Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 419
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коррупциялык коркунучтарды азайтуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"СЖМТ техникалык үзгүлтүктөрдөн улам иштебегенде, электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбой калган учурда, аларды кийин СЖКМТга киргизүү менен белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү документтер даярдалат.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ыйгарым укуктуу орган социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын билдирмелеринин негизинде сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алат.";
- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Сатып алуулар жол-жобосунун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган тийиштүү санаториялык-курорттук мекемелер менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзөт, анын шарттарында милдеттүү түрдө санаториялык-курорттук мекемелердин ыйгарым укуктуу органына дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылоодон өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга "Жолдомого карата кайтаруу талондорун" бергендиги жөнүндө алардын милдеттенмелери каралууга тийиш.";
- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |