Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 токтому менен бекитилген |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2017-жылдын 4-июлундагы № 419, 2020-жылдын 6-февралындагы № 67, 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын санаториялык-курорттук мекемелерине (мындан ары - санаториялык-курорттук мекемелер) жолдомолорду берүү тартибин аныктайт.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду (мындан ары - жолдомолор) берүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар аймактык бөлүмдөр тарабынан санаториялык-курорттук дарылоого жолдомолор менен төмөнкүдөй жеңилдикте камсыз кылынат:
- I топтогу майыптарга - 5 жылда бир жолу акысыз; I топтогу майыпты коштогон адамга медициналык көрсөтүүлөргө ылайык, - 50 пайыздык жеңилдетүү менен;
- II топтогу майыптарга - 5 жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдетүү менен;
- III топтогу майыптарга - 5 жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдетүү менен.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарылануусуна жолдомолор республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Курорттук дарыланууну пайдаланбагандыгы үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга компенсация төлөнбөйт.
2. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби
5. Жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө төмөнкү документтер берилет:
- жолдомо алууга жеке арыз;
- сунушталган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмунун медициналык көрсөтмөлөрдүн болушу жөнүндө белгиленген формадагы маалым каты;
- санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психиатрдын санаториялык-курорттук дарылануу зарыл экендиги жөнүндө корутундусу;
- паспорттун көчүрмөсү (ID-карта).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Жобонун 5-пунктунда аталган арызды жана документтерди аймактык бөлүмдүн кызматкерлери кабыл алат жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасынын тиешелүү каттоо журналдарында катталат. Жолдомолорду берүү СЖКМТ журналдарындагы каттоого ылайык электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жолдомону алган учурда арыз ээси СЖКМТдан басылып чыккан журналга кол коет, анда жолдомону алган дата, анын номери, анын жарактуулук мөөнөтү, санаториялык мекеменин аталышы, жолдомону алган адамдын паспортунун сериясы жана номери, ошондой эле медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан жана маалымкатынын көчүрмөсү берилген номер жана дата көрсөтүлөт.
Жолдомону берүүнүн кайталанган мөөнөтүнүн датасы беш жылдык мөөнөт аяктагандан кийин белгиленет, мында убакыт жолдомо берилген датадан тартып алдыга карай башталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Санаториялык-курорттук мекемеге дарыланууга келген учурда ден соолугунун мүмкүнчулүктөрү чектелүү адамдар паспортун, жолдомону, ошондой эле дарылоо-алдын алуу мекемеси берген санаториялык-курорттук картаны берүүгө тийиш.
(абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
II же III топтогу майыптар жолдомонун наркынын тиешелүү түрдө 50 же 70 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Дарылоо мекемесинин корутундусу боюнча коштоочу адамга муктаж болгон I топтогу майыптарды санаториялык-курорттук дарыланууга жөнөткөн учурда коштоочу адамга аймактык бөлүмдө 50 пайыздык жеңилдетүү менен жолдомо берилет. Жолдомого милдеттүү тартипте "коштоочу" деген белги коюлат. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Санаториялык-курорттук мекеменин врачынын же врачтык-консультациялык комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда санаторийде жүргөн учурда ден соолук абалы боюнча туугандарынын коштоосуна жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон I, II же III топтогу майыптарга бир жолдомону эки кишиге пайдаланууга уруксат берилет. Мындай учурда, орун бар болсо, санаторийде дарылануу күндөрүнүн саны койка-күндүн жана жолдомонун наркынын чектеринде эки адамга бөлүштүрүлөт.
10-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерде болушунун узактыгы 20 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында төмөнкүлөргө жол берилет:
- жарактуулугу өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин мезгилинде аяктай турган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга берилген санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун мөөнөтүн өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүнү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтото турууга.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жолдомолор төмөнкүлөргө берилбейт:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына;
- башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жарат алган майып аскер кызматчыларына;
- СССРди коргоо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу учурунда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун айынан майып болгон аскер кызматчысы болуп саналган адамдарга;
- Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен жапа чеккен майыптарга;
- Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги бар, майып болуп калган пенсионерлерге;
- саясий жана диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен жана реабилитацияланган, майып болуп калган жарандарга.
Санаториялык-курорттук жолдомонун наркы алар жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу жана бөлүштүрүү тартиби
12. Аймактык бөлүм ай сайын СЖКМТ аркылуу ыйгарым укуктуу органдын Социалдык камсыз кылуу департаментине ыйгарым укуктуу орган бекиткен формага ылайык жолдомо алууга өтүнмөнү берет.
СЖМТ техникалык үзгүлтүктөрдөн улам иштебегенде, электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбой калган учурда, аларды кийин СЖКМТга киргизүү менен белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү документтер даярдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2017-жылдын 4-июлундагы № 419, 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмдөрдүн билдирмелеринин негизинде сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419, 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Сатып алуулар жол-жобосунун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган тийиштүү санаториялык-курорттук мекемелер менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзөт, анын шарттарында милдеттүү түрдө санаториялык-курорттук мекемелердин ыйгарым укуктуу органына дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылоодон өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга "Жолдомого карата кайтаруу талондорун" бергендиги жөнүндө алардын милдеттенмелери каралууга тийиш.
Жолдомолордун бир бөлүгү - толук наркы боюнча, ал эми бир бөлүгү 50 жана 30 пайыздык жеңилдетүүнү эске алуу менен сатып алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Ишеним кат боюнча сатып алынган жолдомолор андан ары аймактык бөлүмгө өткөрүп берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын Социалдык камсыз кылуу департаментине берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жолдомолорду берилген билдирмелерге ылайык ишеним кат боюнча жана паспорту бар болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын Социалдык камсыз кылуу департаментинен алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Келип түшкөн жана берилген жолдомолорду эсепке алуу саны, номиналдык наркы, максаттуу багыты боюнча так отчеттогу бланктарды эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт, мында санаториялык-курорттук мекеменин аталышы, жолдомонун датасы жана номери көрсөтүлөт.
18. Толтурулбаган жолдомолорду берүүгө, аларды башка адамдарга сатууга жана берүүгө, ошондой эле ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерсиз жолдомолорду башка багыт боюнча берүүгө тыюу салынат.
19. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Жолдомолорду эсептен чыгаруунун негизи болуп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жолдомолорду алууга болгон арызы жана пайдаланылган жолдомолорду кесип алынган кайтарылма талондору эсептелет.
21. Аймактык бөлүмдөр санаториялык-курорттук мекемелердин администрациясы аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын дарыланууга өз убагында келишин милдеттүү түрдө текшеришет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам санаториялык-курорттук мекемеге келбеген учурда анын себеби аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан териштирилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам дарыланууга келе албаган учурда, жолдомо өз убагында алынып жана кийинки кезектеги адамга берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жоопкерчилик
22. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартибинин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)