башкаруусунун коллегиялык органдарын аныктоо бөлүгүндө кайра карап чыгуу зарыл.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринен сырткары, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин (ректорлорун) кызмат ордуна дайындоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан жүргүзүлө тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилген, анда Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети – органы аныкталган.
Ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары тиешелүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашырышат.
Мында министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары аларга тапшырылган иштин чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, ошондой эле долбоордун жобосун техникалык туура баяндоо максатында долбоордун аталган абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринен сырткары, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси (ректору) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча илимий даражасы жана наамы, ошондой эле талаптагыдай квалификациясы бар адистердин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Ректор Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордунан бошотулат.”.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунда жазык жоопкерчилигине тартуу түрүндө ректордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиздери белгиленген.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбей турганын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“5) Он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзүнүн арызы боюнча;
- оорусунун себеби боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо же каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча;
- ага карата кылмыш жасоого күнөөлүү экендиги жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.”.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пункту менен мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткаруучу мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатына жаңы кызматкерлерди кабыл алууга укугу жок деп аныктоо сунушталууда.
Бирок, ректордун милдетин аткаруу узак мөөнөткө жүктөлүшү мүмкүн экендигин эске алуу зарыл, мындай учурда ректордун милдетин аткаруучунун жаңы кызматкерлерди кабыл алуу укугу чектелет, бул өз кезегинде окуу процессине таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мунун негизинде долбоордун аталган пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38-пунктуна ылайык, эгерде берененин аталышы болбосо, анда берененин номурунан кийин чекит коюлбайт жана берененин белгилениши абзацтык чегинүү жана карартылган баш тамга менен басылат.
Мындан тышкары жогоруда аталган Нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык мыйзамдын долбоорундагы бланкеттик аныктамалар төмөнкүлөргө шилтеме кылат:
1) мыйзам чыгаруу тармагына (мисалы, “жарандык мыйзамдарда каралган тартипте”);
2) мыйзам чыгаруу актынын түрүнө (мисалы, конституциялык мыйзам, мыйзам, кодекс менен жөнгө салынат);
3) жөнгө салуу тармагына (мисалы, “жер казнасын пайдалануу тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат” же “лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат”);
4) айрым тийиштүү эрежелерге (мисалы, “жарандык сот ишин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча”).
Толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, “мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат”).
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун биринчи абзацын мыйзам чөйрөсүн көрсөтүү бөлүгүндө кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
5. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Кеспубликасынын Мыйзамынын 38-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө, же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылык туудурбаса, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаңы редакциясы түрүндө таризделе тургандыгын белгилей кетүү керек. Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет.
Тексттин жарымынан көбү өзгөртүлүүгө тийиш экендигине байланыштуу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин жаңы редакция түрүндө тариздөөнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.