Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 426 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары (мындан ары - мамлекеттик органдар) аткаруучу башкаруу функцияларынын негизги максаттарын жана принциптерин, тизмесин түзүү жана жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) мамлекеттик органдын функциясы - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу мамлекеттик органдын бөлүштүрүлгөн бийлик ыйгарым укуктары аркылуу коюлган милдеттерди жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз иштөөсү;
2) мамлекеттик органдардын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестри - мамлекеттик башкаруу функцияларынын типтери боюнча классификацияланган мамлекеттик органдардын функцияларынын системалаштырылган тизмеси;
3) мамлекеттик органдын функциясынын регламенти - мамлекеттик органдагы функцияларды аткаруу боюнча аракеттердин аныкталган тартибинин милдеттүү жол-жоболорун белгилөөчү, мамлекеттик органдын функциясын аткаруу боюнча талаптардын жана шарттардын системалаштырылган тизмеси;
4) мамлекеттик органдын функциясын типтештирүү - бирин-бири толуктоочу байланыштар жана/же бири-бири менен болгон байланыштардын негизиндеги критерийлерге же аныкталган белгилери боюнча топторго бөлүү жолу менен функцияларды системалаштыруу.
3. Мамлекеттик органдардын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестри (мындан ары - бирдиктүү реестр) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде бекитилген ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча функциялары жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү базасын электрондук жана кагаз жүзүндөгү форматында камтыган бирдиктүү маалыматтар базасынан турат.
4. Бирдиктүү реестрди түзүү жана жүргүзүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик органдардын функциясын эсепке алуу системасын түзүү;
2) мамлекеттик органдардын системасында мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу;
3) мамлекеттик органдардын функцияларын жана түзүмүн оптималдаштыруу;
4) мамлекеттик органдардын функцияларынын регламенттерин иштеп чыгуу.
5. Бирдиктүү реестрди түзүү жана жүргүзүү төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) бирдиктүү реестрге функцияларды киргизүүгө жана аныктоого коюлган талаптардын бирдейлиги;
2) бирдиктүү реестрге киргизилген функциялардын ченемдик негиздери жана толуктугу;
3) бирдиктүү реестрге киргизилген баардык өзгөртүүлөрдүн ченемдик негиздери;
4) бирдиктүү реестрдин бардык кызыктар тараптар үчүн ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
5) бирдиктүү реестрде камтылган функциялар жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз актуалдаштыруу.
6. Бирдиктүү реестрди түзүү төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) мамлекеттик органдар тарабынан функциялардын ведомстволук реестрин инвентаризациялоо жана даярдоо;
2) функциялардын бирдиктүү системалаштырылган реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынын ведомстволук функциялардын реестрин кароо, корутунду даярдоо жана кабыл алуу, зарылдыгына жараша сунуштарды жана эскертүүлөрдү даярдоо;
3) ведомстволук функциялардын реестринин негизинде бирдиктүү реестрдин долбоорун түзүү;
4) бирдиктүү реестрди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү;
5) бирдиктүү реестрди жүргүзүү, ченемдик укуктук актылардагы өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү, бирдиктүү реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
7. Бирдиктүү реестрди жүргүзүү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
8. Ушул Жобонун колдонулушу:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмекке) кирген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функцияларына жайылтылбайт;
2) Функциялардын ведомстволук реестрин даярдоо жана инвентаризация бөлүгүндө, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин тескөөчү мамлекеттик органдарга жайылтылат.
Коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин тескөөчү мамлекеттик органдардын функциялары бирдиктүү реестрге кирбейт.
2. Ведомстволук функциялардын реестрин инвентаризациялоо жана даярдоо тартиби
9. Мамлекеттик орган аткарылуучу функцияларды инвентаризациялайт.
Мамлекеттик функцияларды инвентаризациялоо мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен түзүлгөн ведомстволук комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссия өз ишин ушул Жобонун негизинде ишке ашырат.
Комиссияны мамлекеттик органдын статс-катчысы/аппарат жетекчиси башкарат.
10. Комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ар бир функциянын ченемдик негизделүүсүн сыпаттоо менен мамлекеттик органдын функцияларын талдоо жана инвентаризациялоо;
2) функцияларга жана алардын типтерине тиешелүү критерийлерге шайкеш келүүсүн аныктоо;
3) андан ары функцияларды регламенттөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
4) функцияларды аткаруу менен байланышкан мамлекеттик органдын түрдүү аппараттык түзүмдөрүнүн аракеттеринин негиздүүлүгүн аныктоо;
5) мамлекеттик органдар аткаруучу функциялардын алгачкы тизмесин түзүү;
6) мамлекеттик органдын функцияларында өз убагында эске алуу зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү аныктоо;
7) бирдиктүү реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо;
8) мамлекеттик органдын функцияларын аткаруу менен байланышкан башка маселелер.
11. Функцияларга алгачкы инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген компетенцияга ылайык мамлекеттик органдын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди талдайт жана топтойт.
12. Мамлекеттик органдын бир эле убакта төмөнкү критерийлерге жооп берген иши функциясы катары аныкталуусу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда жана юридикалык жактан жогорку күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде бекитилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу менен байланышкан;
2) юридикалык же жеке жактардын кайрылуусу (арызы) менен байланышкан укуктук мамилелерди токтотууда же өзгөртүүдө, же болбосо документтештирилген маалыматтардын (документтин) пайда болуусунда (берүүдө) аракеттерди аткаруу жана (же) чечим кабыл алууда билдирилүүчү;
3) бир гана аракет менен сүрөттөлүүчү;
4) мамлекеттик органдын системасына кирген уюм жана ишканалардан башка органдарды же уюмдарды катыштырбай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан гана аткарылуучу.
5) бир нече жолу же үзгүлтүксүз негизде аткарылуучу;
6) белгиленген натыйжасы (продукту) жана керектөөчүсү болсо;
7) аткарылышы регламенттелүүчү.
Белгиленген критерийлердин бирөөсүнүн талабына жооп бербеген иш функциялардын алгачкы тизмесине киргизилбейт.
13. Комиссия документтердин тизмесин иликтөөнүн жана талдоонун негизинде мамлекеттик функциялардын алгачкы тизмесин түзөт.
Мамлекеттик органдардын функцияларынын алгачкы тизмеси таблица түрүндө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен түзүлөт:
1) функциянын аталышы;
2) функция негизделип аткарылып жаткан ченемдик укуктук актынын, анын ичинде берененин жана пункттун аталышы.
14. Мамлекеттик органдын функцияларынын алгачкы тизмесине кирген функциялардын формулировкасы бирдиктүү синтаксистик стандартка (жазуулардын бир маанидеги формулировкасына) жооп берүүсүн текшерүү керек. Бул функцияларды формулировкалоодо алгачкы тандоодон өткөрөт.
Мында ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген сунуштаманы жетекчиликке алуу зарыл.
15. Комиссия функциялардын алгачкы стандартташтырылган тизмесинин негизинде мамлекеттик органдын функцияларынын типтештирилген ведомстволук тизмесин түзөт.
Функцияларды типтештирүү үчүн тизмеге киргизилген ар бир функция ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген мамлекеттик башкаруунун жалпы функцияларынын критерийлерине жооп берүүсүнө кошумча талдоого алынат.
16. Комиссия өз ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик функциялардын ведомстволук реестринин долбоорун түзөт.
Функциялардын ведомстволук реестри таблица түрүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын функциялары жөнүндө жазуулардын тизмесинен турат.
Ведомстволук реестрге киргизилген ар бир жазуу төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө камтыйт:
1) катар номерин;
2) функциянын аталышын;
3) функциянын тибин;
4) мамлекеттик функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук актты.
Ведомстволук функциялардын реестрине киргизилген жазуулардын мазмунуна болгон талаптар ушул Жобонун 3-тиркемесинде берилген.
17. Ведомстволук функциялардын реестрин мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет жана ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы эксперттик топтун (мындан ары- эксперттик топ) кароосуна жөнөтүлөт.
3. Бирдиктүү реестрди түзүү тартиби
18. Мамлекеттик органдардын функцияларынын ведомстволук реестри эксперттик топ тарабынан каралат.
Эксперттик топтун иш тартиби ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилген жобо менен аныкталат.
Эксперттик топтун ишин ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
19. Эксперттик топтун кеңешинде кароо үчүн мамлекеттик органдын функциясынын ведомстволук тизмесине төмөнкүдөй материалдар кошо тиркелет:
1) тиешелүү ченемдик укуктук актынын тизмесин көрсөтүү менен тиешелүү функцияны бирдиктүү реестрге киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат;
2) функциялардын ар бир тибине белгиленген критерийлерге шайкештиги жөнүндө таблица;
20. Мамлекеттик органдар көрсөткөн функциялардын ведомстволук реестрин кароонун жыйынтыгы боюнча эксперттик топ тиешелүү чечим (корутунду) чыгарат.
Зарылдыгына жараша мамлекеттик органдын функцияларынын ведомстволук реестри эксперттик топтун сунуштарын жана сын пикирлерин эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлөт.
Төмөнкүдөй кемчиликтер сын пикирлердин себеби болушу мүмкүн:
1) функцияга туура эмес синтаксистик аныктама берүү (сүйлөмдүн түзүлүшү);
2) функциянын тибин туура эмес аныктоо;
3) функциялардын ведомстволук реестрине киргизүү үчүн жетиштүү ченемдик негиздердин жоктугу;
4) функцияларга жана алардын типтерине коюлуучу талаптарга жооп берүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту аткаруу боюнча иш функциясын (функция катары) ведомстволук тизмеге киргизбөө;
5) мамлекеттик функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук акты жөнүндө туура эмес маалыматтардын көрсөтүлүүсү.
Ар бир сын пикир негиздүү болуусу жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сын пикир берүү үчүн негиз болгон конструктивдүү сунуштар менен коштолуусу керек.
21. Экспертизадан өткөн мамлекеттик органдардын функцияларынын ведомстволук тизмесинин негизинде ыйгарым укуктуу орган эксперттик топтун катышуусу менен бирдиктүү реестрдин долбоорун түзүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна жиберет.
22. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын оң корутундусун алгандан кийин жана тиешелүү сунуштарды эске алуу менен бирдиктүү реестрди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизет.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бирдиктүү реестрди бекиткенден кийин жана ага өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген соң ар бир мамлекеттик орган 10 күндүк мөөнөттө тиешелүү функциялар жөнүндө коомчулукка маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
Коомчулукка маалымат берүү басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары, теле жана радио, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайттары аркылуу ишке ашырылат.
4. Корутунду жоболор
24. Бирдиктүү реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ушул Жобонун 2 жана 3-бөлүмдөрүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
25. Бирдиктүү реестрди түзүү принциптери жана тартиби Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн функциялардын тиешелүү реестрлерин түзүүдө колдонууга сунушталат.
|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Функциялардын формулировкасын стандартташтыруу
1. Функциялардын формулировкасы стандартташтырылышы керек жана төмөнкү синтаксистик критерийлерге шайкеш келиши зарыл:
- функциялардын формулировкаларынын бирдейлиги;
- кайталанма функциялардын болбошу.
2. Функциялардын формулировкаларынын бирдейлигин камсыздоо үчүн төмөнкү шарттарды сактоо талап кылынат:
1) функциянын аткарылышы сүрөттөлгөн иш-аракет этиш же минималдуу агрегирленген мааниси менен этиштен жасалган зат атооч менен берилиши керек.
Мисал катары, минималдуу агрегирленген маанидеги этиштерге төмөнкүлөр кирет: "киргизет", "каттайт", "берет", "кабыл алат", ал эми максималдуу агрегирленген маанидеги этиштерге төмөнкүлөр кирет: "координацияланат", "көмөктөшөт", "өркүндөтөт", "өз ара аракеттенет".
2) функция бир гана иш-аракет менен сүрөттөлүшү мүмкүн, функцияны формулировкалоодо этиштерди (же этиштен жасалган зат атоочторду) бир өңчөй мүчө катары санап өтүүгө жол берилбейт.
Бул учурда мамлекеттик органдын эки же андан көп функциясы каралат, же болбосо мамлекеттик органдын бир функциясын аткарганын билдирген бир жалпы аракет көрсөтүлөт;
3) каралып жаткан иш-аракет уюм жана ишканалардан башка органдарды же уюмдарды андан ары катыштырбай, мамлекеттик орган тарабынан гана аткарылат.
Ушул иш-аракетти башка орган тарабынан (бул учурда тең аткаруу жана тең аткаруучу мамлекеттик органдын функцияларында тикелей көрсөтүлөт) бир эле убакта тең аткаруу мүмкүнчүлүгү буга кирбейт.
Мисал катары, иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо функцияларын мамлекеттик органдардын жоболоруна киргизүү боюнча терс практиканы келтирүүгө болот, ал эми иш жүзүндө лицензияларды ведомстволук мекемелер берет;
4) формулировкада колдонулуучу аракеттер бир нече жолу же эң эле болбогондо, үзгүлтүксүз негизде аткарылат.
