Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 629
"Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга карата түзүлгөн Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 629 токтому менен жактырылган |
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга карата түзүлгөн Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга карата түзүлгөн Протоколго (мындан ары - Протокол) ылайык Протокол күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз тараптын Россия тараптын алдындагы 240 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызынын суммасын 100 пайызга жоюу каралган.
Протоколду ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы карызын мөөнөтүнө чейин жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле 240,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызды бир жолку эсептен чыгаруу мамлекеттик тышкы карыздын деңгээлин ИДПга карата 3,8 пайызга кыскартат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмүнө жалпысынан оң таасирин тийгизет.
Протоколдун 6-беренесине ылайык, ал Тараптар Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Протоколдун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жалпысынан шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протоколго кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-майындагы № 135-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ратификациялоо финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.