Иш-аракеттин үзгүлтүксүз (же бир нече жолку) талаптары "иш-чаралар", "тапшырмалар" түрүндө ишке ашырылуучу мамлекеттик органдын ишинин көптөгөн функцияларынын ылгоо критерийи болуп чыгат.
3. Мамлекеттик органдын функцияларынын жаңы формулировкасында төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) функцияларды аткаруунун натыйжасы (продукт). Функциялардын натыйжасы (продукт) катары ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, лицензиялар, сертификаттар, отчеттор, эскертүүлөр жана башка ушул сыяктуу документтер көрсөтүлөт;
2) бул мамлекеттик орган үчүн натыйжаны сырттан алуучу, иш-аракеттин объекти же каралган иш-аракеттин контрагенти.
Натыйжаны алуучу катары жактардын категориялары ("лицензиаттар", "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар", "декларанттар" ж.б.), же болбосо конкреттүү алуучулар (конкреттүүлүк алуучуну көрсөтүү менен аныкталат, мисалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) көрсөтүлүшү мүмкүн. Конкреттүү алуучулар болуп мамлекеттик органдар, комиссиялар, кеңештер, эл аралык уюмдар чыгышы мүмкүн;
3) Функцияларды колдонуунун конкреттүү чөйрөсү.
Бул функциянын ээсинен тышкары эч бир орган (эгерде ал тең аткаруучу болуп көрсөтүлбөсө) бул предметтик чөйрөдө ушул функциянын аткаруучусу катары чыга албайт.
Функциянын формулировкасында жалпыланган предметтик чөйрөлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес, мисал үчүн "саламаттыкты сактоо", "улуттук коопсуздук", "билим берүү" жана башка талдоого алынган органдын иши жалгыз деп саналбаган чөйрөлөр.
Функцияларды формулировкалоодо көрсөтүлгөн элементтердин катыштыгын белгилөөнүн аныкталган эрежеси бар. Эреже катары, функцияны аткаруунун натыйжасы, натыйжаны алуучу жана функцияны колдонуу чөйрөсү бир формулировкада чанда гана бирге көрсөтүлөт. Функциянын формулировкасын куроо практикасы эки вариантка токтолгон:
биринчи вариант: Иш-аракет + иш-аракеттин натыйжасы (функциянын чыгышы) + натыйжа алуучу (иш-аракеттин контрагенти/иш-аракеттин объектиси);
экинчи вариант: Иш-аракет + иш-аракеттин натыйжасы + бир мааниде идентификациялануучу колдонуу чөйрөсү.
Акыркы учурда натыйжа алуучу көрсөтүлбөйт, анткени функция жактардын чексиз чөйрөсүнө жайылтылат же аны идентификациялоо иш-аракеттин мүнөзүнөн, жетишилген натыйжасынан жана колдонуу чөйрөсүнөн алынат.
Биринчи варианттын үлгүсү: "лицензиаттар тарабынан лицензиялык шарттардын сакталышын контролдойт".
Экинчи варианттын үлгүсү: "Кыргыз Республикасынын массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт".
4. Функциялардын формулировкасын стандартташтыруунун жүрүшүндө функциялардын формулировкалары гана такталбастан, кайталануучу функциялар жоюлат. Ал "бир натыйжа - бир иш-аракет" же "эки башка функцияда жалпы натыйжа болушу мүмкүн эмес" деген эрежени колдонуунун эсебинен аткарылат.
Бул иштин натыйжалары 1.1-таблицада чагылдырылат.
1.1-таблица
Мамлекеттик органдардын функцияларынын стандартташтырылган тизмеси
№ | Документтердин тексттеринен бөлүнүп алынган функциялардын алгачкы формулировкасы | № | Бирдиктүү синтаксистик стандартка келтирилгенден кийин функциялардын формулировкасы |
1 |
| 1.1. |
|
1.2. |
| ||
… |
| ||
2 |
| 2.1. |
|
2.2. |
| ||
... |
| ||
... |
| ... |
|
|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Функцияларды типтештирүү
1. Мамлекеттик органдардын функцияларынын жалпы тибине төмөнкүлөр кирет:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу;
2) контролдоо жана көзөмөлдөө;
3) жөнгө салуу;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
5) колдоо.
Айрым функцияларды саналып өткөн типтерге бөлүштүрүүдө, ал функциялардын төмөнкү критерийлерине таянуу керек:
"Тармактык саясатты иштеп чыгуу" тибинин функциясынын критерийи:
1) предмет: мамлекеттик органдардын иш чөйрөсүндөгү коомдун жана мамлекеттин көйгөйлөрү;
2) мамлекеттик бийликтин жогору турган органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу менен байланышы;
3) продукттун пайдалануучулары: бийликтин жогору турган органдары жана мамлекеттик саясаттын башка субъекттери;
4) пайдалануучулардын суроо-талабысыз мамлекеттик бийликтин жогору турган органдарынын чечимдерин аткаруунун алкагында жана демилге түрүндө аткаруу;
5) акыркы продукттар: мамлекеттик саясаттын документтеринин долбоорлору (мыйзамдар, токтомдор, стратегиялар, программалар, стандарттар, ченемдер, ошондой эле аналитикалык документтер, Кыргыз Республикасы боюнча топтомо отчеттор).
"Контролдоо жана көзөмөлдөө" тибинин функциясынын критерийи:
1) предмет: мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын текшерүү;
2) аткарууга милдеттүү болгон мамлекеттик бийликтин чечимдерди кабыл алуу менен байланышы;
3) продукттун пайдалануучулары: бийликтин жогору турган органдары, контролдоо субъекттери.
4) пайдалануучулардын кайрылуулары талап кылынбайт;
5) акыркы продукттар: акттар, отчеттор жана текшерүүлөрдүн, аудиттин, жазма эскертүүлөрдүн протоколдору.
"Жөнгө салуу" тибинин функциясынын критерийи:
1) предмет: иштин белгилүү чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо;
2) мамлекеттик бийликтин чечимдерди кабыл алуу менен байланышы;
3) продукттун пайдалануучулары: айрым юридикалык жана жеке жактар;
4) айрым юридикалык жана жеке жактардын кайрылуулары боюнча аткаруу (юридикалык жана жеке жактардын милдеттерин ишке ашыруу);
5) акыркы продукттар: уруксат кагаздары, лицензиялар, сертификаттар.
"Колдоо" тибинин функциясынын критерийи:
1) предмет: мамлекеттик органдардын негизги функцияларын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелер;
2) мамлекеттик бийликтин чечимдерди кабыл алууга байланышынын жоктугу;
3) продукттун пайдалануучулары: мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү;
4) пайдалануучулардын кайрылуулары талап кылынбайт;
5) акыркы продукттар: администрациялык-чарбалык чечимдер (кадрдык, финансылык, материалдык-техникалык, укуктук камсыздоо ж.б.у.с.).
2. Типтештирилген функциялардын мисалдары болуп төмөнкүлөр боло алат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функцияларына стратегиялык пландоо, мыйзам чыгаруу, стандарттарды жана талдоонун ченемдерин иштеп чыгуу, тармактык саясатты баалоо, болжолдоо сыяктуу функциялар кирет;
2) жөнгө салуу функцияларына лицензиялоо, сертификаттоо, уруксат кагаздарын берүү, аккредитациялоо сыяктуу функциялар кирет.
3) көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларына инспекциялоо, стандарттарга, техникалык регламенттерге, жабдуулардын параметрлеринин жана ченөө приборлорунун шайкештигин контролдоо, ошондой эле ченемдерди, жол-жоболорду жана тартиптерди сактоону текшерүү жана аудит;
4) колдоо функцияларына финансылык менеджмент (бухгалтерия), адам ресурстарын башкаруу (персоналды эсепке алуу жана окутуу), маалыматтык камсыздоо (пресс-кызматы, маалыматтык технологиялар кызматы), уюштуруу-техникалык камсыздоо, натыйжалуулуктун аудити сыяктуу функциялар кирет.
Мамлекеттик органдардын функцияларынын келтирилген тизмеси акыркы болуп эсептелбейт жана мамлекеттик органдардын функцияларынын башка типтери түзүлүшү мүмкүн. Бул үчүн өзүнчө критерийлер тобун түзүү мүмкүн болгон бир нече функциялар болушу керек.
Бул иштин натыйжасы 2.1-таблицада чагылдырылат.
2.1-таблица
Функциялардын тиби боюнча классификациялоо
_______________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
№ | Функциянын тиби | № | Функциянын аталышы |
1 |
| 1.1 |
|
... |
| ... |
|
2 |
| 2.1 |
|
... |
| ... |
|
... |
| ... |
|
|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларынын системалаштырылган бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Функциялардын ведомстволук реестринин жазууларынын форматынын мазмунуна коюлуучу ТАЛАПТАР
1. Функциялардын ведомстволук реестри функциялар жөнүндө жазуулардын тобунан турат жана таблица түрүндө жүргүзүлөт. Таблицанын ар бир жазуусу төмөнкү тилкелерден турат:
1) катар номери;
2) функциянын аталышы;
3) функциянын тиби;
4) функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук акт.
2. "Катар номери" тилкесинде функциялардын ведомстволук реестрдеги функциянын катар номери көрсөтүлөт.
Ар бир функциянын номери функциялардын типтеринин номеринен жана ушул типтин алкагындагы функциянын номеринен турат жана алар чекит менен ажыратылат.
3. "Функциялардын аталышы" тилкеси төмөнкү варианттардын бири менен берилет:
1) функцияны аткаруу боюнча ыйгарым укукту белгилөөчү ченемдик укуктук актынын текстинин формулировкасы, эгерде ушул актта функциянын аталышы түздөн-түз көрсөтүлсө;
2) мамлекеттик орган көрсөткөн формулировка, эгерде функцияны аткаруу боюнча ыйгарым укукту белгилөөчү ченемдик укуктук актынын текстинде киргизилген функциянын аталышы түздөн-түз көрсөтүлбөсө.
4. "Функциянын тиби" тилкеси төмөнкү функциялардын бирин камтышы керек:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу;
2) контролдоо жана көзөмөлдөө;
3) жөнгө салуу;
4) колдоо.
5. "Функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук акт" тилкеси функцияны аткаруу боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укугун белгилөөчү ченемдик укуктук акты жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
Функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук акты жөнүндө маалыматтар ченемдик укуктук актынын түрүн, датасын, номерин, аталышын, ошондой эле берененин пунктуна (бөлүгүнө) же ыйгарым укугун түздөн-түз белгилөөчү ченем камтылган ченемдик укуктук актынын беренесине шилтемени камтыйт.
Бул иштин натыйжасы 3.1-таблицада чагылдырылат.
Функциялардын түзүлгөн ведомстволук реестрин 3.2-таблицаны колдонуу менен белгиленген критерийлерге шайкештигин текшерүү керек.
3.1-таблица
Функциялардын ведомстволук реестри
___________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
№ | Функциянын аталышы | Функцияны белгилөөчү ченемдик укуктук актылар |
1-тип. Тармактык саясатты иштеп чыгуу | ||
1.1 |
|
|
1.2 |
|
|
… |
|
|
|
|
|
3.2-таблица
Функциялардын ведомстволук реестринин функциялардын белгиленген критерийлерине шайкештиги
___________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
№ | Функциялардын аталышы | Критерий | Шайкеш келет/шайкеш келбейт | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | |||
1 |
| +/- | +/- | +/- | +/- | +/- | +/- | +/- | Жок/Ооба |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1-критерий - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда жана юридикалык жактан жогорку күчкө ээ болгон башка укуктук ченемдик актыларында бекитилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу менен байланышкан функция;
2-критерий - иш-аракеттерди жасоо жана (же) укуктук мамилелердин пайда болушуна, өзгөрүшүнө же токтотулушуна алып келүүчү чечимдерди кабыл алуу же жеке жана юридикалык жактын түздөн-түз кайрылуусу (арызы) менен байланышпаган документтелген маалыматтын (документтин) пайда болушу (өткөрүп берүүсү) менен чагылдырылат;
3-критерий - функция бир гана иш-аракет менен сүрөттөлүшү мүмкүн; мамлекеттик функциялардын формулировкасында этиштердин (же этиштен жасалган зат атоочтордун) тизмесин бир өңчөй мүчө катары пайдаланууга уруксат берилбейт;
4-критерий - функция мамлекеттик органдын жеке өзү тарабынан гана, башка органдарды же уюмдарды ишке тартпастан же андан аркы катышуусуз аткарылат, буга мамлекеттик органдын системасына таандык болгон уюмдар жана мекемелер кирбейт;
5-критерий - функциянын формулировкасында пайдаланылган иш-аракет дайыма жана бир нече жолку таризде аткарылат;
6-критерий -функциянын белгилүү натыйжасы (продукт) жана керектөөчүсү бар;
7-критерий - ушул функцияны аткарууну регламенттөө мүмкүнчүлүгү бар.